Жапарали ОСМОНКУЛОВ:
Эр Төштүк
– Кокуй, достор, Жейрен секиртпестин эти кызып калыптыр. Аны токтотуп калбасак, бөөдө өлүмгө кабылат. Болгула, бачым кыймылдагыла! – деп Төштүк шашып калды.
Үч Маамыт жибек торун, Конокбай балбан керме арканын тосту. Жейрен секиртпес болжогон жерден өткөндө, ага тор жайышты. Жибек торду үзүп, керме арканга барганда кучактап кармап калышты. Төртөөлөп тегирмендин ташын мойнуна иле коюшту. Ошентип, ал Маамыт аман-эсен калды. Жөө жарыштын мөрөйүн жана Төштүк алды.
Көкдөөнүн каарынан жанына эч ким тура албай калды. Кара жер айрылып кетчүүдөй солкулдады, күйөө баласын тытмалап жечүүдөй болкулдады.
– Төштүк, канчалык кыйын болбо, баары бир ажалың менин колумдан. Бүгүнбү же эртеңби, анын мааниси жок. Азыр тогуз кап кара тарууну ушу турган өрөөнгө айланта чачтырам. Бир данын жерге калтырбай терип бересиң. Аны кылбайт экенсиң каратпай көзүңдү оём, каргантпай тилиңди кесем, анан барып жаныңды алам! – деп заарын чачты.
Төштүк эмес, эчен алптарды жалмаганын билген калайык кан Көкдөөгө каяша айталбай кашайып турду. Ал аңгыча Көкдөөдөн буйрук алганбы, жети баштуу Жезкемпир тогуз кап тарууну кан айткан өрөөнгө айланта чачты. Төштүк ушинтип балээге калды. – Тогуз кап тарууну кантип терип берем? – деп башы катты.
Күн кечкирип, түн кирди. Ээси капаланып турганда айбандан эстүү Чалкуйрукка тил бүттү.
– Эрдиги бар, эси жок Төштүк кантейин? Акылы бар, ары жок азаптуу Төштүк кантейин? Жер алдына түшкөн күн эсиңден чыгып кеттиби? Токумуңду сууга салып, күйүп жаткан кумурсканы куткарып калганыңды эстечи. Кумурсканын пашасы: “Башыңа мүшкүл иш түшсө, ушуну түтөт”, – деп өз бутун жулуп бербеди беле. Эми ошо бутту түтөтпөйсүңбү. Кумурскалар келип жер жайнаган тарууну терип, сенин алкышыңды албайбы, – дегенде, Төштүктүн оюна кумурска түштү.
– Азаматсың Чалкуйрук, өз убагында эстеттиң!– деп жан баштыгынан бутту алып чыгып, түтөткөндө кумурска жайнап кетти.
Кумурсканын пашасы чолоңдой басып келип:
– Саламатсыңбы, күйгөн отту өчүргөн Төштүк! Башың эмнеге катып отурат. Айт, эмне десең жумушуңду кылып беребиз, – деди.
– Саламатчылык, менин кичинекей досторум! Достор, башыма кыйын иш түшүп турат. Көкдөөнүн чачкан таруусун бирин койбой терип бербесеңер болбой калды, – деди кырдаалды түшүндүрө.
Сунуш айтылды, иш башталды. Андай-мындай дегиче, жер жайнаган кумурска тогуз кап тарууну терип, капка салып берди. Кылдат байкоо салып турган жети баштуу Жезкемпир кумурскалардын Төштүккө кызмат кылып жатканын көрүп, тарууну бирден жоктоп чыкты. Санаса бир баш таруу жетпей калды. Митайым Жезкемпир кара жаак айбалтасын көтөрдү.
– Өзүң күбөсүң, мөрөй биздики. Кымбат жаныңды бир баш тарууга алмаштырдың, Төштүк. Өзүңдөн көр, эми башыңды тосо берсең болот, – дегиче, бутун берген кумурска күшүлдөп-бышылдап жете келип, акыркы тарууну санака кошту.
Бир аз эле кечиксе, Төштүктүн башы кетмек экен. Кумурска жакшылыкка жакшылык менен жооп берди. Балакеттүү Көкдөө ошону менен эле токтоп калган жок. Жана мөрөй камдады.
– Бу сапар менин ак жолборсум менен күрөшөсүң. Калыстык үчүн айтып коёюн, күрөшкө калайык журт баам салып турат. Ошондуктан жыгылсаң жаның кетет, жыксаң кийинки мөрөйдү берем. Кызымдын калыңына тору жорго ат минбей, же томуктай жилик эт жебей, Чолпондой кызым Күлайымды жөнеле сага бере койбойм! – деди жекире тиктеп.
Төштүк жан баштыгынан жолборстун мурутун алып чыгып түтөттү.
– Өлгөн жанды тирилткен Төштүк, мен келдим. Буйругуңду бер, баарын аткарам. Жоолаган жооңду чалып берем! – деди, заматта жетип келген жолборс ырылдай күркүрөп.
– Кан Көкдөөнүн Күлайым кызын алып, күйүткө батып турам. Атасы мөрөйдүн артынан мөрөй берип жадатты. Бул бешинчи мөрөй. Эми жолборс менен күрөш деп кыйнап жатат. Анын жолборсун көрсөң жүрөгүң түшөт. Жанында адам чыдап тура албайт. Өтө айбаты күч неме экен. Ошону жыгып мөрөй алып бербесең болбойт.
– Анын эмнесинен коркосуң, Төштүк. Мен күндө ысык кан ичкен, жапайы токой жолборсумун. Ал бир кашык каны, көк жашык эти калган, камоодо багылган жолборс. Кармаша кетсек буйдамга келтирбей кокосун үзүп алам. Өзүн Көкдөөнүн алдына көтөрүп урам, – деди, мээнетке бүткөн кызыл жолборс.