Жапарали ОСМОНКУЛОВ:
Эр Төштүк
Добулбасы кагылып, керней-сурнайы тартылып бүткөндө, Көкдөөнүн желдети байлоодогу жолборсун майданга коё берди. Элемандын сырттаны да жолборсун жетелеп келди. Көкдөөнүн калкы топурап, күрөштүн кызыгына батууга шай отурушту. Кармаш башталды. Саман курсак жолборсту, жапайы жолборс коёбу? Күркүрөгөн жапайы жолборс айт-буйт дегиче, байлоодогу жолборсту моюндан тиштеди. Төштүктүн алдына көтөрүп келип, жерге көтөрүп урду. Көкдөөнүн жолборсу туралбай жатып жан берди.
Ошентип, Төштүк беш мөрөйдү утуп алды. Дагы эки мөрөй калды.
– Эми аюу менен аюуну күрөштүрөбүз. Камыңды көрө бер, – деди Көкдөө чамына.
Төштүк аюунун мурутун түтөткөндө, ал дароо жетип келди.
– Сени алмадай башыма күч келгенден чакырдым. Жамандыкта жолуккан жакын аюум сенсиң. Ошондуктан Көкдөөнүн аюусун жыгып, мөрөй алып бер, – деп суранды.
– Сен ага башыңды оорутпа, Төштүк. Ал байлоодогу жел курсак аюу. Мен болсом суур улап, эркин оттогон тоо аюусумун. Кармашсам жөн койбоюм, – деп көңүлүн улады.
Майпаңдай баскан аюулар ортоңку майданда беттешти. Күрөш көпкө созулбады. Төштүктүн жапайы аюусу Көкдөөнүн аюусун көпчүлүктүн көзүнчө көтөрүп чапканда, арка моюну үзүлүп кетти. Элемандын сырттаны эл алдында алты мөрөй алып, мантайып турду. Дагы бир мөрөй алса колу-жолу эркин болорун эстеп, элжиреп алды.
А Көкдөөнүн ичи от болуп жанды. Эптеп кызын Төштүккө бербей коюунун амалында күндөн-күнгө каары күчөгөндөн күчөдү. Шылтоосу көбөйдү. Кайра элин жыйып, эң кыйын деген жетинчи тапшырмасын берди. Ага барса келбес жактагы кырк кулактуу казанды алып келүүнү буюрду. Казандын сыйкыры да, касиети да чоң өңдөндү. “Кырк кулактуу казаным кайнагын!” – дегенде дүйүм тамак даяр болуп, аалам журттун баарысын тоюндурган күчкө ээ тура, анысы.
– Көкдөөнүн азабы өттү го, чиркин! Казанын колуна карматпасам, жаным тынгыдай эмес, – деп эр Төштүк ээлигип калганда, Быйты күң менен Күлайым чыркырай түштү.
– Сени Көкдөө кулак угуп, көз көргүс жакка жумшап жатыптыр. Мындан ары жол жүрсөң, кызыл чөлүн, мойнок белин басасың. Андан ашып түшкөндө Ит ичпестин көлү бар. Ошол көлдүн четинде кайтпастын кара ташы деген бар. Анын айланасында канча бир дөөнүн башы жатат. Менин тилимди алып, Чалкуйруктун айткан сөзүнөн чыкпа. Мен сени кырк күн күтөм, Төштүк. Анткени казандын иши кыйын иш. Ошо кырк күндө келбесең ажалдан мурун өлөм. Казанды алып келгенде Көкдөөнүн айтканына көнбө. Бер десе да казанды бербе. Себеби бери тартканда, сени кармап алууга ал көркоо кан көп кол камдап койгон, – дешти.
– Жер астындагы азапты жети жылдан бери эле көрүп келе жатам. Ошондон бери же атаңдан кордугу менен зордугу бүтпөй койду. Деги анысы качан бүтөт? – деп күңгүрөнө кынсыз кылыч байланып, жөнөөгө кам урду Төштүк.
Күлайым менен Быйты күңгө кошулуп төрт Маамыт кошо жаш төктү. Конокбай балбан да көзүнө жаш алды.
– Төштүк сырттаным, казанга барган көп болгон. Бирок кайрылып келгени болбогон. Ал жакка барсаң бир кашык каның, көк жашык этиң калат. Ал тургай жер алдынан токсон алп барып, казанды алалбай токсону тегиз кырылган. Укканыма караганда, ал казандын бир кулагында ажыдаар, бир кулагында ааламдын баарын өрттөгөн, кудайдын жети каары бар сыяктуу. Казанды аман-эсен алып кел. Кенжеке берген күлазыкты Чалкуйрук атка бере бер. Мынча болду төрт Маамытты таштабай, өзүң менен ала кет. Жаныңа караан болот, – деди Конокбай балбан тынчсыздана.
Төштүк макул көрүп, төрт Маамытты ээрчитип жолго чыкты. Күндөп-түндөп адыр-күдүр жол жүрдү. Ит ашпас белин ашып, Ала-Көлгө барганда жол боюндагы кара ташты көрдү. Анда: “Жер үстүнөн токсон алп, жер астынан токсон алп казанды алып кетүүгө жыйылып келип, баары кыргын болду” деген жазуу бар экен. Кара таштын тегереги шагыраган алп-дөөлөрдүн башына толуп чыгыптыр. Ал аңгыча Чалкуйрукка тил бүттү.
– Төштүгүм, башыңа мүшкүл иш түшсө, мен кантип жардам бербей тура алам. Мени дароо жайдактап, көлгө сал. Кырк кулактуу казан ушул көлдүн түбүндө. Ай, Төштүк, сен оңбой кал. Күлайым сулуу экөөң түндү шыңкылдашып өткөрүпсүң. Таң сүргөндө кашайып уктап кетипсиңер. Ошондо Көкдөөнүн жети баштуу Жезкемпири сенин жаның болгон болот өгөөнү уурдап, кырк кулактуу казанга бере салыптыр. Амалы көп Көкдөө кайнатаң: “Барса Төштүк өлсүн, кыямат жүзүн көрсүн”, – деп сени ушул жакка жөнөткөнү ошондон экен. Мен ошо өгөөнү казандан тартып алганы барам. Көлдөн көбүк аралаш кан чыкса, менден түңүлө бер. Эгерде агарган көбүк оргуса, тилекти кудай бергени. Мен казанды суу түбүнөн сүйрөп чыкканым. Төрт Маамыт менен бешөөлөп, казанды тартып ала көргүлө, – деди тулпары акыл үйрөтүп.