Жапарали ОСМОНКУЛОВ:
Эр Төштүк
Кичи эпос
Илгери-илгери бир өткөн Манас баатырдын заманында Көкөтай кандын уулу Бокмурун атасына аш берет. Аш Каркыра жайлоосунда өтөт. Ага кытай, казак, калмак, тажик, өзбек жергесинен кара курттай кыжылдаган көп эл келет. Көкөтайдын ашы байгелүү мелдештер менен коштолот, даңазалуу салтанатта өтөт. Ашта өткөн айтылуу аламан байге көргөндүн бүйрүн кызытат. Эр эңиш менен жекеме-жеке эр сайыш шумдуктуудай кызык өтөт. Төө чечмей менен төө жарыш, көк бөрү оюну кызыгуу туудурат. Ошентип кезек балбандардын жөө күрөшүнө келет. Калмак тараптан табиятында бирөөдөн жыгылып көрбөгөн Жолой деген балбан күрөшкө шайланат. Манас баатырдын буйругу менен Кошой кан кыргыз тараптан Жолой дөөгө каршы балбан тандай баштайт. Үрбү менен Көкчө баатырга барса, алар: “Жолой менен күрөшкөнчө, күрөшпөй койгон жөн”, – деп, караманча баш тартып коюшат. Журтка башы көрүнүп калган Жамгырчы менен Сынчыбек баатырлар күрөшкөндөн жаа бою качышат. Андан чыгып Кошой кан эр Төштүккө келет. Ал дагы: ”Жети жыл болду дегенде жер алдынан чыктым. Аяктан келгениме алты күн араң болду. Жер алдындагы нечен дөөлөрдү жеңдим. Ошондуктан менде болгону бир кашык каным, көк жашык этим калды. Кур намыс менен чыгып алып, жыгылып калып, кыргыз журтунун убалына калбайын”, – деген себебин айтат.
Келип-келип күрөшкө акыры Кошой балбандын өзү чыгат. Эки балбан көпкө кармашат. Букаларча челишет, кочкорлорчо сүзүшөт, арстандардай алышат. Алып-чарчаганда, тыным алып кайра күрөшөт. Кошой карылыгы жетип калганына карабастан, экинчи күнү калмактын Жолой балбанын көтөрүп чабат. Оо, ошо кездеги уткан тараптын ызы-чуу кыйкырыгын айтпа! Бир заматта термелбеген дарактар термелип, сүйлөнбөгөн даңазалуу сөздөр сүйлөнүп, теребел шаң-шөөкөткө бөлөнүп кетет. Ошентип, Кошой балбан чоң эрдик кылат, өз утушу менен кыргыз журтун сыймыкка бөлөйт.
...Эми көпчүлүккө айтар жомогубуз Элемандын сырттаны эр Төштүк жөнүндө болуп жаткан соң, ал жер астына кантип түшкөндүгү, аякта эмне үчүн жети жыл кармалгандыгы тууралуу таржымалдан баштайын.
...Ошо Манас доору жүрүп турган заманда Элеман деген бай өмүр сүрүптүр. Анын эсепсиз төрт түлүк малы, анан тогуз уулу болуптур. Жылкынын көптүгүнөн басып өткөн жолу бир заматта такырайып калчу экен. Балдары жылкы артынан жүрүп, жылкы мүнөз күтүп, кайрымы жок өсүптүр. Мал артынан ээрчип, мал менен күн өткөрүп жүргөн балдар абат болобу? Ата-энесине каралашмак тургай, дайын-отун таптырбай жоголушат. Арадан айлар өтөт, жыл тогошот. Элеман карыя менен Күлайым кемпир бала азабын тартат. “Өлөйүн” дешет, өлө алышпайт. Карыган чакта кабарсыз кеткен балдарын издеп көп убара чегишет, бирок таба алышпайт. “Элеман куу баш” атыгат. Алар мазардан мазар кыдырып, кудайдан бала суранышат. Барбаган жери калбайт. Акыры атагы алыска угулган Баабединдин мазарына барып сыйынышат. Абышка менен кемпир жер кучактап жыгылат. Кудайга ыйы жеткидей жаш төгүшөт, бозоргон мазар дубалын өбүшөт. Эки карыпка кошулуп жибек чачы төгүлгөн топ кайың, үлп эткен желге ыргалган тал-терек ыйлагандай шуудурайт. Азып-тозуп чарчап келген чал-кемпир тон-чапанын жамынып уктап кетишет.
Ошондо Элеман карыянын түшүнө Кызыр кирет. Ал:
– Карыя, бала издеп аябай кыйналыпсың. Мен сага жардам берем. Кемпириң экөөңдүн тилегиң кабыл болот. Колуңдагы боз алманы санасаң тогуздур, оң колуңдагы чоң алманы жесең дагы уулдуу болосуң. Атын Төштүк кой. Ал отко салсаң күйбөгөн ойрондук жайы бар, сууга салсаң чөкпөгөн султандык жайы бар адам болот. Кудайдан тогуз уулуңду сураганча, жалгыз Төштүктү сура. Анткени, ал өзү жалгыз тогуз уулга тең баатыр чыгат. Азаптанбай таңкы үрүлдөн эли-журтуңа кайта бер. Кемпириң сөзсүз уул төрөйт, – деп, көздөн кайым болот.
Элеман эртеси Кызыр айткандай кылат. Эрте күндү кеч кылбай, кемпирин жетелеп, үйүнө кайтат. Кызыр айткан жакшылык жышаанын күтүп жүрө берет. Арадан күндөр өтөт, айлар жылжыйт. Ошо айларда кемпири уул төрөйт. Атын Төштүк коёт. Эл чакырып той берет. Балалуу болуп туруп, бала эңсеген чал-кемпирдин багы кайрадан ачылат. Мойнуна тумар тактырып, бакмачыга бактырат.