ТӨЛӨГӨН КАСЫМБЕКОВ
КЕЛКЕЛ (ТАРЫХЫЙ РОМАН)
А күн бою жамыраган көп эл тоо арасын жергуй, таш коңулу калбай кырка тарта аңтарышып сыйпалап тинтип чыгышты. Зоо жарыктарын, үңкүр болуп калган мөңгү алдына сойлоп киришти, аркан байланып көк касаба муздун жаракаларына түшүп көрүштү. Жок. Үч күн бою көптүн арасында бирде алдыда, бирде артында кошо илешип, кошо чарчап, кошо кейип, кара киши жүрөт. Көп да жанына жуубай, көп да аны көздөн үзбөй бир солдат көзөмөлдөп алган. Эл дуулдап, эчтеме таппай кайра келет. Повало-Шыйковский төрө кайра издөөгө буйрук кылат, кайрып кайра артына салат. Көпчүлүк бир шыбактын түбүн үч айланып карашты. Жок, эч бир калдыгы колго кирбейт. Ийне болуп кетсе не болду?!
Кара киши да көлшал. «Э-э, бизди бөөдө кыйнап атышат. Кайдан тапмакпыз, кокуй?!
Кытайга өтүп кетиштиби Индстанга өтүп кетиштиби, ким билет кайсы кара көргө кирип кетишкенин?!» деп, көп ичинде бакылдайт, сөгүнөт. А тигиндейректе бир солдат мылтыгын таянып, тегерене караган болуп, аны көздөн качырбайт. Жадаган окшойт, «маалкатпай көрсөт эми» дегендей, солдаттын көзү кыжырлуу. Кара киши бир нече жолу өлүк жаткан жерге имерчиктеп келди, бирок жанаша жүргөн кишилер баары эле аны бакылап жүрүшкөндөй, солдатка берер белгини андып эле турушкандай, бир нече жолу көрсөтө албай кайра тартып кетти. «Йе, кокуй көрсөтпөй койсом мени кудай алабы?!» деп ичинен, кайра жүз толгонуп ойсанаасы: «Бу бектерди көгөнгө тизгендей оруска байлап бермейинче бизге бак тийбеейт!» деп, көгүнө таянат.
Төртүнчү күнү күн жайылган чен эле. Көптүн ичинде баратып, ал баягы жерге келип, кейип отура калып, өтүгүн чечип, карбаластап кайра кийип, көпчүлүк жанынан суюла түшкөндө ордунан туруп, кагынган болуп, үч мерте тээп өттү. Нары ченде мылтыкчан солдат» мурутун салаңдатып, көз кыйыгын салып, чылым ороп турган.
Түш ченде солдат ошол жерди мылтыктын найзасы менен сайгылап көргөн болуп, жыт алган болуп искеп көрүп, анан тарсылдата эки жолу көккө мылтык атты да, эл дуулдап келгенде ошол жерди каздырды. Сегиз бакылоочунун кара күйүндү сөөгү ошол көмүлгөн жеринен табылды.
Курманжан датка айымдын балдары Маамытбеги, Батырбеги, Асанбеги, тун уулунан калган небереси Мырзапаясы баш болуп, жыйырма үч киши камакка алынды, Сурак катыран, бирок кармалгандардын бири да мойнуна албай, куранга коюп карганып жатышат. Ким өлтүргөн?
Эмне үчүн өлтүргөн? Бул жагы али белгисиз, көрдүм деп күбө өтө далилдеген киши жок.
Ушу беймаза бир түнү баягы кара көлөкө дагы түн жамынып, дагы аягы шырп дебей, дагы дубал түптөй жыла басып аскер губернаторунун идарасына келди. Повало-Шыйковский төрө аны көрүп, кадыресе кубанып, дароо тилмечин чакыртты.
— Дос,— деп кеп баштады губернатор,— сен бизге, урматы улук ак паша атабызга баа жеткис зор кызмат көрсөттүң. Биз сендейди дос дейбиз,— деди жумшактап, сурар сөзүнө ыктата. — Карачы эми, урматы улук ак паша атабыз сый-урмат дегенди эч аяган эмес булардан, а бул сур кемпирдин балдарынын жоругун карачы?! Бул эмне?! Урматы улук ак паша атабыздын ак көңүлүн, анын айкөл жоомарттыгын баалай алышпайт. Бул сый-урматты дагы эле атасынан калган тонундай көрүшөт, Мына эми ал тон сыйрылат.
Тиги дагы эле аяр, төрөнүн сөзүн дагы эле кымырыла тымпыйып угуп, кубанып да кетпей, анын «дос» деген сөзүнүн канча астейдили, канча баркы бар экенин өз ичинен тымызын калчап, «керек кезинде алдыртан болсо да бир көмөгүн көрсөтүшөт экен» деген ойго көңүлү жылып отурду. Ал ошол кымырылган түрүндө:
— Ыя, эмне үчүн Камчыбек али камалбады, ушуну сураңчы? — деди акырын тилмечке, ыраазы болбогондой суз кейпи ушундан экен.
Повало-Шыйковский төрө башын ийкей отуруп:
— Кыйын болуп жатат, дос, баарын эле камап салышка. «Бу жалаа, бирөө өлтүрүп алып, бизге оодарып жатат» дешкп жатышат. Нары үстүнө өткөн жылы чек ара бакылоочулар жоголгон учурда Камчыбек ал Алай багытыида жок экен, ошон үчүн камакка кириптер кылынбады,— деп, чынын айтты. — Бирок, аягы кандай болуп кетерин ким билет, сурак бүтө элек.
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.