ТӨЛӨГӨН КАСЫМБЕКОВ
КЕЛКЕЛ (ТАРЫХЫЙ РОМАН)
«Керээт айымдын дагы эле бир билгени бар окшойт?! Ак тилегинин белгиси кылып, акбоз ат чегилген араба менен келди го? Көңүлү да тынч окшойт, кабатыр кейпи көрүнбөйт, же төрө көзүнө мүңкүрөбөйүн, сыр алдырбайын дегениби?...» деп турушту кай бир кыраа ичинен.
Те дарак башынан: «Айдап келе жатышат!..» деген үн жарыша чыгып, дагы кулагы тийишкен көпчүлүк дуу-дуу болуп, күбүр-шыбыр аралап, жапырт толгоно карап калышты.
Колу артына кишенделген, аягы чидерлүү, шылдырттата акырын басышып, мылтыкчан солдаттардын кап ортосунда Камчыбек менен Акбалбан келди.
Күйөрман туушкан белем, ошол тапта кимдир бирөө:
— Ө-ө-ө!.. — деп, өксөп жиберди. — Ө-ө, садага кетейин-ин карааның-да-аи...
Курманжан датка айым үн чыккан жакты жалт карады. Өз баргысы4 Карасакал бай бышактап турган. Датка айымдын үйрүлө түшкөн кабагын көрүп, ал оозун баса калды, аны ээрчий чур дей түшкөн эл дым болду кайра.
Өлүмгө өкүм кылынган эки кишини дар түбүнө алып чыгышты. Кордук кимди басмырлабайт?! Чач өсүп, сакал иреттелбей кадыресе жүдөп калышкан экен.
Камчыбек кылкылдаган көп элди кыдырата тиктеп, мостоюп турат. Үч кыдырата тиктесе үч жолу Карасакал кыйгачтай ыкшырайып көзүнө учурады. Сырт кейпи оор кайгыны көтөрө албай майышып тургандай, көзү жаштуу, бирак уурту тымызын жымыйгансыйт, жаштуу көзүнүн түпкүрүнөн сөөк өчтүн жашыл оту жылтырагансыйт. «И, өтүп баратасыңбы, бегим, бул байманалуу, бактылуу дүйнөңдөн?!» деген кыбасы канып турган кыязы сезилгенсийт. Көз жашы тууган кайгысы эмес, табасы окшойт. Төрт имерип караса төрт жолу көзүнө көзү кадалды. Камчыбектин жүрөгү солк эте түштү. «Ушул белем айгак?..» деген ой капилет келип согулуп, кайра тиктей берди. Жок, Карасакалдын ыкшырайган көзү түгүл турган жеринде өзү жок, тыгылышкан көпчүлүк элдин аягына жөрмөлөп кирип кеткен белем?! Камчыбек шалдырай түштү. Айгагы ошол болсо да, эми барып жакалаша алмакпы? Карасакал тууганы деле бир топуксуз пенде эмеспи, өзүндөй пендени не алына өктө кылмакчы?! Камчыбек тунжурай түштү.
Акбалбан иреңи аккүп, шишиген белем, мурдагысынан а дыдырап толоюн болуп, эрини бопбоз. Жашы барып, буурул болуп калган кишиге абактын сызы сөөгүнө өткөн. Ошол тапта өзүнөн-өзү элире күлүмсүрөй тиктейт.
Повало-Шыйковский төрө өкүмдү өзү окуп, өкүм аткарылар алдындагы акыркы каалоо сөздөрүн сураган болду.
Өлтүрүлөр алдында эмне сураса, сураганы орундатылат дешет. Эмне сурайт? Эмне деп сурайт? Жадылган жерин айтабы? Жалынабы? Ошондо төрөлөр жибип, өкүмүн өзгөртүп жибереби? Эл жымырай кулак төшөп калышты.
Повало-Шыйковский төрө да ормоюп тиктеп, Курманжан датка айым жер карап отурган калыбында былк этпей мелтиреп күттү.
— Жаныңды сура-а, Камчыбек! — деген кыйкырык чыкты. Эл дуулдап кетти. Сураса сурап көрсө не? Эмне бар жандан артык?!
Бул кыйкырык төбөгө чабылган камчыдай тийди Камчыбекке, «айлаңды айт эми» деген маани угулду. Ошол замат Карасакалдын жанагы кымырылган кейпи, шыкырайган табалуу көз карашы кайра жанагыдай көз алдына тартыла түштү. Тула бою дүркүрөп, жүрөгүнөн дароо эрегиш дүрт тутанып, чыйралып кетти.
— Жок! Сурабайм жан соогат! — деди Камчыбек катуу. — Эмне?! Жан соогат сурагыдай не жаңылык, не уурудук кылып, өлүмгө кетип баратыпмынбы?! Мен көчүмдү тоскон, көч үстүндө ак никелүү катынымдын чачын кескен зомбулук менен жакалашып, укукташып өлүмгө кетип баратам! Өлбөй турган темир өзөк барбы?! Өкүнбөйм, арман кылбайм, билип кал, тууган элим, мен тепселип кирдеген баркымды, бек сөөлөтүмдү каным менен жууп таштап, кетип баратам!
Эл дуу-дуу болуп, түйшөлүп кетти. Курманжан датка айым не уулуна ыраазы, не таң калганы эчтемеге теңегис оор кайгы менен мактаныш сезим кабагынан бирдей көрүнүп, бир элтейип тиктеп алды.
Повало-Шыйковский төрөнүн буйругу боюнча кызыл кийинген желдет сыныртмакты биринчи Камчыбектин мойнуна сала баштады. Тике маңдайга келген өлүм сестентти белем.
Камчыбек сууга кокустан түшүп кеткен бала сымак апкаарып, шашып:
— О, элим ай... — деп жиберди үнү кардыга. — О, элим... Мага бересең болсо кечтим, аласаң болсо...
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.