Жапарали ОСМОНКУЛОВ:
Эр Төштүк
Айтып сөздү жыйгыча, алдынан бир боз сеңир көрүндү. Тоо дегени зоо экен. Бул өңдөнгөн капырды Элемандын Төштүгү эзели көрбөптүр. Ал кайраты бийик, заары күч Желмогуз кемпирдин уулу Карадөө деген дөө тура. Тоодой даңкайган, тиши канжардай калкайган неменин колуна тийип калчу болсоң ат-тонуң менен жуткудай.
– Төрт Маамытың баарың кел, Конокбайың, кыйынсынган Төштүгүң кошо келсин. Эр болсоңор алтооңор алмак-салмак мобу кол башындай боз баштыкты жерден эңип алып, ээр кашка салгыла. Ошондо силерге багынып берем. Болбойбу, баарыңды кырып таштайм, – деп, Карадөө боз баштыгын жерге таштады.
Көрөгөч Маамыт качырып барып баштыкты эңе баштаганда эле томолонуп түштү. Жертыңшаар Маамыт дагы жыгылды. Жейрен секиртпес менен Куюн Маамыт да ишке жарабады. Экөө бирдей торойду. Ошентип Төштүктүн ишенген төрт Маамыты кыргын тийген эмедей кыйрады. Төштүк таңдана, олбуй-солбуй камчы уруп качырып кирди. Кол башындай баштыкты жерден эңип алганда кабыргасы кайышты. Астындагы Чалкуйруктун сөөктөрү сынып кетчүүдөй кычырады. Аттын курсагы жерге үч тийип, көккө үч чыкты. Төштүк баштыкты колунан коё бербей катуу тырышты. Атына сүйлөнө:
– Андай-мындайда кыйын элең, Чалкуйрук. Эми мен баштыкты эңип алганда алың кетип чарчап калдыңбы? Жөн турбайсыңбы! – дегенде, былк этпей туруп берди.
– Ээ, Төштүк, балбандыгыңда сөз жок экен. Кан Көкдөөнүн кызы Күлайымды бекер албапсың. Боз баштык атым менен өзүмдүн оордук өлчөмүм болчу. Эңемин деп эси кеткен нечен дөөнү сойгом. Сен эр экенсиң. Эми өйүз-бүйүз туруп, найзалашууга кандайсың? – деди, үйдөй болгон кара балтасын имере кармаган Карадөө.
Ансыз деле Чайыңги тонун кийген Төштүк, Карадөө менен бир кармашып алууга эки көзү төрт болуп турган. Андай-мындай дегиче, Карадөө Төштүккө жетип-жетпей найза сайып өттү. Ушуну эле күтүп тургандай, астындагы Чалкуйрук коёнчо ойт бергенде найза жаза кетти. Ал аңгыча Конокбай балбан чаап келди.
– Баары бир башта бир өлүм. Эр Төштүккө мен караан болбосом, ким караан болуп берет, – деп, Алайгырына камчы уруп, Карадөөнү көздөп калды. – Оң далынын бети, омуртка сөөктүн чети! – деп күүлөнүп барып найзасын сайып алды.
Карадөөнүн көзү тунарып, үзөңгүдөн буту тайды. Мындайда Төштүк карап турабы. “Чү” дегенде Чалкуйрук аткан жебеден мурун жетти. Жеткен жерден эр Төштүк учу болот, сабы жез найзаны урганда Карадөө тулпар үстүнөн томолонуп түштү. Тургуза койбой шилиге кылычын матырып, сууруп алды. Конокбай келип такыр колтугуна кылычын кандады. Карадөөдөн эптүү кан кеткен жок. Башын кесип алып, тоодой үйүлгөн отунга кошуп өрттөп ийишти. Күлүн желге сапырышты.
Анан эки эрен аттарын көк тулаңга чалдырды. Жамбаштап жатып алып, аңгеме-дүкөн курушту. Андан кийин тоо булагына чайынып, күлазыктан ичишти. Көп өтпөй ок өтпөс тондорун кийишти. Аттарын токушту. Жай-жарагын белен байлашты. Кароолдоп келаткан Конокбай бет маңдай тараптан калың караанды байкады.
– Ыя, Төштүк, тиги жакты карачы. Караниет Көкдөө жайнаган колун алдына салып айдап алганбы. Арасында керик мингени, пил мингени жүрөт. Найза кармагандар, кылыч чапчуулар өзүнчө, балбан-баатыры башка-башка келатат. Аламан уруш болот, сыягы. Кырк чаар тулпарын таап келгенде жакпаган, барса-келбес кыямат казанына барганда, жети мөрөйүн аткарганда жакпаган сен, эми Карадөөсүн өлтүргөндө жагасыңбы? Жок, жакпайсың. Калың кол менен кармашсак шорубуз кайнайбы дейм! Бирок кармашууга туура келет. Ошондуктан найза сайсаң, ыктуу сай, кылыч чапсаң шыктуу чап, – дегиче, Көкдөө жер жайнаган желдеттерин айдап жетип келди.
– Азып-тозуп тентип келген Төштүктү аябагыла! Кылычтап башын алгыла. Жок, коё тургула. Жакшысы миңиң миң жактан кол салгыла. Ээси оогондо кармап алып, кордоп, аябай кыйнап өлтүргүлө! – деп, Көкдөө желдеттерине буюра бакырды.
Төштүк жайнаган калың колдон корккон жок. Алардын көптүгүнө да карабады. Чалкуйругун ачуу теминди. Бет келгенин найза сайып кулатты. Кылычтап уруш салды. Бир жагынан Алайгырчан Конокбай сүрүп кирди. Уруштун кызуу жеринде эр Төштүк Көктулпарын минип, темир калкан тон кийип, камандай чамынган кан Көкдөөнү көрдү. Көрөр замат тик качырды. Ал да оңой жоо көрүнбөдү. Баатырларча каршы алды. Экөө көпкө найзалашты. Найзасы кыйрап калганда Айбалта чабышты. Ал да быркырады. Кезек Чоюнбашка тийди. Кезектешип чабышып, тулпарлар бели майышты. Аркы-терки сүрүшүп, акыры жаага өттү. Темир тулга тытылды, ок өтпөгөн чопкут тон канжыгадай тилинди. Көргөндөр жандан түңүлүп, айгайлап турушту. Бир убакта айласы кеткен Көкдөө кача берди. Төштүк аны узата койбой кыр аркасына найзасын булуп алды. Көкдөө атынын күлүктүгүнөн гана аман калды. Желдет-балбандарын жыйып агынан жарылды.