ТӨЛӨГӨН КАСЫМБЕКОВ

КЕЛКЕЛ (ТАРЫХЫЙ РОМАН)

ТӨЛӨГӨН   КАСЫМБЕКОВ

Эч качан Акбалбан акесинин көзүнчө бетин ачмак түгүл ооз ачып сүйлөбөгөн келин Асел айым үлпүнчөгү сыйрылган, иреңи кыпкызыл болуп кабагы үйрүлүп, бир эсе ыза, бир эсе таң, кабарып:

— Бул эмне!—деп жиберди, — Ыя, жанагы орус ачкыч суратканынан «чачымда» десем, тукумуң кургур, чачымды кесип кетти го? Бул эмне, баатыр аке, алты жашар балаңардын алдында али бетимди ача элек кезимде чачымды кестирип, бул эмне, Камчыбектин тузун таткан эр азаматтын баары кырылып калганыбы?!

Жигит башы Акбалбандын энтелеп чапканы, Асел айымдын ыйлаган үнү көчтөгү жигиттерди дароо дүргүтүп, аңтарылып жаткан жүктүн айланасына ийриле калышкан эле.

Эки сандыктан тен зайыптын майда буюму, кийиминен бөлөк эчтеме табылбай шеми тая түшкөн поручик Коршунов:

 —Ну, эчтеме жок экен, эми кете берсеңер оолот,— деп, тыяктан катуу келаткан Акбалбанды тосо бастырды.

Эчтеме жок экен? Эчтеме жок болсо, демек күнөө да жок! Бул сезим Акбалбанды аны сайын эрдемситип, ошол таптагы ызасын, жаалын өрт алдырып жиберди.

— Тиги эмне?!—деп, ал жерде уйпаланып жаткан зайыптын чачын демите булдурсун менен көрсөтө берди.

Поручик Коршунов балекеттин болгонун эми байкап, солдатын жекире карай бергенде, аны күнөөнү мойнуна алганы катары сезип, анысайын албууттана Акбалбан өрүмүнө коргошун өзөк кылган чоң булдурсун менен жон талаштыра тартып жиберди.

Поручик Коршунов сөзгө келе албай аттан чокусунан сайылып түштү.

 — Карма-а!.. Со-ок!...

Карс-күрс камчы урулду. Тарс, тарс мылтык атылды. Жөө турушкан бакылоочуларды үлгүртпөй атка омуроолотуп, туш-туштан тобу менен каптап киришип, желкелеп тартып кетишти.

Ушул көз ирмемде болуп өткөн кейиштүү окуя ичинде көч айдаган жигиттердин бирине ок жаңылып, поручик Коршунов кан жөткүрүп жыгылды, сегиз бакылоочу сегизи тең тепкиленип, колдору байланды. Эмне болот эми? Өз эл ичинен бир тентекти жыга чапсаң куп болуптур дейт, жөнү башка. А бу төрө, ак пашанын бакылоочусу! Өтө капилет иш болуп кетти го Камчыбек жокто? Акбалбан эми эсине келип, маң болуп туруп калды.

Көч күздөө конушуна жетти.

Акбалбан арттан барганда Асел айымдын өргөөсүн биринчи тигип жатышкан. Жаңжалдын бир четин көрүп, бир четин көрбөй калган катын-калач, бала-чака Акбалбанды элтейип тиктешип, бири да ачык сурашка батынбай тымтырс болуп калышты.

Асел айым үлпүнчөк астында үнкүйүп отурган экен, өргөөсү көтөрүлүп бүткөн соң ичкери кирип кетти. Акбалбан улага ченге сыңар тизелей отура калып:

— Кичи айым, болуп кетти болор иш, айланайын... — деп, акырын жайды айтты. — Бизден бир жигит жарадар болду, бакылоочу аскердин төрөсү кан түкүрүп жатат, сегизи тен келтек жеп калды. Эми эмне кылалы?..

Ушу менен көкшүнү сууйт деп ойлогон Акбалбан. Асел айым өндүү-түстүү, тетик, бир жагынан эркелиги да бар, бир айтканын бербеген өктөм, бул урукта мындан мурда келген келин көп, бирок ал «эрине жагып, элине алынып» дегендей, кайненеси Курманжан датка айымдан соң эле «кичи айым» атыга баштаган дымактуу зайып болучу. Мына ушундай көкүрөгү көктө жүргөн кезинде, жаштыгына да, багына да кызымтал чагында тал түштө көч үстүндө чачы кыркылганы ага өтө катуу тийди. Муну иштеген төрө эмес, кудайдын тун баласы болсо да, анын куну үчүн бир уруу журт тумалай чачылып кетсе да, тилинен эмне келсе ошону менен, колунан эмне келсе ошону менен кайрымсыз бир катаал өч алыштан аянбай дили карайып отурган.

Асел айым:

— Эмне кылалы дейсиз, баатыр аке?! — деди катуу мокото. — Эмне кылалы деп отурасыз, өз бегим аманында, өз бегимдин баатыр агасы сиз карап туруп, минтип эл көзүнчө менин чачым кыркылып отурса? — деп, акырын үлпүнчөгү бүлкүлдөп, бир солуктап ыйлап алды. — Кыр! — деди жаал менен. —Кырып салгыла бирин эмес, баарын!

Акбалбан ойго чөмүлүп, же туруп кете албай, же бир карама каршы сөзгө өтө албай, ошол сыңар тизелеген боюнча отуруп калды. Аягы эмне болорун ойлобогон, намыс десе жан берип көнгөн Акбалбан айымдын сөзүн чеки дей алган жок көңүлүндө. Эми муну тууган ичинен ким тышка чыгармак эле?! Датка айымга кабар кылса карыган адам кападар болот. Камчыбекти күтсө күн өтөт. Болору болгон соң эми биротоло «ким көрдү» кылып тынгандан оңу жок окшойт?! Акбалбан ушул ойго келип такалды.

17.02.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.