Жапарали ОСМОНКУЛОВ:
Эр Төштүк
Төштүк туруп берди. Кара таз катуу чиренди. Эси-көөнүнөн кеткис кылып, өлтүрө чертейин деп ойлоду. Бирок анын аракети текке кетти. Анын черткенин чиркей чакканчылык көргөн жок, жаңы таз. Анан кара таз турду. Ал ашыккан жок. Ойноп гана чертип койду. Бирок ошо чертүүнүн арты жаман аяктады. Уй кайтарган шеригинин башы быркырап, турган жеринде жан берди. Төштүк ары карады, бери карады. Көзүнө бөлөк-бөтөн киши урунбады. Ошондо гана шашылыш аң казды. Ичинен бирдеме деп күбүрөп, тазды аңга ыргытты. Топурак шилеп, үстүн тегиздеп салды. Күн шашке болгондо уйларды жайытка айдады. Дарыяга келгенде ошончо көп уйдун бири сууга түшсөчү. Кыйкырса да түшпөдү. Колундагы таяк менен күрс-күрс токмоктоду. Үркүтө өкүрүп-бакырды. Ага да көнбөдү, көгөргөн көп уй ордунан жылбады. Анткени кара таз айткан сөздү унутуп калыптыр. Эстей албай кыйналды. Ошентип жаны аябай кашайды. Ачуусу күчүнөн көрүндү. Каарына чыдабай колуна тийген уйларды биринин артынан бирин, Көкдөөнү көздөй көкөлөтө ыргытты. Өйүздөн Көкдөө жаны чыга бакырды.
– Эй, кутурган таз, сени элеби! Уйдун баарын ыргытып, мени таптакыр кууратмак болдуң. Эй, кутурган көк мээ, “Кечүү башта!”– деп айда, “Жорго торпок!”– деп айда, акмак таз! – деп чаңырды.
Төштүктүн ошондо эсине келди. “Керең уй, кечүү башта”, – деп көк өгүздү чапканда, дарыя тушарга чыкпай калды. “Жорго торпок башта”, – дегенде уйлар артынан сууга кирди. “Байлан уюм, байлан”, – деп бакырыкты салганда, уйдун баары байланып калды. “Саал уюм, саал”, – дегенде саалып калды. Ошондон кийин гана уйларды сарайга калтырып, өзү эс алууга кетти.
ТӨШТҮК ЖАНА ЖАЛГЫЗ КӨЗДҮҮ ЖЕЛМОГУЗ
Кийинки күнү Элемандын сырттаны уйлар турган сарайга кызыгы артып, карап көрмөк болду. Сарайдан бешөө экен. Баары тең бири-бирине куюп койгондой окшош салыныптыр. Уйкананын ичинин кенендиги, сыртынын бекемдиги өзүнчө эле укмуш. Таң калтырганы түнү беш сарайдын баарын кара кулпу кайтарганы кызыктай туюлду. Күндүзү гана ачык болот экен. Эчтемеден кабары жок Төштүк сарайдын бирине баш бага калып чочуп кетти. Көзүнө жалгыз көздүү желмогуз көрүндү. Чоңдугу тоонун сеңириндей бар. Анысы эчтемеден бейкапар дардайып уктап жатыптыр. Мышыктай болуп бырылдап тарткан коңуругу майда жандыктын жүрөгүн түшүрчүүдөй күркүрөйт. Уйкусу катуу көрүнөт. Кез-кез ары оодарылып, бери оодарылып чукуранып коёт. Же түш көрүп жатабы, түшүнүксүз бирдемелерди булдураган болот. Тири шумдук өңүн көрсөң жүрөгүң түшөт. Уктап жатпаган болсо, адам деген пендени шапалак менен чымын өлтүргөндөй мойсомок тура. Төштүк, Төштүк болгону, Төштүк атка конгону мындай шумдук көрбөптүр. Аңгыча бутуна чачы оролгон, кермаралдай керилген бирөө келип Төштүк менен амандашып калды. Көзүнө жылуу учураган неме өз элиндеги Быйты деген күң экен.
– Чачымды жакшылап өрүп, башымды азат кыл, Төштүк. Мен жер үстүндөгү Кайып кандын кызы, ургаачынын узу элем. Жети баштуу жезкемпир мени азгырып келип, адам чыккыс темир торуна салып койду. Бу желмогузду өлтүрбөсөң сени да соо койбойт. Жети күндө жердин астын, дагы жети күндө жердин үстүн кыдырып келет, бу желмогуз. Он төрт күнүн ушинтип уктап өткөрөт. Он бешинчи күнү ойгонуп, дароо темир шишин колго алат. Анткени курсагын кампайтуунун камын жебесе болбойт да. Адатынча төрт төөнү катар союп, отко кактап бышырат. Анан тойгончо карсылдатып жей берет, жей берет. Анан тегирмендин ташын айланткан бир арык сууну ичип коёт. Сен өңүтүн таап, өз шиши менен жалгыз көзүн оюп ал. Антпесең жолуң ачылбайт. Ал тирүү эле турса, эч бир пенденин алы жетпейт. Азыр жезкемпир кызуу уйкуда. Кыябын таап, көзүнө шишти таамай сай. Өчтү ушинтип алып бер, эр Төштүк, – деп жобурап ийди, Быйты күң.
Төштүк ойлонуп турбастан, кыпкызыл болуп кызып турган темир шишти астейдил колуна алды. Шатыга чыгып желмогуздун өлө турган жерин издеди. Анан:
– Жайнаган жалгыз көзүм ай! – деп кыпкызыл болуп кызыган шишти матыра сайды.
Темир тийгенде көздөн дыркырап сары суу акты, кареги “топ” этип жерге түшүп калды. Желмогуз жанталпастап ары чабылды, бери чабылды. Тилекке каршы, колуна эчтеме урунбай, кансырап жатып калды. Ошондо Элемандын Төштүгү Кенжеке берген узун шамшар бычакты жүрөгүнө сайып, сууруп алды. Кан атып кетти. Быйты күң чуркап жетип, кочушун тосту. Желмогуздун канынан ырымдап үч ууртам жутту. Ошентип чоңдугуна карабай ажалы жеткен жети баштуу жезкемпирдин жаны чыкты.