ТӨЛӨГӨН КАСЫМБЕКОВ

КЕЛКЕЛ (ТАРЫХЫЙ РОМАН)

ТӨЛӨГӨН   КАСЫМБЕКОВ

Убада ушул болсун.

— Качан жөнөп, качан келесиз?

— Бүгүн кетсем, кел десеңиз бүгүн келем, эртең десеңиз эртең келем, мейли.

— Боз жоргоңузду минесиз го?

— Боз жоргодон бөлөк, төрөм, бул жолго жылкы баласы эмес, кош канаттуу куш да жарабайт.

Ушул жерде Повало-Шыйковский төрө баягы сөздүн нугу бардыгына ишенип, Камчыбекти имерип тиктеп калды.

Ошол эле күнү кечки салкында Камчыбек боз жорго менен жолго чыгып, эл аягы тына электе Дараут-Коргонго жетип, күз конушта отурган өз айлына кирип барды.

Кичинекей Кадыр, Азиз деген эки уулун эки карысына алып көтөрүп, өөп, эркелетип, анан кайра жерге түшүрүп, ойнотуп койду. Курманжан датка айым ошол айылда экен. Өзүнчө өргөө тигип, «чоң айыл» атагы боюнча өз айылы бар. «Эмне келди экен?»... деп, ойлонду Камчыбек, азыр эле барып болгон сөздү ортого салгысы келди, кайра тартынды, карыган адамдын түн тынчтыгын бузгусу келбеди. Акбалбанга кеңеш салды. Акбалбан үңкүйүп жер тиктеп, эрдин кесе тиштеп, лам деген жок.

— Эрте менен айылды тез жыйнаң, Акы,— деди Камчыбек,— байбиче да келип калыптыр, ортого салып сүйлөшөлү, бу бизге катуу мүшкүл болуп калды, кеңешели, эгер аралашкан бирөөбүз болбосо жалаадан «жан берип» да болсо, кутулуш ылазым.

Башын ийкеди да, унчукпай Акбалбан чыгып кетти.

Жан бермек?! Оозго оной, кыларга кыйын иш. Бирөөгө бирөө доо коюп калса, берки киши «актыгыма жан берем» дейт кара өзгөйдөн жадап, айласы түгөнүп мукураганда. «Жан берген» кишини тирилей ак кепин кийгизип, анаи атчан артынан түшүп кууп, «жан кеттилеп» кыйкырып, улам кыстап кыйкырып, казганактаган көп элди бир аралатып, бир тегеретип айдап чыгат. Кай бирөө күнөөсү боло туруп эле «жан берген», андайды «жан кечти» дейт. Байыртан калган ишеним боюнча кара болсо «жан берген» киши өлөт же бир кырсыкка учурайт, а жок ак болсо каралаган адам өзү өлөт же кырсыкка учурайт дешет. Ушундан соң доо токтойт. Бирок, эл көзүнчө ким тирилей кепин кийип, ким айдакчынын алдына шөлпөцдөп түшөт?! Көп учурда жан берүү ордуна ак болсо да, «ха-а, сени кудайга койдум» деп, доого жыгылып берип, кара өзгөйдөн кутулуп келишкен. Кудайдан коркпогондон өзүң корк!

Камчыбек бул балакет кайдан келип жабышканына акылы илишпей, кыркылышкан душманын ойлоп таба албай, бакылоочуларды ким өлтүрүп, ким мунун жерине көмүп, кайра ким өзү айгак болуп отурат — биле албай тунжурады.

Асел айым эки көзүн тизесине басып, өпкө кага солуктап ыйлап отурду.

— Кой, айым,— деп жубатты Камчыбек сүйүктүү зайыбын,— ак ийилет — сынбайт, өзүбүз ак болсок, чоң кудай өзү көрүп тургандыр, неге камтама болгудайбыз?! 

Асел айым аны сайын солуктай:

— Бегим ай,— деп, кош өрүм колоң чачын ийнинен ашыра алдына алып, уч жагынан чоё тартып койду эле чач жылбыша эки бөлүнүп, түшүп калды,— муну караңчы...

Чачтын түбү чолтоюп калды.

— Э-эй, эмне болгон сага? — деп жиберди Камчыбек үрпөйө.

Асел айым төшөгүндө бегинин мойнуна асылып жатып, көз жашын көлдөтүп, болуп өткөн окуяны айтты.

Камчыбек:

—Ырас кылыпсың! — деп, ордунан өйдө болуп, отура калды. — Немеңе?! Сени чачыңды кесип таштаса жадынышың керек беле? Ыра-ас кылыпсың!...

Түнү бою толгонду Камчыбек.

Эртең менен эрте Камчыбек энеси Курманжандын алдына саламга барды. Датка айым бүкчүйүп отуруп алып, намаз окуп отурган экен. Тышта бирпас басып турду да, качан энеси бирөөгө сүйлөгөн үнү угулганда үстүнө кирди. Сыңар тизелей калып, кош колдоп колун алып, өөп тооп кылды:

— Эсен турасызбы, эне?..

— Кудайга шүгүр... — деди Курманжан акырын.

Эне бала бирин-бири акмалап, кимиси сөз баштаары билинбей, көпкө дым болуп отуруп калышты.

Бир убакта:

— Сөз уктуңбу, балам, Асел айымдан? — деп сурады Курманжан.

Камчыбек жер тиктеп отурган калыбында башын ийкеди.

— Мага да өзү айтты. Курчтук кылышкан турбайбы балаң кургурлар,— деп, кейиш билгизе башын ийкегиледи Курманжан. —Эми болор иш болуптур, боёгуна каныптыр, кана, эмне дейсиң эми, балам?..

17.02.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.