Жапарали ОСМОНКУЛОВ:

Эр Төштүк

Жапарали ОСМОНКУЛОВ:

Төштүк акылдуу тулпарынын айтканына көнөт. Тулпары эки капталынан канатын чыгарып, аркырап учуп кемпирдин алдына тезеле барат. Тизгинди тарткан барабар Чалкуйрук тулпардын айтканын айткандай, дегенин дегендей так аткарат. Желмогуз кыздарына алаксып, артын карай калганда, Төштүк өгөөнү эңип ала коюп, чү коёт. Кемпир онолуп, сокусун минип, сокбилегин камчылаганча бир топ узап кетет.

– Ор, ийрегим оргун, ылдам жетип Элемандын Төштүгүн аты менен соргун! – деп сүйлөнө, кемпир куугунун токтотпой, сокосун сокбилеги менен чапкылап артынан кууп жөнөйт. – Төгөрөктүн төрт бурчун, төрт айлана куубасам, кемпир атым өчсүн! Күүлөнүп барып күчүңдү алам, жетер менен союп салам, ары жок Төштүк? – деп, кулак-мээнин тынчын ала айкырат.

Желмогуздун ийрелеңдеген ийреги эр Төштүктү оруп кете жаздайт. Ийректин күүсүн сезгенде, Төштүктүн билегинен күч, жүрөгүнөн кан кетет. Адам жүргүс, жан баргыс чөлгө кире качат. Тоодон зоого, коодон төргө өтө качат. Ошондо да:

– Ор, ийрегим, оргун! – деп тажаалдана кыйкырган кемпир артынан калбайт, каруу-күчтөн талбайт.

Бир кезде Төштүк кылчая караса, желмогуз куйрук улаш келип калыптыр. Ошондо ал чыдабай кетип, атын камчылап жиберет. Камчы тийбес Чалкуйрукка, катуу камчы тийгенде, араандай оозу ачылат. Канатын шумдуктуудай күүлөйт, шамалдай сызып жөнөйт. Ошондо эби кетсе да, амалы кетпеген кемпир:

– Бөлүнгүрдүн кара жери бөлүнгүн, жарылгырдын кара жери жарылгын! – деп колундагы сыйкыры күч ийректи Төштүктүн башынан ашыра ыргытат.

Ийрек жерге түшкөндө айлананы кыямат кайым каптагандай, жүрөк түшүрө дүркүрөгөн добуш чыгат. Заматта жер тең экиге бөлүнүп, оңурая жарылып кетет. Желмогуздун балакет баскан амалы жолду ушинтип торойт.

Чалкуйрук тулпар көктөн төмөнгө карай атылган жебедей сызып келатты. Ээси не кылар айласын таппай, атын тизгиндөө менен убара. Бирок катуу күүлөнүп алган ат тизгин тартканга карабады. Оозун бурдурбай жер астына түшүп кетти. Көрдөй караңгылык Элемандын эр Төштүгүнүн үшүн алды. Жүрөгү лукулдап, башы ооруду. Желкеси тырышты. Тулку бою оорлошуп, көңүлү айланды. Көзүнө эчтеме көрүнбөдү. Бир оокумда Кенжеке даярдаган күлазык эсине түштү. Ак баштыкка колун салды. Күлазыктан таңдайына так эттире таштады. Шимире баштаганда уюган жери басылды, көзү умачтай ачылды. Караса чөлгө барып түшүптүр. Көзүнө көз талыткан боз дөбөлүү адырлар урунду. Кызыгы артып, айланасын сынай карады. “Жер астында деле турмуш кызуу өтүп жатыптыр. Чөл-адыры, тоо-ташы, бак дарагынын кооздугун айт. Жер үстүндөгү көргөн нерсеңден эч айырмасы билинбейт. Эми ушул кооз жердин падышасы ким болду экен?” – деп ойлоп, адыр аралай ичинен кыңылдап келатты.

 

ТӨШТҮК ЖЕР АСТЫНДА

Аңгыча тунжураган мунарыктын ары жагынан эрбең-сербең этип жүгүрүп жүргөн бирөөнү байкап калды. “Карап көрөйүн. Ак ниеттиги бар болсо жолдош кылып алайын. Кара ниеттиги билинсе дароо тындым кылайын”, – деп ойлоду, Төштүк. Астейдил караса, тикилдеген сөзү, тик караган көзү бар адам экен. Анысы аз келгенсип тегирмендин чулу ташын мойнуна илип алыптыр. Ошонусуна карабай текирең-таскак эте секирсе бирде көктөн, бирде жерден көрүнгөнү кызыктай туюлду. Эр Төштүк Чалкуйрук аттын оозун буруп, ал-жайын сурады.

– Эй, өөдө-төмөн желиккен сен кимсиң өзү? Душмансыңбы, же доссуңбу? Ачык айтып, ак сүйлө. Болбосо менден бирди көрөсүң.

– Жер үстүнөн эр Төштүк деген баатыр жер астына түшөт деген кабар келген. Астындагы Чалкуйрук деген атынын дүбүртүнөн ар кандай жан өлөт деп уккам. Ошондуктан алапайымды таппай шашкандыгым чын. Мен желгениме жел, басканыма мал жетпеген Жейрен секиртпес Маамыт деген болом. Элемандын сырттаны Төштүк келсе, жөө күлүгү болуп берем деп күтүп жүргөм.

– Жейрен Маамыт, бу жакшы ниет. Кел анда, кол кармашып дос бололу. Жети күндүк дүйнөнүн кызыгын бирге көрөлү. Сен кандай дейсиң?

– Кандай демек элем, жакшы дейм. Мен айтканыңды кабыл алам, эр Төштүк.

Экөө андан ары жөнөдү. Боз дөбөгө чыга келгенде өөдө-төмөн тоңкоңдоп, жерди тыңшап желиккен дагы бир адамга жолукту.

08.01.2026

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.