Жек Лондон

Мартин Иден

Жек Лондон
I ГЛАВА

Эки жигиттин астында келатканы француз ачкычы менен эшикти ача берди. Аны ээрчип келген жаш жигит босогону аттап баратып, башындагы кепкасын олдоксон шыпыра колуна ала койду. Ал деңиз жыттанган жупуну, жүдөө кийимчен эле. Мындай жерди мурда көрбөгөн неме кире бериштеги кенен бөлмөгө кирери менен кадимкидей кысына түштү. Колундагы кепкасын кармалай, эмне кылаарын билбей туруп калып, анан аны чөнтөгүнө солоп жиберейин деди эле, чогуу келген жолоочусу аны акырын колунан алып, илгичке илип койду. Муну ал ушунчалык жөнөкөй, табигый жасады дейсиң,  ыраазы боло түшкөн конок жигиттин башынан «менин абалымды түшүнүп турат, уятка калтырбайт», — деген ой жанып өттү.

Таман астындагы пол кудум эле деңиз толкуну сыяктуу бирде өйдө көтөрүлүп, бирде ылдый түшүп бараткансып, кадамын кере таштап, чайпала баса анын артынан баратты. Анын минтип арыштап басканына бул кенен бөлмө абыдан эле тардай сезилип турду — андыктан ийиндерим менен каалганын кырына урунуп, же каминдин үстүндөгү майда-барат буюмдардын бирин серпип кетпегей элем деп апкаарып баратканы. Ары бери ойт берип баратып, өз оюнан жаралган коркунучту ого бетер күчөтүп атканын билбейт. Рояль менен үстүндө китептер үйүлүп жаткан үстөлдүн ортосунан алты киши кенен өткүдөй эле, ал болсо жүрөгү түшүп атып араң өттү. Эки ийнинен шалактаган шадылуу колдорун кайда катарын билбей кыжалаттана берди. Аңгыча тигил үстөлдөгү китептерге колу тийип кетчүдөй сезилгенде, үрккөн аттай ойт берип, аз жерден роялдын жанында турган табуреткени кулатып ала жаздады. Ал астында эч бир кыйналбай эле эркин, жеңил басып бараткан жолоочусуна көз чаптырып,  өзүнүн басканы абдан эле олдоксон экени жана ал башкалардыкына таптакыр окшошпой турганы өмүрүндө алгачкы жолу оюна кылт этти. Мындай ойдон улам намыстана, ичи тыз дей да түштү.

Чекесинен тери чыпылдап чыга түшкөндүктөн, токтой калып, бет аарчысы менен коло түспөлдөнгөн жүзүн аарчыды.

— Артур достум, бир аз токтой туруңузчу, — деди ал кысынып турганын билдирбеске аракеттенип тамашага чаптыра, — биринчи жолкусунда мунун баары мага өтө эле ашыкча болуп кетти окшойт. Эсимди жыйып алганга мүмкүнчүлүк бериңиз. Билесиз да, бул жерге келейин деген эмес элем, анүстүнө сиздин үйдөгүлөр деле мени көргөнгө куштарланып турбагандыр.

— Эчтеке эмес! — деген көңүл жубаткан жооп болду, — бизден эч чочуркабаңыз. Биз карапайым кишилербиз... Эх-ээ! Мага кат келген окшойт!

Артур кысынып сүрдөп турган конокту эркине коюп, үстөлгө келди да катты ачып окуп кирди. Конок да буга түшүнүп, ичинен ыраазы боло түштү. Ал табиятынан эле сезимтал, сергек эле, андыктан апкаарып турганына карабай, анысынан азыр деле жазган жок. Ал тер чыга түшкөн маңдайын дагы бир жолу сүртүп алды да, бөлмө ичине эми токтоо көз чаптырды, бирок көз карашында дагы эле кудум капканга чабылуудан чочулаган жапайы жаныбардыкындай кооптонуу бар эле. Аны айланасында буга чейин дегеле көрбөгөн нерселер курчап турду, бирдеме болуп кете тургансып ичинен опкоолжуганы дагы эле басыла элек, эмне кылаар айласын таппай, олдоксон экенин түшүнүп турду, мунусу анын басканынан, кыймылынан гана эмес, бүт туруш-турпатынан көрүнүп турбайбы. Ансыз да жандан башкача сезимталдыгы тула боюн ысытып, тартынып кысынганы жетер жерине жетип турганда, окуп жаткан катынын үстүнөн Артурдун кылтыйып карап койгону бычак менен ургандай ого бетер эсеңгиретти. Бирок жагдайга бир аз көнө түшүп, баарынан да тартип жайын билип калгандыктан, анын көз карашын жалт кармаса да, байкамаксан болгондой түр көрсөттү. Ошенткени менен бул анын намысын козгоп, эрдемситти. Бул жерге келгени үчүн өзүн өзү ичинен сөгүп да алды, бирок ошол замат эмне болсо, ошол болсун, ырас, биякка келдиби, эми акыр аягына чейин баарына чыдаш керек деди. Өңү сурданып, көздөрүнөн заар учкун жылт этти. Эми эки жагын баштагыдан ишенимдүүрөөк карап, көзгө урунган жагдайдын аки-чүкүсүнөн өйдө эсине тутуп калууга аракеттенди. Анын бакырайган көздөрүнөн эч нерсе жаздым калган жок; бөлмөдөгү кооз буюмдарга ынтаа коюп караган сайын көздөрүндөгү каардын учкуну улам бастап, анын ордун дилинде жылуулук ойготкон суктануу ээледи. Ал кооздукка дайыма кумары артык жан эле, бул жерде болсо андай нерселер жетишерлик экен.   

06.07.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.