Жапарали ОСМОНКУЛОВ:
Эр Төштүк
– Көкдөө, Көкдөө болгонум, Көкдөө атка конгонум далайы менен кармаштым. Далай алп-баатырын, дөөсүн тындым кылгам. Асти, Төштүктөй кыраан көрбөпмүн. Омурткамды оёо сайып, менин түбүмө жетмек болду. Бүгүн эсим кетип, өтө кайгырып турам. Жети баштуу Жезкемпиримден айрылдым. Жети күн катар кармашып Карадөөмдү союптур. Жети мөрөйдүн жетөөнү катар сомдоду. Кулак угуп, көз көрбөгөн бу кандай балээ эр эле? – деп Көкдөө көз жашын көлдөтө, арманын айта баштады.
Бирок ага арманын айттыра койгон жок. Жаңы эле баштаганда, Конокбай балбан сызып келип, башынан тулгасын учура чапты. Артынан ызырына чаап келген Төштүк акыры мүдөөсүнө жетти. Кылычын көккө булгалаган баатыр кадимки Көкдөөнүн башын быркырата шилтеди. Ошентип бадырайган Көкдөөнүн көзү сүзүлүп, жаны үзүлүп кетти. Көкдөөнүн өлгөнүн көргөн желдет-баатырларынын баары аттан түшүштү. Чуркурап келип, жалына тизе бүгүштү.
– Каныбыздын акмактыгы түбүбүзгө жетти. Калың журтта не жазык? Жеткире кырсаң биз мына. Баатыр эки тизгин, бир чылбыр колуңа тийди. Эмне кылсаң эрк өзүңдө, Төштүк, – деп, камчысын мойнуна илип турушту.
– Жигиттер, силерде күнөө жок. Кан айтканы менен болгон элде не күнөө? Эми силердин каныңар бөлөк болот. Ал адилеттүү, эли-журтуна күйүмдүү кан болсун! – деп Төштүк Конокбай баатырды жер астына кан көтөрдү.
Төштүктүн аркасы тийип, сөөлөтү бийик кан болгон Конокбай, баатыр досунун урматына чоң той өткөрүп берди.
ТӨШТҮКТҮН ЧОЮНКУЛАК ДӨӨНҮ КУТКАРГАНЫ ЖАНА АЛПКАРАКУШТУ МИНИП, ЖЕР ҮСТҮНӨ ЧЫККАНЫ
– Жер астына түшкөндөн бери жети жыл өтүптүр. Карыган ата-энемдин күнү не болду? Ошончо жыл өз эли-журтуңду, ага-тууганыңды көрбөй жашоо кыйын экен. Эми кандай айла табармын, – деп өз дартын өзү козгоду.
Мууну бошоп шылкылдап, Чалкуйрук тулпарын чылбырдан алып булкуп-силкип жиберди. Тулпары ошо замат сакага айланды. Саканы ала коюп жан баштыгына катты. Алпкаракуштун канатын алып чыгып түтөттү. Ойлонуп оюн жыйганча, төмөн куушурулган Алпкаракуштун дүркүрөгөн добушу угулду. Канатынын күүсүнөн жыгач сынып, таш кулады. Эр Төштүктөн башка жан болсо, эбак эсинен танмак. Себеби тоонун теңиндей чоңдугун, көлдүн ордундуй көзүн, темирдей бекем текөөрүн көргөндөр жүрөгү түшүп өлмөк. Катылган жанды жөнеле эки чокуп, бир жуткудай.
– Алпкаракуш, мен азыр аябай капаланып турам. Чоң ишке жарап бербесең болбойт, досум. Мени батырак ата-энеме, эли журтума, сүйгөн жарым Кенжекеге жеткир. Ошондо санаам тынчыйт, көңүлүм ачылат.
Төштүк ичиндеги дартын билдире айтты.
– Сен экөөбүз акыреттик досбуз. Менин балдарымды ажыдаардан сактап калдың, досум. Сага кантип жардам бербей коём. Берем. Самаган жериңе жеткирем. Бирок жакшы азыктанбасаң күч кайда дегендей, менин тамагым жаман. Бат-баттан азыктанып турбасам, канатым оорлошот. Алым куруйт. Ошондуктан сапарга чыкканда оң бутума кырк, сол бутума кырк бугу ил. Алар мага азык болот. Жети күндө жер үстүнө чыгабыз. Өзүм деле ушул күндү жети жыл күттүм, досум.
Айтып оозун жыйгыча, Төштүк өзү аткан бугудан оң-сол бутуна кырктан илип берди. Күлайым, Быйты күң, Төштүк кыркалекей отурушту. Алпкаракуш учуп жөнөдү. Көп күн тынбай учту. Убакыт өткөн сайын Алпкаракуштан ал кетти. Канат күүлөшү басаңдады, жүрүшү акырындады.
– Төштүк, сен өзүң бир чоң тоодойсуң, Чалкуйругуң да чоң эки тоого барабар. Үч тоону көтөргөн менде кайсы ал калды дейсиң? Азыгың болсо алып чык, өзөрүп өлүп калбайын. Эки күндүк жол калды, – деди алсыраган Алпкаракуш.
Анткени анын жүрүшү өр тартпай, кайра улам ылдыйлап бараткандай сезилди.
– Жер алдына түшкөндө эле тозоктун эмне экенин билгем, – деди эр Төштүк эрдин кесе тиштенип. – Чечкиндүүлүк кылбасам ошондо чындап өлөм. Орто жолдо калам.
Төштүк ойлонбостон эки ийри такымынан көнөктөй болгон эки сулп этти шарт кесип алып, Алпкаракушка жедирди.
– Ох, кандай таттуу неме эле. Мындай эт эзели жеп көрбөпмүн. Мага берген ушул этиң миң бугунун эти менен тең болду, досум. Жети эсе артык күч топтодум. Канатыма күч-кубат бердиң, – деп жер үстүнө чыгып, оркойгон тоонун урчугуна барып конду.