Жек Лондон
Мартин Иден
Үй ичин кыдырата караган жигиттин көңүлүн дубалдын бетине илинген майлуу боёктор менен тартылган картина өзүнө бурду. Эбегейсиз зор толкун жээктеги аскага шарпылдап урунуп атыры; ылдый самсаалаган чагылгандуу булуттар асман бетин жылчыксыз жааптыр, ээ жаа бербей чамынган жаалдуу толкун бетинде уясына отуруп бараткан күндүн кызгылтым нурларына чагылышып, оодарылып кеткидей бери жантайган чакан кеменин палубасы алаканга салгандай көрүнүп турат. Бул бөтөнчө кооз эле, ал эми кооздуктун баары аны дайыма азгырып турчу. Жигит өзүнүн олдоксон басыгын унутуп коюп, сүрөткө жакыныраак келип карады. Бул эмнеси, эмелеки сулуулуктун жыты да жок го. Сүрөт болсо боёк каршы-терши шыбалган, бети одуракай эле бирдеме болуп калыптыр. Саал артына кетенчиктеп туруп кайра карады эле, сүрөт кайрадан баягыдай боло түштү. «Керемети бар сүрөт тура», — деп койду артына бурула берип. Мына бул азем буюмдардын арасынан түккө турбаган амалкөйлүктүн эсесине ушунчалык сулуулуктун садага чабылганына бир аз кыжыры да келе түштү. Живопись деген анын түшүнө да кирбеген нерсе эле. Буга чейин ал алыс менен жакынды бирдей даана, тегиз чагылдырган хромолитографиялык ыкмадагы сүрөттөрдү гана көрүп жүргөн. Ырас, дүкөндөрдүн витринасынан боёк менен тартылган кооз картиналарды да көргөн жайы бар, бирок калың айнектерден улам аларды жакшылап ынтаа коюп караганга болбос эле.
Ал катты окуп жаткан досу жакка бурула берди, үстөлдүн үстүндө жаткан китептерди көрүп калып, кудум тамак көрбөгөн ачка кишиден бетер көздөрү жайнай түштү. Ошол замат дагы чайпала басып жакын келди да, оюн өрөпкүгөн сезим эрксизден бийлеп, китептерди четинен кармалап көрө баштады. Алардын авторлорун жана аталыштарын карап, ичиндеги тексттердин айрым жерлерин күбүрөй окуп, саптардын баарын көзү менен да, колу менен да бир сыйра сылап, эркелетип чыккандай болду. Анан китептердин арасынан кокусунан өзү жакында эле окуган бир китепти тааный койду. Бирок, ушул китептен башкасы алардын авторлору сыяктуу эле, ага бейтааныш эле. Ал колуна тийген Суинберндин томун бети албыра түшүп окуп кирип, кызыкканы ушунчалык, өзүнүн кайда экенин унутуп да койду. Китептин окуп жаткан бетине сөөмөйүн коюп, эки жолу жаап, анын авторун кайра карады. Суинберн! Ал муну эсине сактап калат... Бул Суинберн кыязы, боёктор менен алардын кылдат көлөкөлөрүн абдан даана көрө билген, көзү шумдук курч киши көрүнөт. Бирок бул ким болду экен? Көп акындар сыяктуу эле мындан жүз жыл мурда көзү өтүп кеткен немеби, же азыр деле жазып жүргөн тирүү адам болду бекен? Ал китептин баш барагын карады. Мына турат, Суинберн бул эле эмес, башка китептерди да жазыптыр. Болуптур, ал эртең менен эле ортолук китепканага барат да, ал жерден мунун кайсы бир чыгармасын таап окуганга аракет кылат.
Ал китепке берилип кетип, бөлмөгө жаш селкинин кирип келгенин байкабай да калды. Анын оюн Артурдун заңк эткен үнү күтүүсүздөн бөлүп жиберди:
— Руфь! Бул мистер Иден!
Мартиндин колундагы китеби жабыла түшүп, бурулуп карардан мурда буга чейин кулагы угуп көрбөгөн бул сөздөн бүткөн бою чымырап чыкты. Болуп көрбөгөндөй мындай сезим бөлмөгө аяр баса кирип келген сулуу кыздан эмес, анын инисинин азыр эле өзүн «мистер» деп атаганынан улам пайда болду. Булчуңдары таштай бул чымыр жигитте сезимталдык ушунчалык күчтүү эле, кенедей бир тыштан таасир боло калса деле ойлору удургуп, тула бою ысып, дуулдап кете турган. Кылт эткенди туйган кылдаттыгы менен таасирчилдигинен, аша чапкан кыялкечтиги тынымсыз иштеп, өзүн курчаган нерселердин байланышын, алардын айырмасы менен окшоштугун ажыратып турчу. Ошондуктанбы, аны буга чейин өмүрү эч кимден укпаган «Мистер Иден» деген сөз жалт эттиргени. Аны минтип бир да жан атаган эмес, эс тарткандан жөн эле «Иден» же «Мартин Иден» болуп келбедиби, анан эле «мистер» деп жатышса оңойбу. «Ии, бул эми башка кеп», — деп көтөрүлө компоюп койду ичинен. Анан заматта удургуй түшкөн ойлору чогулуп келип кинотасма тарткан килейген камеранын оозуна сорулуп кирип кеткендей болду, көз алдынан кубалашкан тааныш элестер: от жаккыч жайлар, трюмдар, доктор, кеме токтоочу жайлар, түрмөлөр, арзан тамак-аш саткан трактирлер, бейтапканалар жана урандыга айланып бараткан жепирейген кепе үйлөр чубурду; мунун баары ага көнүмүш болгон кунарсыз, кедей жашоонун өзөгүнө биринен сала бири тизмектелип келип жатты.
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.