Кеңеш Жусупов
Ыр сабындагы өмүр
Алыкул Осмонов кызы чарчагандан кийин бир жыл өткөндө (1943-ж.) жазган «Махабат» аттуу лирикалык комедиясындагы келинге Жыпардын атын койгон. Алыкул өмүрдү бирге сүрүү үлпөтү болбогон соң, ичи ачышкан жашоору жаны ырларында асыл жары жөнүндө таамай айтылган эки-үч ыр саптарын калтырган. «Бөбөккө» деген ырында асыл жарга нааразы болгон сөздөрү бар. Ырас, адегенде күйүткө түшкөн акындын ызасынан улам ыр саптары жазылса жазылгандыр. Дегинкиси, ал саптар акын асыл жарга кара таш үстүнө отура калып, каргаган каргышы эмес болчу. Өмүр баянында, күндөлүктөрүндө же башка кол жазмаларында начар жазылган жыйнагын, алгачкы сүйүүсүн, өрттөгөн ырын эстейт да, асыл жарын эстегиси келбеген. Менимче текке өткөн өмүр күндөрүн майнапсыз өмүргө кошуп, биротоло унутууга аракеттенген. Аны кеп кылгандан качкан. Ошентесе да, жара акындын жүрөгүн өйүп кала берген.
«Аз дууладык жаштык, мастык ойнунда,
Ант бериштик өмүр байлап көп жылга.
Бирок сүйүү жерден муздак нерсе экен,
Жашырынды жылан таштап мойнума».
Асыл жары акынга чоң чыгармачылык жардам, алгачкы курбулук махабатта эргүүнү бере албаса да, акынды жашоо, турмуш, өмүр, эмгек жөнүндө ойлонтууга, дал турмуштун өзүндөй, акылдуу, күчтүү болууга түрткү болгон. Бул эки жыл өмүр сүрүүдөн кийин Алыкул дагы көптү көргөндөй кыраакы, сабырдуу, ойчул болду, улгая түштү. «Жаштык айып, таттуу ыр менен жетилет» деп, мертинбей, бош кеткен өмүр күндөрүн кууп жетүүгө бел бууду.
***
Алыкул менен Зейнеп баш кошкон жылы Ата Журт майдан мүшкүлүнө кабылган. Эл шыбагасына күлкүшаттык тартыш болгон. Алыкул керт башынын кайгысынан элдин кайгысын бийик койгон. Ал журтчулуктун көңүлүн көтөргөн ырлар, поэмалар чыгарды.
Алыкулдун дептеринен согушту каргаган ырларын окуп көрөлү: «1942-жылдын жазына. Неге Фрунзенин жазы кечигет, мындай кечиккен жазды карыялар да көрбөгөн. Неге кечигет? Асман бүркөө, жер жаан, неге кечигет? Же жаз ооруп калдыбы, неге жаан-шыбыргак көп, же аны жарадар кылдыбы? Же көп кылымдар жол басып чарчадыбы? Же таарындыбы? Жок, аны жарадар кылышты. Ой оңбогон согуш оңбосун, согуш деген ушу экен го...»
Алыкул Зейнеп менен жашаган күндөрүндө В. Шекспирдин «Он экинчи түнүн» которду. Деле Алыкул Осмонов Шотаны, Пушкинди, Лермонтовду кандай көрсө, Шекспирди да ошондой жакшы көргөн. «Аалам алпы Шекспирдей күч менен» өжөрлөнүп, андан таалим алып, өлөр-өлгөнчө суктанып, сүйүп өткөн.
А. Осмонов котормону да өз чыгармасындай баалаган, колуна тийгенди туш келди которо берген эмес. Алыкул дайыма өзүнө бийик максат коюп, ошого учууга талпынган. Максатын алыстан мелжеп, дайыма өзүн сынаган көктүгү бар болчу. «Он экинчи түн» Алыкулга жаккан. Чыгарма акындын өмүрүндө дал келген, анын ич күптү арманы эле. Анын бугун Шекспир небак айтып койгон сыяктуу. Алыкул Герцогдун монологдорун жакшы көргөн.
«Он экинчи түндү кылдат окуган адам, Алыкулдун ошол тарткылыктуу өмүрүн, паанайы чөккөн күндөрүн жазбай таамай айткан, мунканган ыр саптарын таап, ага ынанмакчы.
«... Тартылсын дагы ошол күү, үнү өчкөн күү!
Ал мени терметчү эле, жагымдуу үндүү,
Жыт уурдап көп гүлдөрдүн кучагынан -
Жыпарга матырчу эле эчен түрлүү.
Болду эми, ал бир убакта назик эле,
О сүйүү, сен туптунук, жеңилсин, ээ!
Деңиздей бүт нерсени батырасын,
Бирок да кол жетпеген тереңине.
Махабат канча кымбат болсо дагы,
Көзгө илинбей каласың сүйгөн кезде!
Санаада ары убайым бай турбайбы,
Санаа-ой, ойнойт тура өнөрлөнө».
«... Ээй, бала, биз эркектер мактансак да,
Эң мортпуз, алданчаакпыз сүйүү отуна.
Айныгыч, узак сүйбөс, жеңил жанбыз,
Чынында аялдарга караганда».
«Каралдым,
Баргын кайра таш боор кызга,
Бата албай тумчукту де сүйүү отуна.
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.