Кеңеш Жусупов

Ыр сабындагы өмүр

Кеңеш Жусупов

 

Дүнүйөң бул сыяктуу опосу жок,

Тең келбейт, ашыктыктын кызыгына.

Түк дагы бакты, ырыстын даамы келбейт,

Оюмда сүйгөн сыпат жалгыз гана».

«Көкүрөгү аялдардын көңдөйүрөөк,

Сыя албайт, албууттанып соккон жүрөк.

 

Мынчалык дарт азабын ката да албайт,

Жүрөгү биздикинен көп жөнүрөөк.

Алардын махабаты убактылуу

Аларда тамшануу бар, жок кайгыруу,

Ою эмне, дүр-дүйнөгө карк болсом дейт,

Ишинин башы таттуу, соңу ачуу».

 

* * *

 

Алыкул бейтаалайга өмүр бою көлөкөдөй сүйрөлгөн жалгыздык кайрадан жабышты: медер кылар перзент кызы чарчады, асыл жары кош айтышып, көкүрөк оорусу өтүшүп кетти. Кайгы басты.

Биз пенделик кылып, аша чаап бардык эле кезде  кайгы-кападан качып, өксүбөй, шатырап бактылуу болгубуз келет. Дайыма шаттыкка, кубанычка, бакытка ашкере суктук кылабыз. Эмне үчүн кайгысыз бакыт болуу керек, биз ушуну ойлодук бекен?!

Байыртан бери келаткан өнөр менен адабияттын тарыхында түйшүксүз, кайгы-капасыз өмүр сүрүп, дүйнөгө жеңил гана атагы жеткен адамды билесизби? Менимче, баары тең өз кайгыларын жазышкан. Чебер устат кайгыны эрдик менен жеңип, анан бакыттын, шаттыктын, жеңиштин төрүн аттаган. Адамдын кайгы-капасы дарак-чөптү жууган жазгы жамгыр сыяктуу пенденин ички дүйнөсүн тазалайт, ошондон кийин гана дүйнөсү көгөрүп, бүрдөп, боорукер, мээримдүү болот. Кайгы адамды чыйралтат, ал өзүнчө улуу сабак. Акындын кайгысы ага жаңырык сыңары өзүнө миң кубулган кыял, ой, идея болуп кайтадан айланып келет эмеспи.

Алыкул Шотанын китебин ачат да, ыр саптарына акыл токтотуп окуйт: «Кордуксуз өмүрүңдүн кызыгы жок. Кайгынын дабасы эмне? Кайрат кылуу!», «Чындыкты көрүп туруп алсыздануу, курдашым — бул пайдасыз кайгыргандык».

Эмне үчүн Алыкул жалгыздыктан коркушу керек?! «Сен дайыма жалгызсың - деп, шыбырап туруп алды калеми. — Жалгыздык гана сага канжыга жолдош. Сен үчүн бирөө ойлонбойт, сен үчүн бирөө жазып бербейт. Сен үчүн бөлөктөр кайгырып-кубанбайт. Анын баарын өзүң гана көтөрөсүң. Өзүң гана».

Алыкул өзү сүйгөн Лермонтовдун ырын кайра-кайра окуганды жакшы көргөн. Мына, Лермонтовдун ыры анын үстөлүндө жатат. Орус элинин улуу акынынын «Акынга» деген ырын которгусу келет.

 

«Жактырган нерсем атайлап

Махабат, бакыт кайгы азап.

Эркелик сайран курганда

Акылды туман, май басат.

Кубалаш керек аны эрте

Өмүрдөн күлкү-кейиштүү.

 

 Кайгысыз акын акынбы?

Толкунсуз деңиз деңизби?

Чегерип бышык түйшүккө

Көп тартат акын азапты

Жерде өзү, дили асманда

Албайт ал бекер атакты».

Алыкул мындан ары жазуу керек деп биротоло көшөрдү. Эмнени жазуу керек? Балалыктыбы?! Эне-атанын мээримин көрбөгөн, итий оорусунан башы чыкпаган балалыгынын кайсы кызыкчылыгы бар? Боз улан курагынбы? Мобу дайыма ала жүргөн Айдайдын элесинби? Аны жазбады беле! Асыл жардан көңүл калуунубу? Анысы эч кимге керексиз, көңүл чөгөөр бир ырдыр.

Алыкул дептерине нуска сөздөрүн көчүргөн улуу акындардын өмүрүнөн жыл сүрүштүрүп, «биринчи ырын качан жазган?», «атактуу чыгармасын канчасында бүттү эле?» деп териштирмейи бар болчу. Ал эми Пушкин отуз жетисинде, Шелли отузунда, Петефи жыйырма алтысында, Лермонтов жыйырма жетисинде, Есенин отузунда, Байрон отуз алтысында опат табышса да эмгектери түбөлүк сакталып калбадыбы! Ал эми Алыкулчу? Ушунча жашты жашап алып, мындан ары кызыктуу жашоону баштайм деп ойлоп жатканын айтпайсыңбы? Качанга дейре кыйынчылыктан, жашоо-турмуштан качып, илдебар жанын багат!? Качанка дейре тирүүлүктө бөлөк бирөөлөрдүн жазгандарына, айткандарына суктанып гана өтөт?! Ошон үчүн жаралганбы?! Аз жашадыңбы, көп жашадыңбы атаганат, кеп, көбүрөөк өмүр сүрүштө эмес белем!

Кеп: жашоо-тиричиликке астейдил карап, «жашоону терең таанып, кеңири ойлоп», акыл менен кумар кандыруу, артыңа эл үчүн ак кызмат өтөп, сүйүү, осуят калтыруу, граждандык, акындык милдетинди актап өтүү керек окшобойбу! Ошону менен өмүрүңдүн шааниси билинип, артындагы өмү рүндүн узактыгы, кыскалыгы эсептелет тура!

10.05.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.