Кеңеш Жусупов
Ыр сабындагы өмүр
Осмоновдун кол жазмаларында Жыпар кыздын чарчагандыгы жөнүндө маалымдоо кагазы сакталуу. Кагаз саргарып, эскирсе да бапестеп сакталган. Муну Жыпардын энеси Зейнеп, жыйырма беш жыл катып жүрүп, 1967-жылы жайында тапшырган. Эне байкуш он беш күн жашаган кызын эскерген алакан отундай кагазды жыйырма беш жыл бою бушайман жеп, эмнеге сактап жүрдү экен? Эне бул дүйнөгө «ыңаа» деп ыйлап гана кеткен кызын ошончолук жакшы көргөнбү? Же кыздын атасынын зыйнатына койгон гүлчамбарыбы? Алыкул жаштайынан бала дегенди кыз сүйө элек, аял ала элек кезинде эле жакшы көрөр эле. Ал өзү да бир кезде, жыйырмадан ашып аша элек кезинде элчилеп минтип кыялданып, самаган:
«Ой жүгүртсөм алдыга
Болгон кезим балалуу
Балам болуп агалуу:
Жылдызга учуп ойлонуп,
Дагы уулум бар эң улуу...»
(«Ой, жер ай».)
Алыкул жалгыздыкты өмүр бою сезип келген, андан көңүлү да калган. Үй күтүп, асыл жар алып, балалуу болуу бакыт экенин билген. Акындын бала жөнүндө ырында момундай саптар жолугат:
«Бала деген, таңдын кызыл гүлүндөй»,
«Бала тили таңкы торгой тилиндей»
(«Акыркы балалыкка»). «Шашпа токто, балаң ата дегенде балалыгым жүрөгүм бир тыз этээр» деген 1937-жылы.
Ал эми жаш кезинде эле бала жоготуу трагедиясыадам үчүн канчалык оор экенин айткан. 1937-жылы «Музыка» деген ырында минтип жазган:
«Балаңды гүлдөй өстүрө
Кубанып күлүп көзүнө
Кандай суук шум өлүм
Тартып алар өзүнө...»
А. Осмоновдун бала дегенди кымбат сезерин анын замандаш, тели-теңтуштары Койсары курортундагы бир жоругун эскерет.
«... Биз жаткан палатанын коридорунда эшиктин үстүнө чабалакей уя салыптыр. Аны кийин балапандары чыйпылдап калганда билдик, бул Алыкулдун эрмеги болуп калды. Ал обочо туруп алып, көп убактысын балапандарды кароо менен өткөрчү.
Күндөрдүн биринде балапандардын бирөө талпынып жерге түшүп кетиптир, канаттары жетиле элек балапан жатып калса керек. «Кокуй» деп кыйкырып ийди Алыкул. Барсак эмне кыларын билбей бет аарчысын балапанга жаап коюп, уяны карап туруптур. «Көрбөйсүңөрбү, тентек түшүп кетиптир, кайсы жерине коёюн» деди да, акырын алып эки балапандын ортосуна салып койду. Аңгыча чабалакей чый-пыйы чыгып учуп келди. «Неге мынча жанталашасың, мен жөн эле балапанды ордуна салып койдум, мына кетейин» деп палатага кире качты.
Барып өзүнчө күбүреп: «Ай, бала ай, кандай таттуу, ал бир дүйнө...» Керебетине жата кетти. (С. Алымкулов. «Күнү бүгүнкүдөй». Алыкулга гүлдесте, Ф., 1975, 121-бет).
Алыкул бала жөнүндө 1940-жылга чейин көп жазганын байкайбыз. 1948-жылы А. Осмонов чөнтөк дептерине «Мен аялды баласы менен турганды жакшы көрем», «Алдей айткан баладай уктап бара жатамын, «Бир кеченин жааган карындай эле (бала)» деп жазганын жолуктурабыз.
Өлөрүнө бир жыл калганда баланын ширин күлкүсүнө кумарланган Алыкул Осмонов минтип жазган:
«Көз ирмебей таң атканча уктабай,
Ырдап күлүп, кубанайын бир далай,
Күлүп туруп эми гана ыйлаган -
Теңтушуна кыт-кыт күлгөн баладай»
(«Көңүлүм сергек улам көктөп тургандай...»).
Кап, балакет бир жылт этип өчкөн Жыпары бала дегенди жанындай көргөн Алыкулду ого бетер бейтаалай кылып кетти белем. Бул он беш күнчө жарыкчылыкка келип кеткен перизада наристе акын үчүн табияттын жиберген зыяндашы сыңары болгон окшойт...
* * *
Алыкул Осмонов чыгармасында жакшы көргөн сөздөрдү, жүрөгү жылыган кишилердин аттарын алган. «Ай» деген сөздөн кийин ал, «Жыпар» деген сөздү дилинде жакшы көрөр эле. Жакшы көргөн сөзүн кызынын атына койгон, кызынын аты үчүн сөздү жакшы көргөн. «Же жыпар жыт гүлдөндүр, сулуу куш көзү түшкөндүр» («Гүл менен куш»), «Гүлдөрү ай, жыпар жыт ура», «Жыпар жыттуу жыт уруп» («Жаз келет...»), «Мунсуз, кирсиз сага берип жыпар жыт» («Акыркы балалыкка»), «Жыпар жытын жатта өзүң» («Сүйүктүү түн»), «Мандайдан сылайт жыпар жел, жыпар жел 86 жарым бери кел» («Боз үй»), «Жаз гүлүндөй жыпар жыттуу төшөгү» («Түп суусу»), «Жыпардай аңкыган жыт бур-бур этет» («Чеп чабык»), «Заманга жыпар төгүп калалы». («Замандашыма») ж. б.
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.