ТӨЛӨГӨН КАСЫМБЕКОВ

КЕЛКЕЛ (ТАРЫХЫЙ РОМАН)

ТӨЛӨГӨН   КАСЫМБЕКОВ

Ушул тапта Курманжан дар жакка ээгин көтөрө жүз буруп, кош бөйрөгүн мыжыга таянып, бүткөн бою калчылдап, кош айтканы болгондой үнсүз башын ийкеп, бирок оозунан бул оор касыреттен такыр башка кеп чыкты:

—Уулум! Кайратыңдан жанба, уулум! Сал сыйыртмакты мойнуңа. Карызыңды төлөрүң жокпу артыңда?! Калдайган калың тууганың турбайбы?! Сал сыйыртмакты мойнуңа. Өлүм алдында майышты дебейби?! Таба кылбайбы душманың?! - деди, ичтен өксөгөндөй үнү калтырап кетти.

Камчыбек башка сөзгө өтө албай калды.

Үч желдет чыгырыкка коюлган чыйрамы катуу ничке жибек арканды белге сала күчүркөнө тартып кетишти. Чыгырык үнү чырылдап, Камчыбектин тула бою середен өйдө дардын кары устунуна дейре көтөрүлө барып, муунуп, буралып, бир убакта жерге күп эте кайра сулап түштү.

Эл чур дей берди. Жибек аркан бир чыйрамы түлөн келип, чырт үзүлүп кеткен экен. Ким билет, не көкө теңир жан соога кылдыбы, не кантсе да бир күйөрман тууган жанагы жулуңдаган тилмечгей көр дүйнө издеген бирөө аркалуу аркандын бир чыйрамын кестиргенби, не болсо да аркан үзүлгөнү үзүлдү. Эми эмне кылмак эп?

— Кайра!—деди Повало-Шыйковскин.

Эл чуркурап, Курманжан ордунан тура калды:

—Кайра тартылбайт! Күнөө бир, жаза бир. Бир күнөөсү үчүн бир мерте тартылды, өлбөй калды — кудай ага жанын соогат кылганы. Болду. Өкүм салты ушундай.

Өлбөй калса «күнөө бир, жаза бир» делинип калып калары орус салтында да бар болучу.

Ушундай абал болуп калганын, датка айым ошону кармап арага түшүп турганын төрө тилмечсиз эле туюнду. Бирок, ал антип Камчыбекти өлүмдөн куткарып жибере албайт, анткени мисал катары сөзсүз өлтүрүү туурасында генерал-губернатордон катуу көрсөтмө бар. Ал кабагын үйрүп:

— Кайра! Тез! — деди катуу, датка айымдын аар-жүзүнө карабай, салт жүйөсүнө кулак какпай, кайра каршыга, эрегише.

Шашышып, өзүлөрүн күнөөкөр сезип калышкан желдеттер буйдалышып арканды улап, Камчыбектин да, Акбалбандын да мойнуна сыйыртмак салып жиберишти. Чыгырык чыр-р, чыр-р тартылды. Эл туңгуюк дуулдап, кай бирөө эки көзү чанагына чыгып, кай бирөө жүзүн басып үңкүйдү. Чыр-р, чыр-р тартылды чыгырык дар.

Не бир замандарда не бир чакчарылган генерал төрөлөрдү салт жүйөсүнө, сөз маанисине ийгерип келген даткаайым ошол жерде түркүн тууган, түркүн ичи жаман көпчүлүк ичинде көз көрүнөө сынды. Кокустан, капилеттен бир кудай өзү бир карманар аралжы берсе аны жаздым кетирбей айтарын айтып, бирок сөзү арык аттабай, кайта кагуу угуп уулунун жанын өз колунан пыр-р эткирип уча качырып алгандай мустарап болду. Тыякта дар чыгырыктын чырылдаган үнү да, эл арасындагы өксүү, шолоктоо да кулагына кирбей, тиги асылып, узуну чыгып, акырын теңселип туруп калган эки бирдей каралды кайгы боз чалдырган көзүнө бирде экөө, бирде төртө көрүнүп, былк эте албай, ырп эте албай нес болду.

Эл чуу тартып, өкүрүп жиберишти.

—Токто! — деп, бир катуу үн салды Курманжан. Токто... — Үнү дирилдеп, кайыккан кишидеи калчылдап кетти. — Экөөнүн тең сөөгүн арабага салып, Мадыга алпаргыла, ариетин кылып аласыңар ошол жерде. Кың дебе азыр бириң да...

Эл дым болуп калды.

Курманжан жөнөп, тиги бирдеме көңүл айтмакчы болгонсуган Понало-Шыйковский төрөгө токтолбой, каршыга жүзүн үйрүп, нары кимдир бирөө аза белгиси окшогон чымкый кара бээни алдына тарта бергенде унчукпай минди да, коштогоп кишилеринин алдына түшкөн бойдон артын каранбай жүрүп кетти... 

_________________________________________

  1. Д а в л а — бута.

2.     Орус акимдери Курманжанды ушундайча «кара-киргизская царица» деп аташкан.

3.     А т к е з — тышка жашырын дүйнө чыгаруу, контрабанда.

4.     Б а р г ы — урук наамы.

17.02.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.