Жапарали ОСМОНКУЛОВ:

Эр Төштүк

Жапарали ОСМОНКУЛОВ:

Анча өтпөй издегени табылып, желе-жортуп жөнөгөн Элеман Сарыбайдын ордосуна келип түштү. Кол куушуруп, саламын бак-бак айтып, Сарыбайдын үстүнө кирип барды. Байлар алик алышты, кол кысышты. Элеман оң капшыттагы илинип турган тогуз сөйкөнү көрүп, кемпирдин айтканы чын экен деп жүрөгү элжирей түштү.

– Ии, карыя, жол болсун. Кайдан келатасыз, кимди издеп жүрөсүз? Сүйлөй отуруңуз, мен Сарыбай деген бай болом. Казаным толук, кардым ток, мал жагынан капам жок. Тогуз кызыма, тогуз күйөө бала табалбай күйүттө жүрөм. Тогуз уулдуу адам табылса, кыздарымды бермекмин. Кенжеке деген кызыма, кенже күйөө тең келсе, айбан туруп сүйлөгөн жылкылардан өзгөчө Чалкуйрук деген тулпарымды мингизем. Ок өтпөс Чайыңги деген тонум бар, аны да Кенжекеге кийгизем. Жолсуз жерге жол салган болот өгөөм бар. Өкчөп койсом ат болгон, алтын сакам, жайып ийсе мал болгон шумдук килемим дагы бар. Эмнесин айтайын, тогуз кызымды алчу, тогуз уулду таппай көчүгүм жоруду, көңүлүм ооруду. Сиз дагы оңой киши көрүнбөйсүз. Мындан чыксаңыз, сиз дагы ырым кылып: “Сарыбай тогуз кызын, тогуз уулдуу адамга чын көңүлүнөн берет экен” деп калайык калкка кабарлап койсоңуз, – дегенде Элемандын көздөрү жайнай түштү.

– Мен Элеман деген бай болом. Мен дагы сизчилеп тогуз уулума, тогуз кыз табалбай кыйналып жүрөм. Экөөбүздүн сөзүбүз бири-бирине төп келди, максат-мүдөөбүз бир жерден чыкты. Сиздин тогуз кызыңыз, менин тогуз уулума ылайык экен. Тогуз уулдун кенжеси, баатырдыгы башкача болгон Төштүк сиздин Кенжеке кызыңызга тең экен. Кыздарыңызга сөйкө салайын, кулдук уруп, кудалашып кайтайын, – деп, кубанычы койнуна батпай Элеман кулдук уруп турду.

Тогуз уулдуу Элеман менен тогуз кыздуу Сарыбай заматта ак буудайдын унундай жуурулушуп калды. Тогуз уулга, тогуз кызды токтотпой нике кыйды. Кыздарды көчүрүп кеткени баары келип, Төштүгү гана кай бир себептерден улам келбей калды. Сарыбай көбүнөн артык бай экен. Мал-дүйнөсүнө карабай кыздарына септи очойто берди. Күйөө балдарына тон кийгизди, кызыл тулпар мингизди. Төөлөргө алтын, күмүш жүктөтүп, күтүрөгөн сан жылкы айдатты. Бир гана кенже кызы Кенжеке тонун “кий” десе кийбеди, тулпарды “мин” десе минбеди. “Аттан” деди болбоду. Атасы айтса да көгөрүп туруп алды. Көзүнүн жашын көл кылып, бүк түшө жатып алды. Санаасы санга бөлүнүп, Сарыбай атасы жалынып-жалбарып кирди:

– Төркүндө кыз ыйласа башка мүшкүл түшчү эле. Мени көп кыйнабачы, кызым! Кыздын барар жери күйөө. Айткан тилимди ал, Төштүккө бар, кызым. Аташкан жары болуп бер, балам. Каалаганыңды алып кет, балам. Кудай урсун, мен сенден эчтемемди аябайм, – дегенде, долуланган Кенжеке кызы ичинен “жым” дей түштү.

– Макул, атаке, сенин тилиңди алайын, Төштүгүңө барайын, ата! Өгөөңдү берсең күйөө балаңа белек кылайын. Касиеттүү саканы, төөнүн лөгү Чаар ингенди кааладым, ата! Энелигиң чын болсо, ок өтпөс Чайыңги тонду кийгиз, апа! Айбан туруп сүйлөгөн Чалкуйрук тулпарды мингиз, ата!

Берекелүү Сарыбай “бербейм” деп айталбады. Энеси да каршы чыга албады. Экөө тең кызы Кенжекенин айтканын аткарышты, каалаганын беришти. Ошондон кийин гана тогуз кыздын баары тең аттанды. Кыздардын себин жүктөгөн, алтын, күмүшүн төөлөргө артынган көч артынан чаңын ызгытып жөнөп калды.

 

АЙСАЛКЫНДЫН КЕНЖЕКЕГЕ, ЖЕЛМОГУЗ КЕМПИРДИН ЭЛЕМАНГА ЖОЛУККАНЫ

Кыз көчүрүү шааниси талаа-түздү шаңга бөлөдү. Элеман жолду ката көчүп-конуп отурду. Перинин кызы Айсалкын Төштүк Кенжекеге үйлөнүптүр деп угуп, көчтү белеске келгенде кууп жетти. Күнүлөштөр ошо белестен бири-бирине биринчи жолу бет келди. Анткени Айсалкын да, Кенжеке да эр Төштүктүн никелеген зайыбы эмеспи. Ичи күйүп, чок болуп турса да Айсалкын куттук айтты.

– Минген атың Чалкуйрук, кийген тонуң Чайыңги, жетелеген Чаар ингениң кут болсун, Кенжеке! Тийген эриң эр Төштүк, бир өзүңө жуп болсун, Кенжеке!

– Перинин кызы Айсалкын астымды тосуп чыгыпсың да. – Кенжеке шашпай жообун берди, сөз кычысын таап айтты. – Аташканың Төштүккө жети күн катын болупсуң. Тууп алган балаңды Көкөтай канга берипсиң, бетпак! Астымдагы Чалкуйрукту атам берди, мен миндим. Сеникин тартып алганым жок, долу. Чайыңги тонду апам берди, мен кийдим. Сеникин тартып албадым. Жетелеген Чаар ингенди атакем берди, мен алдым. Сеникин тартып алдымбы, бетпак? Эр Төштүккө атакем кошту, мен тийдим. Сеникин тартып алдымбы, долу? Жолумду тосуп тургудай кара доого калдымбы? Угуп кой, Төштүк сага эр болбойт, аны сага берчү мен эмес, долу!

08.01.2026

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.