Кеңеш Жусупов

Ыр сабындагы өмүр

Кеңеш Жусупов

Алыкул сырын жашырчу эмес. А тургай Зейнепке Айдайды сүйгөнүн да айткан. Бир күнү Алыкул сүйүнүп кирип келди. «Шотаны кыргызчалаган китебим чыкты» деп, учуп кетчүдөй дердендеп алыптыр. Ырларын кечке дейре кызга жатка айтып жүрдү. «Сен менин сынчым бол, ээ» деп коюп, Шотадан шадыратып, жан дилин таштап окуп калат.

- Институтту бүтүп келген соң, театрда иштедим. Алыкул экөөбүз ошондо баш коштук. Жаштайынан жалгыздыктын кээрин тарткан Алыкул өзүнчө түтүн булатып, очок күтүп, эки баш болуп, жалгыздыктан кутулууну самап келген. Мына эми, Зейнепке үйлөнүп, Түштүк көчөсүндөгү эки кабат тамда өзүнүн калемдештери менен кошуна турду. Жаш үй-бүлөнүн турмушу адегенде бактылуу болуп, ынтымак-ырашкерде өттү.

Тынч, кенен көчө жактагы айнектен мырза теректер сонун, жомоктогудай көрүнөр эле. Алыкул таң ата электе бак аралап кетет. Ал жерди аяп, аяр басчу. Келгенде, кагазына үңүлүп отурат. Колунан китеп түшпөйт. Көп сүйлөбөйт, сөздү дитин коюп угат. Айрыкча, аялдар менен тил таап, сүйлөшө албайт. Алыкул жаш жарын «көпөлөгүм», «ак куум» деп эркелетет. Далай кыялданат. Колуктусу аны тамашалап, «кыялкеч» дечү. Алыкул кыялданып кетчү. «Ысык-көлгө, толкун урган секиге там салам, шаарга турбайм. Көл жээгинде жомоктогу абышка-кемпирдей жашайбыз. Уй күтөбүз. Кечинде уюбузду көл жактан айдан келебиз. Эчкилерди тоого айдайбыз. Коломтого көмөч бышырабыз, кайыкка түшүп, айлуу түндө көл үстүнөн сүзөбүз» дейт. Өмүр үлпөтүн бирге көрүш үчүн кыял гана жетишсиз белем. Үй-бүлөнү да бак сыяктуу аяп багарды эки жаш билип коюпбу! Эки жаштын ортосу бара-бара муздай баштады. Алыкул үн катпайт, бир кылт этсе, далайга жазылбайт, дем кыял, үшкүрүнөт, отурат. Аял ичинен: «Алыкул бактысыз экенмин деп кейийт го. Мени сүйбөйт тура, сүйүүсүн Айдайга берип коюп, эми азабын жеп жатат го», - деп жаңылыш ойлойт. Адамга мындай ой түшүп алган соң, андан кутулмак азап белем! Учурунда жик кеткен экөөнө акыл-насаат айткан киши болбоду. Алар баштагыдай театрга барышса, эми сөзсүз таарынышып кайтышат. Экөө көчөнүн эки жагына түшүп келишет. Алыкул негедир жансыз нерсеге да ичи тарып, Зейнепти аячу экен көрсө. Муну аял кеч түшүндү. Алыкул жазыла калганда, «кечирип кой, ак куум. Кыялым ушундай, теңирден тескери кырс эмеспи!» — деп күнөөнү мойнуна алып, барбаңдап калчу...

- Бир жылдан кийин, 1942-жылы кышында кыздуу болдук. Аныбыз он беш күн гана жашады, бейбак...

Жыпары чарчаган соң, Алыкулдун шамы өчүп, чынары күбүлдү. Үйдөн түнөрүп, саргарып, айлап эшикке чыкпады. Күрсүлдөп жөтөлгөнү күчөдү. Доктурлар аны көлгө жиберишти.

Алыкулду үстөккө-босток мыжыккан дарт - үйдүн ымаласы келишпегендиги. Анын жан дүйнөсү менен жеке турмушу шайкеш келбеди. Таттуу кыял урай баштады. Ыр дегенден башканы көксөбөгөн, турмуштун аккарасын али этибар албаган, баары өзү ойлогондой шаттыкта өтөт деп ынанып жүргөн Алыкул, митаам турмуш менен алгачкы кагылышууда айла таппай, өмүрдү жетелеп кетпестен, жаштык кылып, байкабай алдырып койду. Неси болсо да, ансайын эки жаштын ынтымагы ыдырай берди. Жүрөгү таза, назик адамдын деми сууп, мүчүлүштөп турганда чыгармачылык дегендин үзүрү бай болмок беле!

Алыкул көлдөн дарыланып кайтып келгенде асыл жары оюндагысын айтты: «Турмушубуз болбоду, жаман айтышпай ажырашалы», — деди.

 Алар ажырашып кетишти.

- Мен Алыкулду өмүр бою эстеп келем. Кийин билдим анын кадыр-баркын...

Аны, мени сүйбөйт го дечүмүн. Көрсө, жансыз немени да аячу тура, курган неме... Кийин Алыкул бир азга көзү тирүү болуп турса, башым менен уулумду тартуулап барып, алдынан өтүп, кечирим сурамакчы болгон элем. Ага жетпедим. Тагдыр ушундай экен, эмне кылайын...

 Эми Зейнеп акындын ага калтырган жакшы ызатына ыразы болот. Анын ушунчалык сезими күчтүү, таза экендигин аял кийин билди. Алыкул асыл жары менен ажырашкан соң мүдөөсүне жеткенсип баш көтөрбөй жаза баштаптыр. Чын эле Алыкул Зейнепти качан кетет деп күтүп жүргөнбү?! Же ачуу-таттуу жашаган күндөрү ыр жазууга себепкер болдубу?!.

10.05.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.