ТӨЛӨГӨН КАСЫМБЕКОВ

КЕЛКЕЛ (ТАРЫХЫЙ РОМАН)

ТӨЛӨГӨН   КАСЫМБЕКОВ

Ошол түнү жанына үч гана ишенимдүү жигит алып барып, баягы жаңжал болгон жерге жакын бир колотто солонуп жаткан бакылоочуларды баарын өлтүрүп, сөөгүн өрттөтүп жиберди. Нары шашып, нары дараксыз жерде от жакшы болбой, нары адам сөөгү оңой күйбөйт экен, ошол чала күйүндү болгонунча көмүскөгө тарта баарын бир жерге көмдүрүп, үстүн жайпатып таштады. Калган ат да, токум да, курал да убагы келсе көзгө түшсө айгак эмеспи.

Токумдарды дагы отко жактырып, аттарды сойдуруп, куралдын бирин калтырбай өзү дайрага ыргытып — баарын жок кылды.

Ушул бойдон дымдым болуп, улам күн өткөн сайын кулак түрдүргөн үркүү сезим басаңдап, айыл кадыресе бейгам болуп калды. Орус акимдери издей баштады. Курманжан датка айымга чейин айтып, эл арасына кеңири суроо салуу, ким кайдан көзү чалганын иликтөө жагын өтүндү.

Жазга чейин да «көрдүм» деген бир киши эл ичинен чыккан жок. Кашкардагы консул аркылуу кытай кол алдындагы эл арасынан, жер кыйрынан издеп, эч бир оң кабар алыша албады. Кандай ишке, кайда барышарын бакылоочу отряд күн мурунтан кабарлап кетишкен болсо, ошол багыт боюнча шектүү адамдарды карандай катаал суракка кириптер кылып да, эптеп бир изге түшсө болмок, бирок отряд андай кабар кылбаган. Эң акыры «кийик уулап чыгышып, атматы менен баары муздун жарыгына түшүп кеткен» деген аргасыз жыйынтыкка келишип, түнүлүшүп да калышты. Жыл маалына ооп кетти.

Ошол жыл маалына ооп, чек ара бакылоочулар Асел айымдын көчүн капилеттен тоскон күнү дагы түн жамынып, дагы аягы шырп дебей, дагы тңмызын дубал түптөй жыла басып, баягы кара көлөкө Новый-Маргаландагы областтын аскер губернатору Повало-Шыйковский төрөнүн алдына жашырын келди. Дагы эки көзү алайып, кара сакалы уйпаланып, оозу жарым ачыла үрөйү учкансып алган.

— Мен билем... — деп, акырын күңк деп, ошол аскер губернаторунун идарасында да аны акмалап аңдып турган бирөө бардай эки жагын көзүн аңтарылта бир чаргып, тиктеп алды. — Чек ара бакылаган төрөлөр кайда жоголгонун билем, бирок... — деп, дагы кырын кыңырыла мыңкылдады.

Тилмеч эки жактын айтканын маанилеп которуп турду,

— Ну-у,— деди Повало-Шыйковский төрө кызыга.

Тиги эңиле калып, акырын:

— Курманжандын балдары өлтүрүп коюшкан... — деп, тула бою калчылдагандай шыбырады, сөзүнүн артынан эки көзү чекчее көпке башын ийкегиледи.

Повало-Шыйковский уккан кулагына ишенбей мелтейип тиктеп, отуруп калды. Шумдук го бу? Ушунчалык кадырсый берилип турган датка айымдын балдары ушундай каршылык ишке барышабы? Бу жалаа болуп жүрбөсүи?! Тиги да оңой кыйды эмес, бул оюн төрөнүн жүзүнөн окуп, тымпыя башын ийкеди:

— Көмгөн жерин көрсөтүп берем...

Повало-Шыйковский төрөнүн ишенбеске чарасы калган жок. Тигил эми кайта кыйылып, көзү агына тегерене кайра жер тиктей берди.

— Көрсөтүп бересиң! — деп, төрө карс эттире столун бир муштап жиберди.

Чоочумак турган тиги ушундай бир катыран кыстоону болсо экен деп күтүп турган, эми:

— Төрөм, бир гана шарт,— деп, сөөмөйүн чочойтту,— менин көрсөтүп бергеним өтө жашырын калсын, төрөм! Бул элдин кеги, кудай урсун, атадан балага өтөт, бир шеги билинип эле калса, анда менин тукумум куруп кетет...

Повало-Шыйковский төрө оозун буртуйтуп, ал дагы ойго батып, бу сай сагызгандай сак кара кыргызды чактай имере тиктеп отурду. Сурабады кимсиң деп. Эң акыры:

— Мейли, сенин айтканыңдай болсун!—деди ПовалоШыйковский төрө.

Тиги эми батыл сүйлөп:

— Төрөм, тыякка адам түгүл жарым түндө чычкан жорголосо билишет, төрөм... — деп эскертти. — Ошон үчүн ал жактагы элди түрө жыйнап, өзүңүз баш болуп, тоо ичин коён жатагын калтырбай тинттириң, эл катарында мен да болом. Менин артымдан эч калбай, башкага эч байкатпай бир орус акмалап жүрсүн, мен бир убакта бир жерди үч тээп өтүп кетем — өлүгүңөр так ошол жерден табылат...

Көп өтпөй, ушундан жарым айдан кийин эле Повало-Шыйковский төрө жанына бир рота солдат алып, Алай багытына чыкты. Дараут-Коргон чебине турук кылып, эң оболу Курманжан датка айымдын ошол тараптагы балдарын башына алып, бүт элди жыйнап, «таштан учса сөөгүн табалы» деп, жарыя кылды. Көп элдин ичинде айтканындай баягы кара киши жүргөн, те ыраактан бирин-бири көрүп, көзү көзүнө учурап, тим болду.

17.02.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.