Жапарали ОСМОНКУЛОВ:
Эр Төштүк
– Сен да билип кой. Элеман уулу Төштүккө бу дүйнөдө тийбейм. – Айсалкын теригип кетти. – Бүгүн көргөн эртең жок, атаңдын көрү, дүйнө бок. Кенжеке, кулагыңа күмүш сырга, Элемандын сырттаны бу дүйнөдө сеники, о дүйнөдө меники! Куттук айтсам, сен куураткандай кеп айттың, калжактап жөнү жок мени уруштуң, долу! Аташканың сырттанды жети жыл катар көрбөй кал, долу! Эр үчүн какшап зарланып, тирүүлөй жесир болуп кал, долу! – деп, жазгы күнкү чартылдаган чагылгандай “чарт” эткен Айсалкын изин калтырбай жоголду.
Күнүлөшүнүн кебин угуп, Кенжеке карбаластап калды. “Бул жерден батырак башка жакка көчүп кетели” десе кайнатасы ынабады. Малын тосуп жүрө берди. Бай экени курусун, малга кароо Элеманга жолугуп, жети баштуу желмогуз кемпир мүшкүлдү салар чагы экен. Ал ошону билдиби, билбедиби адырдагы бүт малын жыйып, сугарганы сууну көздөй айдады. Көзүнө сууда калдактап агып келаткан өпкө көп дүнүйөдөй көрүндү.
– Өпкө да болсо кармап, канжыгама байлап алайын. Даңгыт, Маңгыт деген иттерим бир тоюнуп алсын, – деп дүйнө тапкан эмедей укуругу менен бир сайганда өпкө жарылып кетти.
Жана кармап аларда колдон жылмышып агып кетти. Эл байкабас, жан көрбөс жардын кабагына келгенде өпкө кызыкты көрсөттү. Өпкө дегени жети баштуу желмогуз болуп чыкты. Элеманды ары булкуп, бери булкуп төшүнө минип алды. Сакалын бирден жулуп, азабын колуна берди. Олжодон көрдү кордукту, байкуш чал. Желип-желип койгондо кабыргасы быркырап, жаны көзүнө көрүнө түшүп атты.
– Аман калам десең айтканыма көнгүн, сураганымды бергин. Айтканыма көнбөсөң, азыр менден өлөсүң. Мен желсем жел жетпеген, бассам мал жетпеген жети баштуу желмогуз деген болом! – дегенде, Элеман жалына кетти.
– Айланайын байбиче, төгөрөктүн төрт бурчун төрт курчаган малым бар. Баарын ал, бирок жанымды аман кой!
– Сен өлгөндө сан малың меники эмей, кимдики, ары жок какбаш чал? – деп ансайын кычырата басты.
– Бир өпкөгө кызыгып, Желмогуз кемпирге туш келгенимди кара. Каран калган дүйнөгө тойбой жүргөн экемин! Ургаачынын төрөсү, тогуз уулдун энеси байбичем Күлайымды берейин. Жанымды калтыр, – деп, жанынан түңүлө айтты.
– Сен өлгөндө катының меники эмей, кимдики, какбаш?
– Тогуз уулду берсем, жаным тынч алабы?
– Сен өлгөндө тогуз уул меники эмей, кимдики, куу баш?
– Толгон уулдун сырттаны Төштүктү берсемчи...
– Ии, эми өзүңө келдиң. – Желмогуз кемпир өзүнө келгендей мулуйду. – Төштүктү берсең алайын. Бербесең көзүңдү чукуюм, какбаш! Сарамжалдуу Кенжекенин алтын сандыгы бар. Анын түбүндө эр Төштүктүн жаны болгон өгөө катылыптыр. Сен ошо өгөөнү сурап ал! Өгөө колго тийгенде, аны коломтонун башына сайып кет. Өгөөгө келген Төштүктү так ошол жерден кармап албай жаным жокпу? Антпейт экенсиң, талаадан кармап алып ичиңди жарам. Жол үстүнө сүйрөтүп чыгып, сөөгүңдү иттерге таштайм. Андан калса тукумуңдун баарын уу ичкендей кылам.
– Төштүгүмдү ал, жанымды калтыр, – деп Элеман бай соодасын бүтүрдү.
Анан калп жерден оорумуш болуп, керээзин айтып жатып алды.
– Ээ, Кенжеке, бул оору мени тооруп, акыры өлтүрөт окшоп калды. Төштүктүн болот өгөөсүн мага берчи, балам, бекитип алайын. – Кыңырыла сүйлөдү кайнатасы.
Бербейм деп айталбай, же кайнатанын көөнүн калтыра албай, өгөөнү апкелип берди. Анткени өз уулуна Элеман жоо болот деп ойлободу. “Кайнатам өлүп кетпесин” деп жашы менен карысын көчүүгө мажбурлады, тажаалданган Кенжеке. Карбаластап атып, өгөө кайда экенин жоктобой, калың кыргыз элине аман барып конду. Төштүк менен Кенжеке жолугушуп, болгону жети күн жыргал өмүр сүрдү. Элеман калкын чогултуп той өткөрдү. Кудай алган чал ошондо журтка өзү калтырып кеткен өгөөнү:
– Кара көзүм кашайып, өгөөнү унутуп таштап кетипмин, балдар! – деп айгай салды.
– Атаке, ага мынча кайгырдың? – Төштүк токтоолук менен кеп салды. – Билерман карыялардан сурасам, ал менин жаным экен. Демек, эсебин өзүм табам. Жоо болсо жоолошом, балбан чыкса күрөшөм. Өгөөнү таба албасам, дүйнөгө бүлүк салам.