Кеңеш Жусупов

Ыр сабындагы өмүр

Кеңеш Жусупов

Алыкул Осмоновдун ошол абалы жөнүндө кыргыз элинин белгилүү жазуучусу Т. Сыдыкбеков жазган эскерүүсүн келтирейин:

«1940-жылы акын, ырлар жыйнагынын кол жазмасын «Кыргызмамбаска» тапшырат. Ал басма көрө элек, басууга сунуш кылынган гана жыйнакты колуна алган бир редактор кол жазмадагы өзү байкаган бирин-эки мүчүлүштөрдү авторго көрсөтүп, ага редакторлук кенешин берүүнүн ордуна, кош маанилүү бир сөздү бурмалап авторго оор айып салат. Ал ошол жыйнакка киргизилген бир ырдагы — «Жутунган Европанын өрт балдары» деген саптагы «жутунган» деген сөз. Албетте, акын бул сөздүн маанисин редактор бурмалагандай — «Тоюнбас, сук» деген мааниде албастан, «Тайманбас, тартынбас» деген оң мааниде алган. Ошентсе да мааниси так эмес - кош маани туудурган сөздү акын ырында колдонбой койгондо дурус болмок. Албетте, бул жаш акындын али өз эне тилин жакшы билбестигинен кетирилген мүчүлүшү болду.

Айтор, ал жолу жыйнагы жарык көрбөй калган акын тек сын угуу менен тим калбастан узак мезгил текшерилип жүрдү. Дал ошол күндөрдө ал басынып, чүнчүп, түнт тартты. Жалгыздыкка берилди. Түндүн кайсы маалында үйдөн чыкканыңда акындын карааны үңкүйүп, бозоруп, тепкичте олтурганын, не дабышсыз көлөкөдөй үрүң бараң тартып, басып жүргөнүн көргөнүндө жүрөк сыздачу. Ал көп учурда беймаал убакта ошентип жалгыз жүргөнүн адамга билдирбеске аракет кылат». Акындын өрттөгөн кол жазмасын окуган бирөө болбосо, же көрбөсө, же доомат сөз тийбесе, түбү менен жоголгон ырларын эмнеге акын эстеди экен дээрсиз.

Чамасы, Алыкулдун күйүттөн чыккан ырлары ошончолук аянычтуу, ызалуу, күчтүү чыккан. Башкалардын ырларынан алда канча жогору турган. Менимче, акын махабат дартын бийик устаттыкта жазган белем. Непада жансыз ыр саптарын жазган болсо, ээсине ошончолук таасири кереметтүү болбосо, «Жазуучулук баянымда» түк кеп кылбас да, эстебес да эле. Ал жалгыз өзүнүн кайгысы, кыйнаган оюнан кутулгусу келсе, жазган ырын өрттөгөн боюнча окурманга унчукпай, тим болмок. Ал бул жерде өзүн актануу эмес, өзүнүн кайгысы эмес, адамдарга нак сулуулук тарта албай калгандыгына өкүнүп, айтып жатып жүрбөсүн?!.

 

«АЗ ДУУЛАДЫҚ ЖАШТЫК, МАСТЫҚ ОЙНУНДА...»

 

«... Сүйүү деген — сүйүү эмес бетиңден,

Сүйүү деген — сүзүп өтүү деңизден».

(Сулууга»)  

 

***

 

Ташкент калаасында Алыкул Осмоновду эң жакшы билген аял жашайт. Алыкул жыйырма бешинде Зейнел менен баш кошкон. Алар эки жылча бирге өмүр сүрүшкөн. Ысык көрүнгөн өмүрлүк жары менен өлгөнчө бир болуп, бактылуу болом деген. Акын жаштык күндөрүн, чыгармачылык ойлорун, кымындай сырын ушул аял менен бөлүшкөн.

Зейнеп кез-кезде жыгачка салынган жаш кездеги өзүнүн ай-чырайлуу сүрөтүн карап коёт. Сүрөттөгү шааси көз уялткан жаштык зыйнаты мунаят. Ал жаштык өмүр эми ажаан деңиз ортосунда калган мөмөлүү аралдай көрүнөт.

Зейнеп өмүрүндө Алыкул жөнүндө аз сүйлөп, көп ойлонгон. Эки жыл жашаган өмүрү жөнүндө узун сабак жомокту нечен ирет ичинен айткан сыяктанат.

Зейнеп эженин эки ийнинде Рафаэлдин сүрөтүндөгү Умай-энеге үйрүлгөн периштелердей балдары айланып турушту. Энесин аяп, боору ачыган балдары анын ыйына түшүнө албай, алардын бөтөн кишиге кээрин чыгарып, чочулашып, кыя карашкандарын туюп турдум. Ичимден баягы, кайсы бирөөлөрдүн аялга тогоргон жаманаттары сөздөрүн эстеп, а бирок, Зейнеп сөзүнөн кийин, күнөөнү биротоло бир кишиге оодара албай кеттим.

 Аял күйөөсүн унутпаптыр деп ынанып коём ичимден. Ал кыска өмүрдү узартып, жүрөгүнө купуя катыптыр. Аял таттуу жаштыгын, мындан канча жыл мурунку өмүрүн, Алыкул күйөөсүнүн сөзүн, кыял-жоругун сүйлеп жатты.

- Алыкул менен таанышкан эки жыл мен үчүн майрамдай болду. Мен аны өмүр бою эстеп келатам....

Алыкул жыйырма бешке чыгып калган, шыңга бойлуу колдору шадылуу, анчейин сулуу болбосо да жүзү ымандуу, сынга салгандай зыңкыйган жигит кези. Эки жылдан бери Москвага тынбай каттайт. Келээр менен Зейнепке барат. Кыз театралдык институтта окуп жүргөн. Алыкул Зейнепти педтехникумда жүргөндө сыртынан билүүчү. Москвада экөө ынак болуп кетишти. Алыкул көрүшпөсө кызга сагыныч каттарын тынбай жазчу. Бир күнү Алыкул Зейнептен «Сен башка кызга үйлөнгөнү жүрүптүрсүң» деген таарыныч кат алды. Ошол күнү ал Москвага учуп жөнөдү. «Баратамын, тосуп ал» деп да телеграмма жиберди. Кыз тосуп чыкпады. Алыкул кыздын жатаканасына жети түндө жетип келген. А дегенде эле: «Эмне болду? Эмнеге таарындың?» дегенден башканы сүйлөбөдү Алыкул. Кыздын таарынычы бирөөлөрдүн ушак сөзүнөн улам чыкканына көздөрү жеткен соң, далайга күлүп жүрүштү. Алар Москвадан музейлерге, китеп дүкөндөрүнө далай ирет киришчу. Театрлардан айтылуу оюндарды көрүштү. Шекспирдин, Шоунун пьесаларына барышты. Алыкул театрдан чыкканда баржактап, кубанып кетээр эле. Ошондо, «карап тур, Шекспирдин пьесаларын которбосом, пьеса жазбасам» дечү.

10.05.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.