Кеңеш Жусупов

Ыр сабындагы өмүр

Кеңеш Жусупов

Канчалык ичи күйүп, башын уруп жазам деп далалаттанса да Алыкулдун жазганы жылбады. Акындын турмуштан алганы, элге айтайын деген насааты аз белем. Поэзия дегенин, сулуу кайберен кейпиндеги азгырыкпы? Анын артынан кур бекер шаңга кошулуп, дарбыган куугунчусу арбын турбайбы! Алыкул да алепжелептенип, азгырыкка алдана сая кууп алганбы?! Ырды бу дүйнөдө сен кайдасың деп, саргара издеп гана жүрбөй, акын дегениңдин ичиндеги акыл-сезими булактай оргуштап, агып туруш керек окшойт. Алыкулдун ушундай керемети барбы?

Алыкул дитинде: турмушту билип, үйрөнүш керек, чындыкты жазуу керек деп беймаза. Андай болсо, турмушка жөнөбөйбү! Эл аралабайбы! Анда, неге кечиктирет, тарткынчыктайт. Акын ааламды жаңыдан көргөндөй адамга, асманга, гүлгө, жерге... суктана, кунарлуу кароо керек белем! Ыр жазганда ар бир сабында жарыкчылык күнүң менен акыркы саам кош айтышчудай асемдүү суктанычта жазыш керек го!..

 

10.05.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.