ТӨЛӨГӨН КАСЫМБЕКОВ
КЕЛКЕЛ (ТАРЫХЫЙ РОМАН)
Кел, үмүтүм, кечикмегил, кербен башлап,
суу болуп чаң жолуңа себилейнн, көз йашым билан...
Күзөтөйүн, шыпырайын күндө үч убак кара сачым билан...
кел, медерим, туу жайкалтып, ат ойнотуп...
Асте, басмырт коңур үн салып, ушул бир айтым тилек ырды эскерди да, артынан ошол эле кабагы ачык келбетинен жазбай саал улутунуп койду Акбалбан.
Тилмеч муну эсинен ажырап баратабы деп ойлоду. Эси ордунда болсо, минтип эшикте алдынан дар күтүп турган кезинде качанкы бир жылт этип көз алдынан етүп кеткен сулуу катынга кез болгонун бир эрдик кылгансып, сөз кылып отурмакпы?! Жан айласын кылбайбы?!
Тилмеч башын чайкады.
— Жан сеники, Акбалбан, ойлонуп бак! — деп эскертти ал. — Мойнуңа сыйыртмак түшүп турат. Бирдемең барбы? Сурагыңды бери ийе тартып, «мында эмне, бегинин буйругун гана аткарган» деп жазып коём — кутуласың өлүмдөн, а көшөрө берсең «бул бир убакта Абдылдабек менен жүргөн эски каракчы, орусту жек көргөнүнөн, өчүгүштөн атайы өлтүргөн» деп жазып коём — бекиткен алтының сага жан болуп бербейт, бекиткен жеринде аркаңда калат.
Жан сеники, жакшы ойлонуп бак, мейли... Мага эмне?!.
Ал күнү тилмеч кетип калды. Түнү бою уктай албаган окшойт эртеси эле кайра келди.
— Ну баатыр, айбан болбо, эмне деп жазалы? — деп кыстады. Өз жанынды көздөсөдчү, бекти эмне кылат экенсиң?!
— Ой,—деди Акбалбан,—менин аргымак атымдан, жоон камчымдан бөлөк эчтемем жок. А сыйпалгырың бар болсо ушу сага көп тыталантпай бекер эле кармата берип, кара жаныңды тындырып, өзүм өлүмгө эле кете берет элем, кудай акы!
Акбалбандын сөзүн ичинен экчеп, кабагын абдап байкап, «бу ийнеден да жылаңач малай турбайбы» деп, кыжыры келди. Бир мири тыйынга арзыбай бөөдө кеткен убактьша кейип, артын карабай кайра кетип калды.
Тергөө бүткөн белем, суракка алып барышпай калды. Күнүгө быр убак коргон ичине нары бери бастырып коюшат. Маамытбек менен кошо камалгандан бир киши көрүнбөйт, «сейилден» көрүшүп калчу Камчыбек, ал да жок. Капилет үн угулуп, короо ичинде суракка алып бараткан убакта капилет жолугушуп, үн алышып, деги бир айыл конушкан сыяктуу бирине-бири эш болуп турушчу. Өзүнчө эле коңултактап, каңгырап ээнсирей, жалгызсырай баштады Акбалбан.
«Ыя, эмне үчүн деп, себеби суралбайт экен го?!..» — дейт ою. Бу сыз жербайда ооналактап жатса да, тизесин кучактап ыңжыңсыз отурса да, эки колу артына кайрыла кишенделип, эки аягы качаган аттай тарыта чидерленип, пенде бою бойлобогон бийик кыш коргон ичинде үңкүйүп баскан кезинде да кетпейт, чидери шалдырттаган өз шарпасын өзүнө угузбайт.
Эми түңүлдү деген тилмеч бир күнү дагы келди. «Эчтемем жок» дегенге караманча ишенбей, «кантип эле бирдемеси болбосун, ба-ар, алдап, өлүмгө баратып да өз жанынан аяп, көшөрүп жатат бу адам жабайы...» деп, дүнүйө азабы жүрөгүн өйүп, күндүзү кынжылып, түнү бою түйшөлүп чыккан. Ызырынып келген, бирок дагы баягы акырьш алдап алмакчы болгон куураган үмүтү булаңдап Жазгырып, өзүнө байкоосуз жумшарып:
— И-и, баатыр, эс алып отурган экенскң? — деп, саал кер какшык айтып, жымыйып, имере тиктеди. — Куунак ко көңүлүң? А?
— Кудайга шүгүр, деп койду Акбалбан.
Бул киши орус ичинде «биз билебиз го буларды, булар жарым жабайы тайпа, тигиниси менен бу каршы, бунусу менен наркысы каршы» деп, бул элдин ичинде орустун артынан кылапат айтып, эки жакты бирине-бирин жамандап, биринен сый, чин алып, биринен бир жанкеп алтын өндүрүп, бул кынын кезең мезгилде эки ортодо көр оокат термелеп жүргөн топуксуз бир пенде болучу. Жүйө табыш, эки эл түгүл эки адамдын арасындагы алаканы оңдош, оңго тартыш, жардам, жылуу сөз, данакер болуш сыяктуу азиз сезим анда жок эле.
— Эй, — деди ал,— тергөө бүткөнү калды, эй. Кана, жакшы ойлоп бактыңбы, кана, эмне кылабыз? — Колун чөлмөктөнтө экчеди. — Эй, сенин жаның мына менин уучумда, эй...
Кеч күзгү жалбырактай сары алаканды бир тиктеп алып, эти жыйрылып, нары жылып койду Акбалбан.
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.