Жек Лондон
Мартин Иден
— Бирок... Бирок... — Руфь сөз таба албай калды. — Эч нерсеге түшүнбөй атам. Эмеле алар музыканы бузуп жатат дедиңиз, анан кайра алардын үнүнө суктанганыңыз кандай?
— Ушундай да. Мен алардын үнүн концертте угуш үчүн арбын акча төлөгөнгө даярмын, бирок булардын оркестр ойноп атканда үнүн укпай коюш үчүн андан да көп төлөмөкмүн. Кыязы, мен оңолгус реалист окшойм. Улуу ырчылар дайыма эле улуу актерлор эмес. Арийне, Барильо периштеникиндей доошу менен сүйүү ариясын ырдаганы мыкты, андан да ашкан үнү менен Тетралани айымдын коштогону ого бетер сонун. Мунун баары жаркыраган, түркүн түс боёктор менен кулпурган оркестрдик музыканын фонунда болуп атат. Мунун чексиз ырахат экенин талашпайм. Бирок алган ыракатыңдын баары сахнаны карап эле, боюнун узундугу эки метрден саал эле кыска, салмагы токсон беш килдик Тетраланини жана анын жанындагы Барильону, көкүрөгү темир устаныкындай төрт чарчы, бастек бойлуу адамды көргөндө кайда кеткени билбей каласың. Анан экөө катарлаша туруп алып, төштөрүн кармалап, жиндиканада жашаган немелердей колдорун ары-бери шилтешет. Мен болсо муну жаш канзаада менен ай чырайлуу канышанын ортосундагы махабаттын көрүнүшү деп элестетишим керек турбайбы. Жок, мен каршымын. Бул акмакчылык. Бул табигый эмес. Кеп так мына ушунда. Киши кантип өз сүйүүсүн ушинтип билдирсин? Мисалы, мен сүйүүмдү сизге ушинтип түшүндүрсөм, сиз жаактан ары тартып жибермексиз!
— Сиз түшүнбөй жатасыз, — деди кыжыры кайнап чыккан Руфь, — искусствонун ар бир формасы чектелген (Эсине жакында эле университеттен уккан искусствонун шарттуулугу жөнүндөгү лекция түштү). Маселен, биз живопистеги эки гана ченди билебиз. Бирок ага карабай сиз сүрөтчү өзүнүн өнөрүнүн күчү менен жараткан үч ченди кабыл аласыз. Адабиятта болсо автор баарын билет жана кудурети зор. Сиз мисалы, бул авторлор өздөрүнүн каармандарынын ички сырын баяндоого акылуу деп билесиз, чынында каарман ал ойду качан ойлогонун жанында эч ким угуп турган жок да? Бул театрда, скульптурада, операда, бүт эле жерде ушундай. Айрым карама-каршылыктар менен келишүүгө туура келет.
— Ооба, түшүнөм, — деди Мартин, — ар кандай искусство шарттуу (Руфь анын туура сүйлөгөнүнө таң кала түштү, ал ага китепканадан колуна тийгендин баарын окуган өз алдынча үйрөнчүк эмес, кадимки университетти бүтүргөндөй болуп көрүндү). — Бирок шарттуулукта да чындык болушу керек. Сахнанын эки капталында турган калың кагазга тартылган дарактардын сүрөтүн биз токой деп билебиз. Бул шарттуулук, бирок чындыгы бар шарттуулук. Бирок деңиздин сүрөтүн биз токой деп эсептебейбиз да. Минтип эч качан айта да албайбыз. Мындай кылсак өзүбүздүн болгон сезимибизди зордуктаган болор элек. Ошондуктан эмеле биз көргөн эки келесоонун чоёктогонун, өңү–башын кыйшалактатып, карышып — тырышканын сүйүү сезимдерин жана маанайларын билдирип атышат деп кабыл алууга таптакыр мүмкүн эмес.
— Кантип эле сиз музыка да бардык сынчылардан өзүңүздү жогору деп эсептейсизби? — деди Руфь жактырбагандай.
— О, жок, жок. Мен жөн гана өз пикирим болсо дейм. Мунун баарын сизге эмне үчүн Тетралани айым пилдикиндей келбети менен татынакай оркестрди бузуп турганын түшүндүрүш үчүн айткым келди. Балким, атактуу музыка сынчыларынын көз караштары туурадыр. Бирок менин да жеке көз карашым бар жана аны бир да сынчынын өкүмүнө баш ийдиргим келбейт. Мага эмне жакпаса, ошол жакпайт, баса, эмнеден улам мен бул мага жаккандай түр көрсөтүшүм керек? Же башкаларга жаккан үчүнбү? Өзүмдүн модага болгон табитимди баш ийдирүүнү мен каалабайм.
— Бирок музыка деген даярдыкты талап кылат да, — каршы болду Руфь, — ал эми опера болсо, өзгөчө даярдыкты талап кылат. Мүмкүн...
— ...менин опера угууга али даярдыгым жетишпестир, — деди Мартин анын сөзүн улап.
Руфь ошондой дегендей башын ийкеп койду.
— Мүмкүн, — деди Мартин, — алтургай, буга кубанам. Эгерде мени кичинемден тартып опера укканды үйрөткөндө, балким, бүгүн бул маскарапоздордун тыйралаңдаганын көрүп олтуруп, элжирегенимден көз жашымды төкмөкмүн, алардын үнүн, оркестрдин доошун да сезбей калмакмын. Бирок сиздин айтканыңыз туура. Бул албетте, тарбия менен келет, мен болсом ал курактан өтүп калдым. Мага реалдуулук керек же жакшысы, таптакыр эч нерсенин кереги жок. Чындыкка ишара да жок көз жазгыруу мени козгой албайт, ошондуктан опера мага башынан аягына дейре жалган сезилет; айрыкча кенедей Барильо калтырап-титиреп, дөөдөй Тетралани айымды кучагына кысууга аракеттенип, аны өлө сүйөөрүн айтканына такыр ишенбейм.
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.