Жапарали ОСМОНКУЛОВ:
Эр Төштүк
– Кудайым сүйгөнүмдү келтирди. Эми багым ачылар бекен? Алтын алмам, таз кейпин кийген эр Төштүккө барып тий! – деп колундагы алмасы менен тазды уруп калды.
– Ай, ай, бу эмнеси?! ...Кандын кызы жаңылдыы-ы!.. – деген кыйкырык чыкты.
– Ээ, кокуу-уй, шерменде! ... Эми таздын башы алындыы-ы!.. – деген муң чыкты.
Ушинтип эл чуру-чуу түшүп калды.
Көкдөө ачуусуна чыдабай элин кайра-кайра чубатууга айдады. Күлайым да чарчадым-чаалыктым дебеди. Колундагы алмасы менен кайра-кайра урду. Урган алмасы кайра-кайра тазга барып тийе берди. Тийген сайын Көкдөө кыжырлана көктүгүн көрсөтө берди. Элин тыным алдырбай дагы чубатууга салды. Дагы чубатса, алмасы дагы тазды тандады. Таздан бөлөгүнө барбады, сүйгөнү эр Төштүктөн айрылбады, байкуш Күлайым. Он кайталап чубатса, он кайталап урду. Ону тең тазга барып тийди. Ушинтип ата менен кыздын көктүгү элдин эсин эки кылды. Көкдөөнү кыжалаттык басты. Чыдай албай башын мыкчыды. Бирде отура калса, кайра тура калып атты.
– Ырыска туулган кулунум, тазга тийчү сен эмес! Ар ким тең-теңи менен тезек кабы менен болгону жакшы. Мен сенин бул тандооңду түк кабыл албайм! – деп бакырды.
– Баатыр да сендей болобу? Шүк койсо, тимеле каарданып болбойсуң. Элиңди бүт жыйып алып, чубатууга салдың. Эл чарчаса да, кызың экөөң чарчабадың, – деп аялы чырылдап кайрадан ортого түштү. – Чоң кызыңдын тийгени кандын уулу Канбача болду. Ортончу кызың бектин уулу Бекбачага тийди. Кенжесинин тийгени ылжыраган таз болду. Мунун эмнесине теригесиң?! Кыздарың өзү тандады. Эми ошо тандаганы менен бактылуу болушсун. Же башка да айтарың барбы? Болсо айт, болбосо ушунусуна шүгүр кылалы. Бүтүмүңдү чыгарып, жарлыгыңды айта бер, каным! – деди аялы, жалооруй тигилип.
КӨКДӨӨНҮН КҮЙӨӨ БАЛДАРЫН СЫНАГАНЫ
Бу жолу да Көкдөө аялынын айтканын эп көрдү. “Кыздарым кимди тандаса, ошо өмүрлүк жар болсун”, – деген жарлыгын токуду да, элге кабар айтылды. Бирок күйөө балдарына ичи чыкпай, чийки май жуткандай кыйналып жүрдү. Көп өтпөй каардуу кайната күйөө балдарын сынамак болду. Желдеттерин жөнөтүп, күтүп калды.
– Атаңдын көрү дүнүйө! Же кандыра калың бербеди, же тойдура той бербеди, булар. Не дейин, арманым аттын башындай. Күйөө балдарды тез чакыргыла! Кызматын көрсөтсүн. Тун куландын өзүнөн токсонду атып келсин. Антпейт экен, көзүмө көрүнбөй ошондон ары жоголсун. Мага колунан иш келбеген күйөө балдардын кереги жок! – деп ичтеги бугун чыгарып алды, Көкдөө.
Бирок кол ийрисине тартып кетти. Кантсе да Канбача кандын уулу, Бекбача бектин уулу эмеспи. Аларга өзгөчө сый көрсөттү. Ал тургай ок өтпөс тон кийгизди, ок жетпес ат мингизди. Жаа, жебесин мол берди. Уйга кошуп, уйканага жайгаштырган тазды күйөө бала ордуна көргөн жок. Ушинтип көз көрүнөө бөлүп койду. Кенже кызы Күлайымдын ичи өрттөнүп, атасына чуркап келди.
– Атаке, адам адамдан кем эмес. Күйөө балаңыз жөө жалаң жүрүп кантип аң уулайт, кантип кулан атат. Жок дегенде менин күйөөмө бир ат бериңиз. Кудай үчүн, сизден суранып калайын, ата.
– Таздын кулан атты дегенин такыр укпаптырмын, кызым. Ачуума тийбей ары турчу, – деп атасы кызын тыйып койду.
– Ыя, какбаш, кызыңды ыйлатып эмне таптың? Жок дегенде тиги койго жетпес Коңурбоз кашаңды бер. Бастыра албай белде өлсүн. Белде өлбөсө мээ кайнаткан чөлдө өлсүн. Кызыңдын көөнүн оорутуп эмне таптың? Тазды жоготуунун амалы ушу. Болбосо тиги кара буураны келаткан жолуна айда. Коңурбоз жүрбөй калганда, тазын атына кошуп эки бөлүп таштасын. Ошентип бир ок менен эки коён атпай жаның жокпу? – деди аялы кырдаалды жөндөп.
– Макул, сен айткандай болсун, – деп Коңурбозду эптеп токуп, аткарып жиберди.
Төштүк Коңурбоз кашаңды уйканага байлап коюп сакасын өкчөдү. Сака Чалкуйрук тулпарга айланды. Тулпарды минип ууга жөнөп калды. Ээн талаанын экинчи бурумуна жеткенде алдынан жинденген кара буура чыкты. Атты үстүндөгү киши-пишиси менен жуткудай түрү суук неме тик качырды. Жини кайнаган Төштүк булдурсун менен капталга чаап-чаап жиберди. Булдурсун тийген буура үч жыгылып, үч турду. Жаны кыйналып кабыргасы сөгүлдү. Аны таштай коюп, ээн талаага чапты. Караса Канбача менен Бекбача ал жерден аркар-кулжа куумак тургай чычкан таппай дөөдүрөп, курулай тентип жүрүптүр. Кийик-кайберен атып көнгөн Төштүк, адатына салып, кийикти ойдон кырга, кырдан ойго кубалады. Эсепсиз жыкты. Чалкуйрукту чынарга байлады. Жан казанга чүйгүн эттен толтурду. Отту алоолонто жагып, бышырып алды. Казы кертип, жал жеп атканда Канбача менен Бекбача кулдук уруп келип, Төштүккө жалына минтишти.