Жапарали ОСМОНКУЛОВ:
Эр Төштүк
– Эй, ары-бери аңтаңдап качып жүргөн сен кимсиң?– деп суроо салды Төштүк.
– Шашканым, качканым да чын. Менин тилегимди кудай берди. Эгер мен ойлогон Төштүк сен болсоң, Төштүккө кызмат кылуучу Жер тыңшаар Маамыт мен болом. Күн чыгыш менен батыштан эмне угулса айтып берем. Өөдөдө өбөкмүн, ылдыйда жөлөкмүн.
– Абдан жакшы, Жер тыңшар Маамыт. Кел анда достошолук, – деп, Төштүк кучагын жайды.
Сапар андан ары уланды. Аңгыча алардын жанына дагы бирөө жетип келди. Анысы атка минсе кишидей, жөө жүрсө желмогуздун тишиндей болгон кичине неме көрүндү. Кичинекейлигине карабай шайырдыгы билинди.
– Тогуз уулдун кенжеси, берен Төштүк эсенсиңби? – деп саламын айтты, кичинекей киши. – “Төштүк келер бекен?” деп күтүп жүргөн, атка жеңил, тайга чак Куюн Маамыт деген мен болом. Сенин келишиң менен менин абийирим жабылды. Жер астында Көкдөө, Кара кан деген падышалар бар. Алар бизге кас, ошон үчүн сени келер бекен деп күтүп жүрдүк. Көкдөөнүн кызы Күлайым Элемандын Төштүгүнө ашык экен деп угам. Кызды го колго тийгизебиз, бирок Көкдөөнүн жети баштуу жезкемпирин не кылабыз? Анын колунда коркунучтуу темир ийрек тору бар. Көкдөөнүн адам түшсө чыга албас абдан терең ору бар. Аларды кайтарып турган жалгыз көздүү балбандары, барган жанды кайнаткан кырк кулачтуу казаны дагы бар. Сен ушуну билип ал, Элемандын сырттаны, – деди Куюн Маамыт.
Анан экөө ийин кагыштыра кучакташып дос болду.
Аңгыча ачып көздү жумгуча, алардын жанында Көрөгөч Маамыт пайда боло калды. Ал да эр Төштүктүн келерин билген экен. Келсе аны менен акыреттик дос болом деп жүрүптүр. Эңсеген тилегине жетип, Көрөгөч Маамыт Төштүктүн күн чыгыш менен күн батыштагы аралыкты көрүп берер жолдошу болду. Ошентип Элемандын Төштүгү жер алдына түшүп, төрт Маамытка жолукту. Алар менен жолдош болду. Кучакташып достошту. Жамандык-жакшылыкта бир болууну чечишти.
Кайрадан жолун улаган Төштүк кыялай бастырып, белеске чыкты. Жол азабы, көр азабы дегендей, чарчаганын сезди. Демин басты. Айлананы суктана карады. Аңгыча кулагына адырдын төмөн жагынан чыккан чыркыраган ачуу добуш угулду. Мойнун созуп караса, кичинекей тектирчеде жолборс жатат. Көзүнөн шоросу куюлуп, жүдөй түшүптүр, байкуш. Дагы адамча үн катканы таң калтырды.
– Өчүп бараткан отумду жандырып, суу берчи, Төштүк! Кайран буттан айрылып, бир үзүм этке зар болдум, Төштүк! Чымындай жаным чыркырап чыгып кетпесин, тамырыма кан, өзүмө жан берчи, Төштүк! – деп зарлаган жолборсту аяп кетти.
– Элимен азган мен байкуш, бутунан азган сен байкуш. Жолборско жакшылык кылбасам болбойт, – деп ылдый жүгүрүп түштү.
Караса жолборстун бутуна чөңөр кирип кетиптир. Чөңөрдүн киргенине көп болгон го. Бутун ириң тээп, баса албай калыптыр. Төштүк дароо болот кестигин кындан сууруп чыгып, чөңөрдү сууруп алды. Суурулган жерден ириң аралаш кан акты. Бир аздан кийин жаралуу жолборстун жаны жай ала түштү. Оорусу басылып, көзү умачтай ачылды.
– Төштүк баатыр, жаныңа мүшкүл иш түшсө мени чакыр. Жардам берем, – деп мурутунан жулуп берди. – Ушуну түтөтсөң дароо келем, – деди да көздөн кайым болду.
Кайра жүрүш уланды. Калың токойго кирип келгенде: “Оой, Төштүк, мага жардам бер!” – деген аюунун бакырыгы кулагына шаңк этти. Дароо жетип барды. Караса килейген аюу түбү терең орго түшүп калыптыр. Капталдары тик жардан чыгам деп тырыша берип, тырмактары сыныптыр. Мынча келбесе аюу өлүп калмак экен. Төштүк ойлонбостон узун кулач арканды орго таштады. Бир учун атынын ээрине байлады.
– Арканды белиңе бек оро! Азыр тартып чыгабыз! – деп бакырды.
Аюу Төштүктүн айтканын аткарып, арканды белине чырмады. Чалкуйрук тулпар даярдыгын билгизгендей ооздуругун кемирип, туйлап турду.
– Чү жаныбарым! – деп соорусуна урганда аюуну ордон сүйрөп чыкты.
– Эр Төштүк, бу жакшылыгыңды өмүр бою унутпайм. Башыңа мүшкүл иш түшсө, ушуну түтөт. Дароо жетип келем, – деп мурутунан жулуп берди.
Төрт Маамытты ээрчиткен Төштүктүн жүрүшү кызыктарга бай болду. Ийри-буйру жолдордон өтүп, учу-кыйыры жоктой мелтиреген талаага кез келди. Бет маңдайдан уюлгуган түтүн көккө көтөрүлгөнүн көрүп, шашып келди. Өрттүн чыкканына бир топ болуптур. Дөңкөйгөн дөбөчөдө кумурсканын уюгун көрүп, Төштүк аттан секирип түштү.