Кеңеш Жусупов

Ыр сабындагы өмүр

Кеңеш Жусупов

 

***

 

 Валентина Петровна Ремизованы эми көрсөн, ак чач кемпир болгон. Фрунзе шаарынын теректери чүмкөгөн эки кабат тамда жалгыз жашайт. Эртели-кеч бак арасында отуруп, китеп окуп, телевизор көрүп, өмүр өткерөт. Жаш, сулуу кезинде Валентина Петровна жазуучулар Союзунда секретарь-машинистка болуп иштеген. Ал көзү өткөн жазуучулардын көбүн тааныйт. Валентина Петровна өмүрүндөгү жадыраган керемет жазын, алгачкы чагылгандуу талаада баратканын эстегендей, сыр билген замандаштары жөнүндө ыраазычылыкта жадырап-жазылып сүйлөдү. Сөз аягында Алыкулга өттү.

- Алыкул союзга аз келчү. Алыкулду Шотаны которгон, жашында орден алган, аялы менен ажырашкан, жалгыз жүргөн адам деп билчүмүн. Ал бөлмөгө кирип, далайга шалдая отуруп, жөтөлүп, демиккени басылганда, адетинче сыпайы сүйлөчү.

Айрым жазуучулар саламдан мурун: «Мага, гонорар барбы»,— деп киришчү. Алыкул андай эмес эле. Элден бөтөн болчу байкуш. Алыкулга акча керек экендигин билчүмүн. Анын сурабай койгонун да, ыйбаа кылып отурганын да билээр элем. Акыры өзүбүз айтпасак, ошол бойдон кете берет. Мен бир ишке таң калдым. Алыкул Москвага кетип бараткан. Киши жокто мага кагаз түйүнчөк берди. «Ушуну бекем жерге катып коёсузбу?» деди. Түйүнчөктү алдым да, катып койдум. Ошол бойдон унутуп калыпмын. Алыкул далайга келбеди. Бир күнү эмеректеримди аралаштырып жатып, баягыны таап алсам болобу! Аялмын да, түйүнчөктү чечип көргүм келди. Эмнесин каттырды дейсиң, болсо кол жазмадыр, же кыздын каты, же сүрөтүдүр деп ойлогом. Түйүнчөктү чечтим. Он бештей галстукту жандыра бердим. Аягында ордендин кызгылт кутучасы чыкты. Ачсам, билесизби, айланайын, бир эски упчу... анан, топ чач жүрөт. Карасам, тобо, наристе баланын жупжумшак, майин чачы...

Валентина Петровнанын сөзү чыйрыктырып, үнө боюмду дүр эттирди. Терезедеги гүлгө келген аары, кайра жол табалбай, айнек бетинде шаштысы кетип жатты. Сыртта гүлүн жаңыдан ачкан алча көрүндү...

 - Мен укканымды айтам, балам. Жазсаң, жазбасан өзүң билесиң. Қарыганда киши көп сүйлөөк болот экен... Перзенти каза болгондо Алыкул түн ичинде жалгыз көтөрүп келип, өзү көмгөн дешет. Муну уккан жок белең? - деп Валентина Петровна сынай карады, - ким билет, кимдин эмне дээрин, кайсы бир кишилер: «Алыкул кызын үйүндөгү жалгыз түп өрүктүн түбүндө көмгөн», - дешчү... Валентина Петровна тунжурап, отуруп калды.

Сүйлөөгө сөз табылбады, баш ийкешип тим болдук. Валентина Петровна менен коштоштум. Акындын өмүрү чачылып калган шуруга окшош белем. Чачылган бир шуруну Валентина Петровна таап берди....

Жолдо келатып, Ташкенттеги Зейнеп эженин Жыпар кызы жөнүндөгү жаны ачып айткандарын кайрадан эске салдым: «Биз кырк экинчи жылы январдын аягында кыздуу болдук. Алыкул кургурдун сүйүнгөнүн айтпа. Баладай таарынып, баладай сүйүнчү эмес беле! Ошол кыштын кыраан чилдесинде, Алыкулдун сүйүнгөнүн ушундан бил, делдеңдеп көйнөкчөн кирип-чыгып жүрө бериптир. Кийин суукка кармалды, ошондон тартып оңолбоду. Кызым биздин өмүрүбүздү бириктирет го деп сүйүндүм. эле. Мен төрөгүчө Алыкул бечара канча күн-түн уктабай, ага ат коюуну ойлонуп, тапкандарын улам жактырбай, бушайман боло берген. Төрөлгөндөн кийин да үч күн бою кызыбызга ат таппадык. Акыры Алыкул Жыпар деген атты жактырды.

Қызыбызды үйгө алып келгенде, Алыкул үйдөн чыкпады. Кокус эшикке чыкса, шашып-бушуп бат эле жетип келчү. Чекемден сылап, кызын өпкүлөп, кобурап өзүнчө кубанчу. Аппак байкушум, куюп койгондой окшош, Алыкулдай каштуу, чачы кара, мени тартып мурду кырдач, оозу да оймоктой эле. Периштебиз он беш күн гана жашады. Кызы бейбак чарчаганда Алыкул аябай азап тартты. Эч кимге айтпай өзү көтөрүп кетти. Сураганым да жок. Мен төшөктө жатып калдым. Деле, Жыпар жөнүндө Алыкулдан батынып сурай албадым. Кошуна-колондор: «Қызыңар кайда?» - деп кийин да сурап жүрүшкөндөрү болгон. Жыпарымдын кырк экинчи жылы тогузунчу февралда чарчады деген доктурдан кагазым бар болчу. Ошону катып жүрүп, быйыл Алыкулдун архивине тапшырдым. Алыкулдан мага калган эстелик кут ошол»...

10.05.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.