Жек Лондон
Мартин Иден
Өзү жасаган иштин эч кандай деле бөтөнчөлүгү жок экенин дагы бир жолу кайталаган жигит сыпайылык менен креслону көздөй басты. Отурганы баратып көзүнүн кыйыгы менен Руфтун эркин жана келишимдүү кыймыл менен диванга олтурганын суктана караганга үлгүрдү, өзүнүн одоно туруш-турпатын элестете коюп, ого бетер уялып кетти. Бул жердегинин баары ага жаңылык эле. Анын өзү эби жокпу же чапчаңбы, бул туурасында ойлоп да койбогон экен. Өзүнө сырттан карап баа берүү деген анын оюна да келген эмес. Эми колдорун кайда катаарды билбей, этияттык менен креслого жетип, коомайлана четине отура кетти. Кайда койсо да колдору эч жакка батпай койду, минтип сүрдөп турганда какаганга муштаган болуп Артур да так ушул маалда сыртка чыгып кетиши керек да. Мартин Иден аны кыжалат болгон түр менен узата карап, ээн бөлмөнүн ичинде аял кейпиндеги куба жүздүү пери менен бет маңдай жалгыз калды да, апкаарып сүрдөгөнүнөн өзүн таптакыр жоготуп койду. Кара басып, бул жерде ичимдик турчу жер да көрүнбөйт, же пийвага чуркатып ийгенге да жубарымбектер жок, анткени мындайда ээн эркин кеп баштаганга шараптын жардамы куп гана тиет эле да.
— Сиздин мойнуңуздагы тырык, мистер Иден, эмнеден болду эле? — сурап калды кыз, — балким, бул кандайдыр өзгөчө окуядан улам болгон чыгаар?
— Мексикалык бир жигит бир жолу мени бычак менен уруп калды эле, мисс, — жооп берди ал тили менен эрдин жалана, анан тамагын жасап жөтөлүп койду, — анан кармаша кеттик. Мен анын бычагын жулуп алганымда, ал менин мурдумду тиштеп ала жаздады.
Муну ал жупуну, колдур тили менен айтып койду, бирок ошол замат көз алдына Салина-Круцтагы көөдөй кара, абасы үп, жылдыздуу дымкыл түндүн элестери: жээктин ак тилкелери, кант жүктөлгөн кемелердин оттору, мас матростордун бакылдаган дооштору, топураган жүк ташуучулар, жини башына тээп, өң-алеттен кеткен мексикалык баланын жылдыздын жарыгында жырткычтыкындай жылтырап күйгөн көздөрү, мойнуна кадалган болот бычактын муздагы, дирилдеп аккан кан, дүүлүккөн караламан топтун кыйкырык ызы-чуусу, кумдагы чырмалышкан эки дененин ары бери аласалып тоголонгону жана гитаранын алыстан угулган мукам шыңгыр, кусадар добушу тартыла калды. Ошондой болбоду беле, аны эстегенде селт этип алып, тетиги дубалдагы картинаны тарткан неме ушунун баарын так өзүндөй келиштирип сүрөттөй алаар беле деген ой кылт этти. Агыш жээк, жылдыздар, жүк ташуучу кемелердин оттору — анын баары сүрөттөн укмуш көрүнмөк, ал эми алардын чок ортосунда, кумда мушташып жаткандарды чуркурап тегеректеп алган сүрмө топ удургуп турмак. Картинада бычакты да көрсөтүп койсо болот эле — жылдыздарын жарыгына болоттун чагылышып турганы шумдук кооз чыкмак!
Бирок бул жөнүндө ал ооз ачкан да жок.
— Ооба, ал аз жерден менин мурдумду тиштеп ала жаздады, — кайталады ал.
— О! — ак тамагы кылайган кыз таң кала түштү, анын үнүнөн, жүзүнөн өзүн бир аз жогото түшкөнүн байкады. Мартин аны карап өзү да абдырай түштү, күнгө күйгөн жүзү боёк чачып ийгенсип ого бетер кызарып кетти. Бирок бети өзүнө оозу ачык мештин маңдайында олтурган адамдын бетиндей алоолонуп жаткансып сезилди. Үлбүрүгөн ак сөөк айым менен бычакташып мушташкандай жагымсыз нерселелер туурасында аңгемелешүүнүн өзү осол иш болоор. Китептерде анын чөйрөсүнө таандык адамдар эч качан минтип сүйлөшпөсө керек, балким, алар мындайды билбейт да чыгаар.
Жаңыдан башталып келаткан сөз ушинтип үзүлө түштү. Руфь эми анын жаагындагы тырыгы жөнүндө суроо узатты. Мунусу кыздын аны менен өзүнө гана тааныш нерселер туурасында сүйлөшүүгө аракет кылыбатканын түшүндү, шарт эле жооп берип, анан кеп нугун Руфтун өзүнө жакын темаларга бурууну чечти.
— Мындай окуя болду эле, — деди ал жаагын сыйпалап, — бир жолу түндө чоң толкун болуп, гротту (кеменин тумшугу жагындагы мачта — Б.Ш.) шаймандары менен кошо жулуп кетпеспи. Болот зымдан эшилген аркан жыландай ийрелеңдеп, карматпай туйлап, туш келди чапкыланып кирди. Аны кармайбыз деп бүт вахтанын жабыла убараланганын айтпаңыз. Мен болсом шак эле үстүнө жата калдым да кармап бекиттим, ошол кезде жаагым тыз дей түштү эле.
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.