ТӨЛӨГӨН КАСЫМБЕКОВ
КЕЛКЕЛ (ТАРЫХЫЙ РОМАН)
КЫЙЫН КЫЯ
БИРИНЧИ БӨЛҮМ
1895-жыл...
Жыл мезгили күзгө таяп, эл чоң жайлоолордон ылдый тарта көчө баштаган кез.
Улу шашке, эртелеп жүк койгон көч ушул убакта кыйла жол арбытып, эми унаа бели да талый, жай. Мал көрүнбөйт топураган, бейчеки чуулдаган бирөө жок, көч жез буймалуу чиркелишкен төөлөрү, үй уванчы артылган шаа мүйүз жүкчүл өгүздөрү каалгып, те кайдадыр, алыстан туу чоңколдогу жартысы куураган жалгыз арча жактан күкүк бейпил үн сала термейт.
Көч баштаган Курманжан.
Дагы эле тың, бүт өмүрү ушул көк мелжиген улуу тоо үстүндө, ат үстүндө өтүп келаткан киши дагы эле тизгинин өзү кармап, дагы эле омоктуу чапчактай кара бээ минип, кылт этпеген жоргонун жол аяңы менен, дагы эле кадимкисиндей көч алдында жүрөт. Жашы сексен ашып калган убагы. Бу улуу тоо кыйрындагы бир жери бир унаа араң сыйган тар кыя, бир жери тайгак кечүү, бир жери көк муз ашуу көч жолу жыл сайын бирде кеңирсиген кең төр жайлоо башына көтөрөт, бирде төмөндөгү эгиндүү, мөмөсү жерге төшөлгөн, коону балегинде чарт жарылган берекелүү асыл өрөөнгө жакалатып түшүрөт. Бири өз өргөөсүнүн чамгарагы, бири ыйык очогу, нечен кылым бою эч ким жолун торобогон, эч ким тескебеген өз ата конушу.
Эл ичи, чек ара тынч болгон соң биртке гана бакылоочу отряд уу кылышып, давла1 атышып, айына бир жолудан гана Кызыл-Суу тараптан көрүнүп калбаса, же бакылоо ишине шылтоолоп, өзүлөрүнчө сейил тамаша куруп келишпесе, көбүнчө Дараут-Коргондо эле жатышчу. Ушул чек ара бакылана баштаган күндөн бери бир да мерте опурталдуу бир окуя болуп кеткен жок.
Бакылоочу отряд жергилик элге биротоло үйүр алышып, көнүшүп, көп учурда эл жайлоого толгон мезгилде кадимкидей айыл» чылашып, кымыз уулашып, аралашып бейпил жүрө беришчү.
Түн жамынып, бир кара көлөкө акырын дубал түптөп жылып, бакылоочу аскердин турагына келди. Эки көзү чекчейген, кара сакалы уйпаланып кеткен, үрөйү учуп, оозу жарым ачыла акактап алган.
Поручик Коршунов чала уйкулуу көзү менен бир нече жолу имере тиктеп, бу кытай жактан ооп келген кишиби деген ойго да кабылып, бирок «быкылдаган көп кытай тиши ырсайган арык, көзү жапкак, миң жылдап жарым курсак жүргөн алсыз, итиреңдеген кыялы чукул» болушат деп уккан, мунун кебетеси андай эмес — кымызга курсагы керилген, жылкынын тери жыттанган өз кара кыргызы эле окшогонун баамдап, бул эмне мынча түн катып жүргөнүн ойлонду. Уйкусу бузулганына гана өкүнүп, итиркейи келип, тикендей биртке сары муруту түк» төйүп, тарапарандай көкмөк көзүнө каары чыгып:
— Айда муну! Эмне кылып жүрөт бу?! Түн ичинде биздин айланабызда, ыя?! — деп, үйрүдү кабагын. — Ну, көрбөй турасыңбы, бу ушердеги эле өзүбүздүн кара кыргыз го?!
— Куп болот, төрөм! — деп, салаңдаган көк мурут катары солдат тиги эки колун бооруна ала бир да жолу өйдө карабай кымырылып отурган кара кыргызын желкеге түртө баштады.
— А ну, жөнө-ө!...
— Кайра дагы имерилип келсе, бул жерди аскер турагы дейт, биз жооп бербейбиз, атып сал,— деди поручик, Ошол замат кымырылган кара кыргыз алдына бүк түшө.
— Сөзүмдү ук, төрөм... — деп жиберди, кыя көзүн кылыйта өйдө карап, эки уурту ырсайып, бир купуя сыры бар сыяктуу. — Сөзүмдү ук, төрөм... Силерге жүда керек сөз...
Кабагы да, муруту да аны сайын салаңдап, кыжырлана:
— Ту-ур! — деди солдат аны желкеден алып. — Ту-ур, сага сүйлө деп буйрулган жо-ок!
Поручик Коршунов токтой калып, эки көз бир түркүн жымыңдай кишини арбаган бир сыр
туйдуруп турганына кызыгып:
— Ну, эмне? — деп сурап койду, Тиги мелтейип, солдат жакты бир карап алды. Поручик
сөз жашырын экенин сезди да күзөтчү солдатын нары жиберип, чылым ороп чекти!
— Ну?..
Кара түн жамынган кара киши кышылдап, эки көзү чанагынан чыга бүрүшө күңкүлдөп, күйкөлөктөп көп сүйлөдү. Поручик Коршунов бул эл ичинде көп иштеген, чалабула тил билген киши болучу. Кадырлуу «кара кыргыз каныкеси»1 Курманжан датка айымдын балдары чек арадан бермет алып өтүп жатышканын туйду. Карап туруп, кара кыргызга башын чайкап койду.
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.