Жапарали ОСМОНКУЛОВ:

Эр Төштүк

Жапарали ОСМОНКУЛОВ:

 

Ачуусуна чыдабай камчы менен атын тартып-тартып алды, Көкөтай кан.

 

Ошондо да Мааникер жер чапчып туруп алды, ордунан козголбоду. Аңгыча бет алдынан асманга көтөрүлө оргуган чаңга таң кала карады. Астейдил караса төө султаны кызыл нар чуудаларын сеңселтип чаң сапырып келатат. Жылына кызыл нарды бир жолу көрүп турбаса куса болуп кетчү, кан. Ошондонбу ууртунан жылмайып, ичинен кубанып турду. Төрт аягы тыбырап, маң-маң желип келаткан кызыл нар, ойдо жок жерден Көкөтай кандын жанына келгенде дароо чөктү. Кызык кайра башталды. Себеби төөсүн “тур” десе да, камчыласа да турбады.

 

– Бул караң калгырларга бүгүн эмне болду? Бири баспай кыйнаса, экинчиси турбай кыйнады. Дагы кандай шойком моюнга мингени турат? – деп кылыч менен төөсүн тең экиге бөлө чапмак болгондо, өркөчүндөгү кызыл куржунга көзү түштү.

Андан барылдап чыккан баланын үнү, чаңырган ыйы Көкөтайды жинди кылып жибере жаздады. Мааникер аттын үстүнөн учуп түштү. Калдактай чуркаган кандын оюна: “Эркек бекен, же кыз бекен?” деген кызыктай ой келе калды. Бала эркек экендигин көргөндө эт жүрөгү болкулдап, дене бою солкулдап, бир башкача сүйүндү, жан алекетке түшө күйүндү. Бир саамга боору эзиле карады да:

– Өңүмбү, же түшүмбү? – деп, кан Көкөтай баланы ала койду, кудуңдай маңдайынан жыттады. – Чырагым, баш мүлжүрүм менин! Атың Бокмурун болсун. Кудайым сураганымды берген экен. Ээсиз малды көп жыйдым. Ошондо да тилеген муратыма жетпедим. Кызыл нар төөгө бу дүйнөдө ыраазымын. Ал мени бактылуу ата кылды. Эми минген атым Мааникерди айтуякка чалам, – деп карбаластап калды.

Аңгыча кайдан-жайдан келгени белгисиз, айгыр жетелеген олуя киши пайда болду.

– Арбаңыз, момун пенде.

– Бар болуңуз, жолоочум.

– Минген атыңызды айтуякка чалат элем деп шашпаңыз, момун пендем. Аны али көп уруштарда минесиз. Казатка минер тулпарыңыз ушу Бокмурун балаңызга ылайык. Андан көрө мобул айгырды айтуякка чалыңыз. – Олуя жетелеп келген айгырдын чылбырын бакытка бөлөнүп турган пендеге кармата койду.

– Балаңыздын мойнуна тумар тагып, жетиге чыкканча жети жүз кара торпокту садагага бериңиз. Аянбаңыз, балаңыздын өмүрүн тилеңиз. Балаңыз Бокмурун аман болсо “Кан Көкөтай ашы” деп, төгөрөктүн төрт бурчунан көп эл чакырар. Болуп көрбөгөндөй байге сайып, атыңызды ааламга чыгарар, – деп, олуя киши эриген коргошундай көлкүлдөп барып, аты-жыты билинбей көздөн кайым жоголду.

Көкөтай айылына келгенде байбичеси Күлканыш жетине албай, аябай күйүндү.

– Бала көрбөс Көкөтай балалуу болду! – деп журтуна кабар бердирди.

Кары-жашы жүгүрдү, калың эли сүйүндү. Келген элге кан бээ баштаган беш миң төрт түлүктү союп той кылды. Ошентип Бокмурун Көкөтай уулу болду. Кан Көкөтайдын тилегени кабыл болуп, жыргап-куунап жашап калды.

 

ЭЛЕМАНДЫН БАЛДАРЫНА ТОЙ БЕРГЕНИ ЖАНА АЛАРГА КЫЗ ИЗДЕГЕНИ

Агаларын аман-эсен тапкан Төштүк Кашкардын ары жагындагы, Кебез-Тоонун бери жагындагы Элеман атасы турган жайга кубанычтуу кайтты. Тогуз уулу он болду, дөөлөтү ашып, атасы өз элине кан болду. Үзүлгөнү уланды, чачылганы жыйналды. Мал-мүлкү жер үстүнө толуп, журтуна май көл, сүт көл орноду. Бирок балдарына той берүүнү унутта калтырды. Ошондо өз элинен чыккан Алаңбай деген киши мындай дебеспи:

 

– Калайык калк, Төштүктөн бөлөк караан жок, маңдайга бүткөн бараан жок. Алтын таажы кийгизип, аны кан көтөрүп алалы. Ошондо Төштүк алакандай кыргызга коргон болуп берет. Андыктан ай-ааламды чогултуп, ат чаптырып, элде жок той кылып берели. Кандай дейсиңер, урматы улук агайын-туугандар?

 

Той дегенде тоодон топурап түшкөн кыргыз не демек эле? Алаңбайдын айтканына түгөл кошулду, той жегиси келген эл. Ал тойго ай-ааламдан көп киши чакырылды. Көк-ала калкан байланып, көк темирден найза алып, Алатоодой заңкайып, ак кулжадай маңкайып эр Төштүк да тойго аттанды. Той дегенде томпоңдоп тогуз агасы кошо жөнөдү. Той боло турган айылга жакындай бергенде, бак түбүндө оюн сала шаңкылдаган топ кыз тийиштик кылды.

08.01.2026

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.