Жек Лондон
Мартин Иден
— Менимче, — деди Руфь каршы чыгып, — белгилүү адамдарга ыйык сүрөткө атырылган жырткыч сыяктуу сизге караганда, жалпы кабыл алынган эрежелерди карманган мен чындыкка жакыныраакмын деп ойлойм.
— Миссионерлердн өзүлөрү жапайылардын ыйык сүрөттөрүн жулуп ыргытышкан, — күлүп жиберди Мартин, — бирок тилекке каршы, ал миссионерлердин баары түркүн кудайларга сыйынган өлкөлөргө тарап кетишиптир, андыктан, мистер Вандеруотер менен мистер Прапсты оңкосунан сайганга жардам бере тургандардын бири да бизде калган жок.
— Аларга кошо университеттин бардык профессорлорун да дебейсизби, — кошумчалап койду Руфь.
Мартин колун шилтеп койду.
— Жок, окумуштуулар калышы керек. Алардын мээнети зор. Бирок англия филологиясынын тоту куштай сайраган микроскоптук мээчелери бар профессорлорунун ондон тогузун кууп салса, зыян болбос эле.
Профессорлорго болгон мындай ырайымсыз текебер мамиле Руфка катуу тийди. Ал эрксизден зыңгыраган, келишимдүү кийинип, салабаттуу үн менен сүйлөгөн, кылдат маданият менен дем алган профессорлорду маңдайында турган мынабул эмнегедир өзү сүйгөн, шөлпүйгөн кастүмчөн, темир булчуңдуу орой матрос, чыдагыс адам менен салыштырып жиберди. Мартиндин талаш учурунда кишиден башкача дүүлүгүп, кээде өзүн жоготкону кыздын итиркейин келтирип жатты. Профессорлор го жок дегенде көп маяна алышат, алар — муну моюнга албай коюуга болбойт — чыныгы жентельмендер, ал эми бир тыйын иштеп таба албай атып, аларга сын таккан Мартиндин өзү ким болуп кетиптир, мунун эмнеси жентельмен.
Руфь Мартиндин жүйөөлөрүн талкууга алуунун да кереги жок деп тапты. Себеби анын баары жалган экени өзүнөн өзү түшүнүктүү эле, мунусу сырткы салыштырууларынан эле көрүнүп турбайбы.
Профессорлордуку шексиз туура болчу, анткени алар жашоодо ийгиликке жетишишкен, бир чыгармасын сата албай атып аларга сын таккан мынабул Мартин деген неме болсо адабиятты кайдан түшүнсүн. Буга ишенсең тигилердин иши “оңунан келип атыптыр” да, мунуку эч жүрүшпөй атыптыр. Кечээ эле ушу бөлмөнүн ичинде уялганынан сүрдөп кызарып, кайсы бир буюмду кулатып аламбы деп алактаган, олдоксон, «Свайн — берн» эчак эле өлгөнбү деп дөөпөрөстөнө сурап, «Excelsior» менен «Турмуш ырларын» окуганын айтып мактанган бул неме адабиятка кайдан туура баа бералмак эле?
Муну менен Руфь да атактууларга тизе бүгөөрүн өзү тастыктады. Мартин анын оюн эң жакшы түшүнсө да бул туурасында ойлонгусу келбеди. Ал Руфту анын Прапс менен Вандеруотер жана англия филологиясынын профессорлоруна болгон мамилесине карабай сүйчү. Ошентсе да ой жүгүртүүнүн Руфтун акылы жетпеген башка тармактары бар экенин жана алардын бар экени кыздын түшүнө да кирбегенин барган сайын тереңирээк түшүнүп жатты. Руфь болсо өз кезегинде Мартиндин музыка жөнүндө түшүнүгү жок, анын опера жөнүндөгү пикирин болсо, туура эмес тургай, атайын жасалган каршылыгы деп саначу.
— Сизге жактыбы? — деп сурады бир жолу Руфь, экөө операдан кайтып келатканда.
Бул кечте бир ай бою тырышып атып тамагынан үнөмдөп калган акчасына Мартин кызды театрга чакырган эле. Оюндан абдан катуу таасирленген Руфь озунуп сөз козгобой, эмне дээр экен деп Мартинди күтүп жадаган соң акырында оюн сурады:
— Мага увертюрасы абдан жакты, — деди Мартин, — мыкты экен!
— Ээ? Операнын өзүчү?
— Опера да. Башкача айтканда, оркестр жакты. Бирок жанагы маскарапоздор ары –бери ойдолобой бир жерде турушса, же сахнадан таптакыр кетип калышса андан бетер жакшы болмок.
Руфь таң калганынан эмне дээрин билбей калды.
— Тетралани менен Барильо жөнүндө айтып жатасызбы? — сурады кыз.
— Ошолорду айтып атам да... бүт эле алардын үйүрү жөнүндө.
— Бирок булар улуу артисттер эмеспи!
— Баары бир. Алардын келесоо чалыштана чоёктогондору бүт музыканы бузуп салды.
— Барильонун үнү кантип эле сизге жаккан жок? — чочуп кетти Руфь. — Карузодон кийинки эле ошол эмеспи.
— Жок, эмне үчүн, жакты, мага Тетралани өлө жакты. Билишимче, анкындай мыкты үн жок.
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.