ТӨЛӨГӨН КАСЫМБЕКОВ
КЕЛКЕЛ (ТАРЫХЫЙ РОМАН)
— Эй,— деп, тилмеч дагы жыгыды,— эй, мына, жумсам жаныңды сактап калам, а ачып эле койсом пыр-р учуп,— деди атайы кордош үчүн,— дозокко түшөт да кетет,— деп кошумчалады.
Ындыны куруп, кыйлага үңкүйүп отуруп калды Акбалбан.
— Ну?.. — деп, көшөрө жабышты тилмеч.
— Ырас, менде мүлк бар,— деди бир убакта Акбалбан үшкүрө,— бирак, дос, аны мен сага алып бере албайм, сен ала албайсың, дос.
— И? — деп жиберди тилмеч жилбиси кайнай. — Не ал? Айт, кайда, таап алабыз аны...
— Дос,— деди Акбалбан олуттуу, артынан армандуу улутунуп, дагы тилмеч мелтейип кулагын төшөй калганда башын нйкей кеп улады,— менин жаным пыр-р деп учуп кеткен соң, дос, минген арабаң арыганча жер кыдыр, сура «Акбалбан кандай киши эле?» деп, «кайран эр шилтенген кылычтай, атылган октой шар, күүлөнгөн комуздай көңүлкеш, чала тоют жүрсө да макирөө оокатка эңилип түшпөгөн бир бийик тоонун шумкары эле» деген даңаза уксаң, дос ай, ошол менин балама таштаган түгөнгүс асыл дүнуйөм...
Эки көзү азыр секире чап салчу ач чөөнүн көзүндөй чекирейип:
— Ух, жабайы!.. —деп сөгүп жиберди тилмеч. — Ойнотмоксуң го, маскара этмексиң го?! А-а?!
Аскер көчмө соту Камчыбекти, Акбалбанды асуу аркалуу өлүм жазасына өкүм кылды.
Курманжандын Маамытбеги, Баатырбеги, Арстанбеги, небереси Мырзапаяс «биле туруп, жашырып калуу жагын көздөшкөн» деген айып жүктөлүп, ар бири үч жылдан Сибирге сүргүн бет алууга кесилди.
Кеч күздө Ош шаарынын көк таш тоосунун түбүндөгү эски базарга эл кулак тийише толду.
Теребелдегн дарактардын башына суудан качкан уюктуу жылаан сыяктуу киши деген бутагы сайын болуп чыгып кетишкен. Кең базардын кап ортосуна бийик сөөрү курулуп, үстүнө сыйыртмактуу эки дар орнотулган. Кызыл шапке, ак күрмө — көк кытан өңдөнүп көрүнгөн тыкан солдаттар дарды үч тегерете жылчыксыз курчап турат.
Жардаган журт кыбыр эткен кыймылсыз, күңк эткен шоокумсуз, жел дымыгандай дымып, көл тунгандай тунуп турушат. Кай бирөө: «Эми эмне болор экен?..» деп, оозу ачылып, жүрөгү дүкүлдөп, кай бирөө: «О чиркин ай, ушундай да болуп кетеби?!» деп, акылга сыйдыра албай жүрөгү ченсиз сыздап, кай бирөө: «Э-э, кыдыр даарыган Асан бийдин наслинен дөөлөт кетпейт дечү элек ко?! Эми чындап кеткет келген белем буларга?!» деп, мындай туруксуз, бапасыз дүйнөгө таң болуп, маң болуп, кай бирөө: «Кумурсканын оонап турган шарпасын билет деген керээт айым неге бул мүшкүлдү жаздым кетирип алды экен, а? Же бир амал ойлоп койду бекен алигече? Куткарып кала алар бекен кара чечекейин кыл чылбыр сыйыртмактан?..» дейт, дагы эле датка айымдын бир айла табарына ошол дар түбүндө турушуп да үмүт үзө алышпайт.
Бир убакта дарак башында отурган эл чоочуй козголгон топ таранчы чымчыктай дүүлүгүшө: «Тигине... датка айым өзү...» дешип калышты. Кулагы тийишкен көп эл дуулдап карай беришти. Эч ким катуу сүйлөй албайт. Катуу үн чыгаруу каршыккан болуп, аны сайын төрөлөрдүн кыжырына тийбейби, жаза аны сайын оорлошуп кетпейби, ал мелтирөө, мүңкүрөө балким төрөлөрдүн жүрөгүн жылымдатып жүрбөсүн, бир кудай алардын көңүлүнө капилет ыракым салып койбосун?!
Курманжан кош акбоз ат чегилген үлпүнчөктүү араба ичинен колтугунан Повало Шыйковский төрө өзү сүйөп, жерге түштү. Элдин шыбыры шыбакты шуудураткан майда желдей желпине жүрүп барып, кайра дымый калды. Курманжан кадимки ак пашанын Ташкенге койгон санжыргалуу төрөлөрүнүн кабыл алуусуна келген сыяктуу башында ак илеки, жакасынан бүт өңүрүн тегереге кундуз кармаган кызыл кымкап тон кийип келди. Сылыктык үчүн төрөгө ооз учунан ыракмат билдирип, ошончо көпчүлүккө өйдө карап бир тиктебей, жарыла салам айткан элге үнсүз баш ийкей баягы жупуну, саал эңкейе баскан сөөдөтүндө жай өттү. Дардын утуру бетмаңдайына эшик төрдөй жерге катар секи коюлган экен, дайыма төргө өтүп келген көнүмүшүнөнбү, же төрөгө атайын дымак көрсөткөнүбү, ортодогу чоң орунга келип отурду.
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.