Жапарали ОСМОНКУЛОВ:
Эр Төштүк
– Айланайын төрт Маамыт, мени уккула! Кумурскаларды өрттөн сактап калбасак болбойт. Өнөрүңөрдү эми көрсөткүлө, – деди Төштүк күйүгө.
Андай-мындай дегиче Жейрен секиртпес Маамыт кийизди суулап келип, эр Төштүккө кармата койду. Ал суу кийиз менен отту сабап кирди. Көп өтпөй алоолонгон өрт кумурсканын уюгуна жетпей жалп өчтү. Кумурска өрттөн аман калды.
– Эр Төштүк, жаныбызды аман алып калдың. Ага чексиз ырахмат, – деди кумурскалардын пашаасы ыраазычылыгын билдирип. – Бизди кичине дебе. Учуру келгенде кичине неменин да көмөгү тийет. А көрөкчө, мобу бутумду ал, – деп бир бутун жулуп алды. – Мээнеттүү башыңа иш түшсө түтөтө сал. Дароо жетип келип, жабыла жардам беребиз, – деди.
Төштүк “Макул” деп андан ары жол жүрдү. Жүргөндө да мол жүрдү. Кулан аңдып, аркар кууп, кең талааны тепчип келе берди. Ээрчиткени төрт Маамыт ээн талаада оюн салды. Чарчаганда баары калың чийдин түбүнө эс алганы токтошту. Чыканактап тынч алып, алп уйкуга батышты. Тараза жылдыз батты. Таң кылайып атты. Ошондо гана Төштүк ойгонду. Жер тыңшаар Маамыт туталана кеп айтты.
– Өөдө бол, Төштүк! Жер алдындагы падышалыктын каны Көкдөө сенин келериңди эбак билиптир. Кандын Күлайым деген кызы кусадар болуп, сени күтүп жүрүптүр. Ошо кызы сенин айыңдан ат башындай алтынды жезкемпирге бериптир. Ал дуба окуп, көз байлап, сени жер астына азгырып алып кириптир. Өзүң байкоо салып барып кел. “Макул” десе, ошо кызды алып кел. Жер астында андан өткөн сулуу кыз жок. Сени келди десе аябай сүйүнөт, эт-жүрөгү эзилет. Күтүп жүргөн ашыгыңдан кабар албасаң болбойт. Акыреттик төрт Маамыт ушул жерден күтөбүз, – деди ашыгына шаштырып.
ТӨШТҮК МЕНЕН КҮЛАЙЫМ
Элемандын Төштүгү күндөй сулуу Күлайымды көрүүгө ашыкты. Ашыктыктын айынан Көкдөө эрдин шаарына шапа-шупа аттанды. Канча жол жүргөнүн, канча убакыт өткөнүн билбеди. Күн кечкирип, таң атканда Чалкуйрук атына тил бүттү.
– Төштүк, эрдигиң бар, эсиң жок энөө экенсиң. Мен көргөндү көрбөй, мен билгенди билбей кайда шашасың? Тээтиги, мунарыктын этегиндеги карарган немени көрдүңбү?
– Ай, Чалкуйрук бууданым, айбан да болсоң акылың зирек. Мени билесиң да. Караңгыда суу ичип, көзүмдү кудай уруптур. Түгөнгүрдүн көзүнө түк эчтеме көрүнбөйт. Анан калса кечээтен бери жол жүрүп, катуу чарчап калыпмын.
– Кокуй Төштүк жан досум! Олбуй-солбуй камчы уруп, оң-тетири темин. Ачып көздү жумганча, алып жетип барайын. Тээтиги карарган Көкдөөнүн журту. Ал сени келет деп капкачан эле элин көчүрүп кетиптир. Сени сүйгөн, сени күткөн Күлайым сулуу: “Сүйгөнүм Төштүк качан келет? Канткенде мага жетет?” – деп алтын кулак сөйкөсүн эски журтуна белги кылып таштаптыр. Ошол жерге жете көр. Сөйкөсүн жоктогон Күлайым эски журтуна сөзсүз келбей койбойт. Сен ага ошол жерден жолугасың. Кызга жакын калганда, сөйкөгө жетип барганда: “Кубул, Чалкуйрук, тез кубул!” – деп чылбырдан катуу силксең, мен алтын сакага айланам. Күлайым үзүлгөндү улаган, чачылганды жыйнаган мыкты жар болот. Ушуну эсиңе түй, баатыр. Тизгинди тартпай, жай карма. Эми кара сооруга камчы чап, Төштүк! – дегенде Чалкуйрук айткандай кылды.
Такымга камчы урган Төштүк тизгин жайып, атты жайына койду. Чалкуйрук ээсин муундуу чөптүн үстү, булуттуу көктүн асты менен алып жүрдү. Адам барып, эл көргүс жерге барды. Алмасы аттын башындай бакты, көк тиреген чынар теректи аралатты. Ал теректин бутагына Күлайым сөйкөсүн илип жүрүптүр. Анткени ал сөйкө алыстан эле Төштүктүн көзүнө илинди. “Оо, жараткан, жолум болгону турат. Эми дароо илип албасам болбойт”, – деп кудайлап, сөйкөнү алар замат, жан кисеге жашырды. “Кубул, Чалкуйрук, тез кубул!” – деп тизгенди катуу силккенде, тоодой болгон Чалкуйрук алтын сакага айланды. Саканы ала коюп жан калтасына бекитти. Аңгыча алды жагынан чаң ызгытып келаткан аттын топураган добушу чыкты. “Мына кызык, бул дагы эмнеси болуп кетти?” – деп аң-таң калган Төштүктүн жаны чырылдап, жүрөгү дүп-дүп сокту. Шашпай байкоо салса, түзеле ага карай кара аргымак минген бирөө учуп-күйүп келатат. Үстүндөгү мингени Күлайым кыздай өңдөнөт. Мелтиреген кара көздүү эр Төштүктү көргөндө, кусага баткан кыздын жүрөгү кубангандан жарылып кете жаздады.