ТӨЛӨГӨН КАСЫМБЕКОВ
КЕЛКЕЛ (ТАРЫХЫЙ РОМАН)
Тиги дагы тымпынып, мисирейип, жер тиктеп, өкүнүч туйдура башын өзүнчө чайкап, айласы куругансып кыңырылды. Повало-Шыйковскнй мындан дагы бирдеме чыга турганын сезип калды. Тиги да төрөнүн көңүлүн байкап, убагын кетирбей, суратпай:
— Э-э... өлтүргөн так ошо Камчыбек... — деп, күңкүлдөдү туталана, кейий. — Өлгөн төрөлөр ошо Камчыбектин көчүн кармаган. Бермет издептир дешет ко. Э-э, адисинен аша көпкөн, мыктысынган немелер кимге берип коюшмакчы андай алыстан алдырган асыл дүйнөсүн?!
— Дос, мен өзүм билем, Камчыбек ошол учурда мейман үй салдырып, ушул Ошто жүргөн.
Ушул жери саал калпыс эмеспи? — деп тактады төрө.
— Вай, төрөм ай... —деп башын чайкап, ордунан бир тура калып, кайра отура калды тиги.
— Кудайдын көөдөй түнүндө кайда жүргөнүн билесиз, вай, азиретим ай?! Кылгылыкты кылган соң кайра Ошто болуп калбай жаны жокпу, кокуй?! Ишенесиз а, вай, төрөм ай...
— Дараут-Коргон менен Ош эки жүз чакырым жер!
Тиги төрөнүн ишенбей койгонуна шагы сынып, дагы мисирейе жер тиктеп, дагы жыйрылган таш кирпидей кымырылып, аярланып отуруп калды. Кайра түтпөй:
— Айтың,— деди тилмечке бир убакта,— айтың төрөгө, сынамакка Камчыбектин жоргосун бир калыска алып берип көрсүн. Бул жол боз жоргого жол эмес. Бир түндө эки барып, эки келсе болот...
Аскер губернатору тилмечи экөбү өзүлөрүнчө көпкө сүйлөшүштү. Бир убакта:
Мейли дейт төрө, баарын текшерип көрөбүз дейт,— деди тилмеч. «Мунун баары менин сөзүм» деген сыяктуу башын ийкеп турду Повало-Шыйковский төрө.
Кара көлөкө акырын артына кетенчиктеп, акырын улам баш урунуп, дагы аягынан шырп эткен дабыш угузбай, идарадан чыгып кетти.
Түн караңгы, ал короонун чоң дарбазасындагы күзөтчүгө бир жүгүнүп, анан тездеп, дагы дубал түптөн караңгыга жнтип кете турган болуп калганында артынан:
— Карасакал,— деди бирөө акырын. Ал селт дей түштү. Ээрчип чыккан эки уурту эки кулагынын түбүнө жете тартыла сырдуу жымыят, эмелеки эле төрөнүн тилмечи.
— Ой, айланайын... мени кайдан тааныйсың, айланайын? — деп жиберди Карасакал.
Тилмеч башын ийкеп койду.
— Ыя? Төрө да билеби менин атымды?
Тилмеч башын чайкап койду.
— Айта көрбө, айланайын, мусулман турбайбызбы...
Тилмеч:
— Курманжан датка айымдын балдары билип калса... — деп томсоруп койду.
Ушул жерде нес боло сендиректей түштү Карасакал. Ошол! Баягы Ионов төрө менен барган неме ушул. Бир кочуш алтынын бөөдө шыпырып кеткен неме ушул. Жалынганың да мусулманчылыгың да өтпөйт. Жан арга бирөэ гана мындайда! Эки көзү чакчайып, акактап:
— Эми, мырза, оозуңду эки алаканың менен жап, куру жалынбайм, оозуңдан май кетирбейм, кармаганыңды карк алтын кылам... — деп, тула бою калчылдап, тилмечтин жакасына жабышты.
Тилмеч:
— Биз эски таанышпыз,— деди, атайы тактап, бул жаңжалдын тегин атайы бүшүркөп, аны темир казыкка атайы байлап, анан бир сөзгө келишсе боло турганын сездире атайы күлүңдөп койду.
Карасакал:
—Эми, мырза, ошент, оозуңду жап, айтып коёюн, ыраазы кылам...
Тилмеч кылтыя эки ийнин кысып койду.
Көңүлү биртке тына калды. Жаткан жолборско катылган мышыктын куу чеңгелине кабылды-ым...» деп, сыйпаларга чарасы калбай өзегү сыздады, бирок «Эми мени бүкүлү жеп коёт...» деп ындыны өчө. Онойлук менен муну ыраазы да, топук да кылдыра албасына ошондо эле көзү жетти.
Повало-Шыйковский төрө эртеси күнү эле Камчыбекти идарасына чакырды. Өңдү көрсө жүз таят, нечен сыйын көрүп, туз даамдашып жүргөн, катуу кете албай:
— Бу, бек, иш создугуп кетти го, кандай кылдык эми?.. — деп, Камчыбектин кабагын акмалап, асте кеп баштады.
Камчыбек орусча сабаты чыккан адам болучу. «Силерден башка ким батынат, кылгылыкты кылган сен, көп карышпай албайсыңарбы, мойнуңарга» дегенди түшүндү. Ой басып отуруп:
— Төрөм,— деди улутуна,— өз колун менен кылбасаң да өз элиңдин ичинде, өз жериңдип бетииде ушундай иш болуп отурса, өзүңдөн өзүн күнөөкөр экенсиң. Мен Алайга барып, өзүмчө иликтеп келейин, а балким эл өлтүргөн тышта жүрүп, күнөөсүздөр бөөдө абакта жатпасын. Жо, чын ушулар колдуу болгон иш болсо, мейли, кайра келип көшөртпөй моюндарына алдырайын.
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.