Жапарали ОСМОНКУЛОВ:
Эр Төштүк
Төштүктүн санаасы санга бөлүндү. Аңгыча ачып көздү жумганча, анын жанында төрт Маамыт пайда болду. Аларды көргөндө сүйүнүп кетти.
– Силердин келгениңер жакшы болду, урматтуу менин жер алдынан табышкан досторум. Мен Көкдөөдөн жети тапшырма алдым. Конокбай деген жолдош таптым. Эми мени менен алтоо болдук. Тирүү болсок бир дөбөдө бололук, кокустан өлүп калсак бир чуңкурга тололук. Көкдөөнүн мөрөйүн албасак, баарыбызды калтырбай кырып салгыдай. Ошондуктан Чалкуйрукту кимиң минип чабасың? Мөрөйдү кимиң аласың?
Көпчүлүк акылдашып, атка жеңил, тайга чак Куюн Маамытты тандашты.
Ошентип Көктулпар менен Чалкуйруктун жарышы башталды. Эки тулпар биринен-бири калбай арыш керет. Адыр-адыр тоолор, какыраган кумдуу чөл артта калды. Жакындаша түшсө үтүрөңдөп үксүйө калышат. Болжогон жерге жеткенде ат чалдырышты. Жезкемпир сыйкыр өнөрүн ушул жерден көрсөтмөк болду. Топуракка күбүрөп-шыбырап тескери демин салды.
– Эки күн уктап кал, – деп Куюн Маамыттын бетине чачып жибергенде, ал уктап калды.
Чалкуйрук тулпардын боор жүнү болукшуп, ордунан жыла албай кыйналды. Ошондо жети баштуу Жезкемпир жүктөп алган кумун алып ыргытып, аттын оозун коё берди. Көктулпар төрт аягын кере чуркады. Көзгө бирде илешип, бирде илешпей зымырык куштай учуп жөнөдү. Жертыңшаар Маамыт жерди тыңшап, эмне болгонун айттырбай билди.
– Ээ, кокуй күн. Чыйраксынган Куюн Маамытты Жезкемпир алдап коюптур. Чалкуйрук тулпар болукшуп, окуранып жер чапчып Куюн Маамытты ойгото албай жатат. Кашайгыр десе, же анысы ойгонсо эмне? – деп күйбөгөн жери күл болот Жертыңшаардын.
– Досум, көп кейине бербе. Мен көргөндү силер көргөн жоксуңар,– деп Көрөгөч Маамыт кызыкты баштады. – Анаке, айбандан эстүү Чалкуйрук оң кулагын жапырды. Жер кыртышын шилеп, Маамытты көздөй сапырды, достор. Ээ, кудай өзүң колдой көр! Кызуу уйкудагы Маамыттын көзү ачылды. Кемпир аны алдап кеткенин дароо билди. Атка кайра минди. Илгери кеткен кемпирдин артынан саргара кууп кетти, достор. Чалкуйрук баскан таштар быркырап чар тарапка чачырайт. Куюндай жерди сапырып, арышты арбын салды, жаныбар. Бозоргон боз адырга келгенде, Көктулпарды кууп жетти. Алданып калып ичи өрттөнгөн Куюн Маамыт кара жаак айбалтасын колго алды. “Жаныңа келген адамды сыйкырлап уктатып салып, адыраңдап Көкдөөгө шашкан сенсиңби?” – деп, Жезкемпирди “каңк” дедире төбөгө тартып жиберди. Ай, жаныбарым, Чалкуйруктун артыктыгы ошондо көрүндү. Көктулпарды артка калтырып, сегиз бута алдыга озду. Дүбүртү жакындап маарага жеткени аз калды. Мынаке, анын өзү, – деди Көрөгөч Маамыт өзгөчө кубанып.
Мөрөй алган Чалкуйрукту Күлайым сулуу ооздуктап жетелеп алды. Басмайылын бошотуп, кызыган этин суутту. Суусунун кандырып, шиберлүү чөбүн салды. Мөрөйдү Төштүк алды. Көкдөө дагы куру калды.
Кан Көкдөөнүн утулушу анын каарын гана келтирди. Элине кайра бакырды.
– Элемандын Төштүгү эмне эле мөрөйдүн баарысын ута берет. Мен утулуп кала беремби? Жок, андай болбойт. Аны жана сынап көрөйүн. Кийинки мөрөйүм ушу болсун. Азыр жөө күлүктөрдү жарыштырабыз. Күлүгү артта калса башын алам. Озуп келсе кызымды бере салам. Ошондуктан мыктысынган эр Төштүк жөө күлүгүн камдасын.
– Мөрөйүн аткарбайм десем кызы таттуу көрүнөт. Күлайымдан ажыраганым – өлгөнүм. – Төштүктү ой чырмады. – Эми эмне кылдым? Жети мөрөйүн аткармайын, ал мени коё бербейт окшойт. Шорум кайнаганы ушу эмеспи.
– Баатыр Төштүк сырттаным, тобокел кыл, – деп Жейрен секиртпес Маамыт жардамга келди. – Кайгынын арты мүшкүл иш. Жарышка түшчү күлүгүң менмин. Мойнумдагы тегирмендин ташын алып койсом булутту чапчып, кайра түшөм. Бу мөрөйдү сөзсүз алып берем. Сен андан камтама болбо, эр Төштүк! Көкдөөнүн жөө желдети менден өтүп келе албайт, – деп өзүн-өзү сүрөп турду, Жейрен секиртпес Маамыт.
Көкдөөнүн кол жаңсоосу менен жөө күлүктөрдү тулпардан бетер айдатты. Журт дүрбөп калды. Жөө күлүктөрдү адам чыдап тура алгыс чөл аркылуу айдады. Суусу терең кечмеликтен айдады. Айдаганы Көкдөөнүн жети баштуу Жезкемпири. Ал жел жетпес жорго минип алып Жейрен секиртпес Маамыт менен Жөө желдетти ойдон кырга өткөрүп, кырдан талаага салып, тындырбай тыбыратты. Эзелтен кылып келген жаман кылыгын жана кылды. Жезкемпир жерден топурак эңип алып, ага эки күн уктап калуучу тескери демин салды. Анан Жейрен секиртпес күлүктүн бетине үйлөп жиберди. Жезкемпирдин сыйкыры ошо замат таасир этип, Маамыт эки күн уктап калды. Эки күн өткөндө, араң ойгонду. “Жезкемпир сыйкырын пайдаланып, жаман адатын дагы кайталаган экен”, – деп ойлоду. Мойнундагы тегирмендин ташын алып койгондо, зымырык куштай чү койду. Эчак алдыга кеткен Жөө желдетти басып өттү. Маарага жакындай бергенде калайык калк чуру-чуу түшүп, сүрөп калды.