Жек Лондон
Мартин Иден
Өспүрүмдөргө арналган журналдардын биринен ал анекдоттор менен майда аңгемелердин бүтүндөй түрмөгүн көзү чалып калды. Мына, акча иштеп табуунун дагы бир жолу! Бирок бул жерден да ооматы болгон жок, мурдагыдай эле жиберген аңгемелери жараксыз деп табылып, артка кайтып келе берди. Кийин, мунун кереги жок болуп калганда Мартин редакциялардын кызматкерлери көбүрөөк акча табыш үчүн мындай материалдарды өзүлөрү берип турушаарын түшүндү. Юмор жумалыктары анын бардык ырлары менен тамаша мыскылдарын кайтарып атышты; ири журналдарга жиберген ыр түрүндөгү фельетондору да өткөн жок. Гезит фельетондору бар эле. Өзүн дагы эле мыкты жазам деп эсептеген Мартин дагы эки жаңы адабий агенттиктин дарегин таап, аларды да майда аңгемелери менен толтуруп салды. Бирок жыйырма аңгеме жазып, анын бирин да орноштура албагандан кийин Мартин жазганын токтотту. Бирок күн сайын ондогон аңгемелер менен фельетондорду окуй берди, бирок алардын бири да өзүнүн бул жанр боюнча аракеттенип жазгандарына түк караандабай турду. Таптакыр айласы куруган, бирок өзүнүн чыгармаларына гипноздой берилип алган Мартин болгон сындоо туюмун жана өзүнүн чыгармачылыгына олуттуу көз менен кароо жөндөмүн жоготту. Ырайымы жок «басмакана машинеси» өз ишин уланта берди. Мартин болсо өзүнүн кол жазмалары салынган пакеттерге марка чаптап почтонун кутусуна сала берди, арадан эки-үч жума өтпөй почточу эшигинин коңгуроосун кагып, кайра алып келе берди. Буга караганда, ал даректерде бир да тирүү жан отурбай эле, жакшы майланып, кынтыксыз иштеген автоматтар иштейт окшойт. Үмүтү үзүлүп, аргасы куруган Мартин редактор деген немелер деги табиятта бар кишилерби же жокпу деп башы катты. Ушу кезге чейин алардын бири да тирүүлүктүн жышаанын билдирбегени кандай, жазгандарынын баары эле эч бир түшүндүрмөсү жок кайра кайтып келибатса, анан редактор деген — адам эмей эле, арип тергендер, өлчөгүчтөр жана гезитчилердин өзүлөрү ойлоп тапкан жомокпу деген да ойго кабылды.
Руфтун жанында өткөргөн сааттар анын өмүрүнүн бирден бир эң жаркын жана бактылуу сааттары эле, бирок алар дайыма эле боло берчү эмес. Руфь ага сүйүүсүн билдиргенден кийин анын кабатыры ого бетер күчөдү, анткени Руфь ага мурдагыдай эле кол жеткис болуп турду. Мартин аны эки жыл күтө туруусун суранды эле, убакыт деген зымырап учуп атыры, өзү болсо эч нерсени кыйратып ийе элек. Андан тышкары, кыз кыязы, анын бул ишин жактырбай да жаткандай. Ал муну түз айтпаса да, түшүнө тургандай кылып кыйыр ишара менен жеткиргенге абдан аракет кылып атты. Бирок Руфь колдобогону гана болбосо, анын көөнүн оорутуп, эч кандай терс мамиле кылган жок, анын ордунда мүнөзү чукулураак башка аял болгондо эчак жарабаган өтүмсүздүгүн айтып, кокосунан алмак. Руфту кейишке салганы — кайра тарбияласам деген кишиси тарбияга келбей атканы болду. Адегенде Мартин ага бат эле ийге келе турган элпек жандай көрүндү эле, бирок кийинчирээк күтүлбөгөн жерден мистер Морзго да, мистер Бэтлерге да окшошоюн деген ою жок тоң моюн, өжөр болуп чыга келди.
Кыз Мартиндин мүнөзүндөгү эң татыктуу жана маанилүү сапаттарды байкаган жок, же андан да жаманы, түшүнгөн жок. Кылт эткенди байкап турган сезимтал жана көңүлү назик, жашоонун кандай болбосун формасына ыңгайлашып кетет деп эсептеген бул адамды Руфь жөн эле айтканын бербеген көк бет, өжөр деп эсептеди — анткени аны өзү билген бирден бир чен өлчөмгө таптакыр сала албай койду. Руфь анын көкөлөгөн кыялдарынын артынан үлгүрө албай, өзү жетпеген бийиктикке чыгып кеткенин адашуу деп гана эсептеди. Ага атасы менен энесинин, бир туугандарынын, алтургай, Олнинин ойлору да дайыма айдан ачык, түшүнүктүү эле; ошондуктан Мартинге түшүнө албаганына кайра аны күнөөлөдү. Ошентип жалгыз адамдын акыйкатты дүйнөгө түшүндүрсөм деген эзелтен келаткан трагедиясы дагы кайталанды.
— Сиз өзүңүз татыктуу деп табылган нерселердин баарын кастарлоого көнгөн окшойсуз, — деди бир күнү Мартин, Руфь менен Прапс жана Вандеруотер жөнүндө талаша кетип. — Мен булардын ишенимдүү жана туруктуу кадыр-баркы бар экенин түшүнөм, аларды Кошмо Штаттардын көзгө басаар мыкты адабий сынчылары деп эсептешет. Ар бир мектеп мугалими Вандеруотерге америкалык сындын жол башчысындай карайт. Мен аны окуп чыктым, бирок ал мага куру келжиректиктин эң сонун үлгүсүндөй көрүндү. Прапс деле андан мыкты эмес. «Хемлок Моссес», албетте, шумдук жазылган. Бир да үтүрүн алып сала албайсың, ал эми жалпы тонучу — не деген шөкөттүү салтанат менен жазылган! Ошондуктан ага баарынан көбүрөөк төлөшөт. Бирок менин оройлугумду кудай өзү кечирсин, чынында ал эч кандай сынчы деле эмес. Сынды катыра айтканды Англияда жакшы билишет. Кеп биздин сынчылар дайыма баарына эчак белгилүү жүйөөлөр менен ойногонунда. Мунун баары алардын сынында сонун, жогорку руханий жана көтөрүңкү угулат. Алардын сын макалалары мага жекшембилик дин үгүттөөнү эсиме салат. Алар сиздердин англиялык филология боюнча профессорлоруңуздарды коргоп жанталашат, тигилер мунусу үчүн аларды колдоп турушат. Ошентип алардын мээсинде уялаган өздөрүнө таандык ныпым оригиналдуу пикир жок. Алар жалпыга эчак маалым болгон нерселерди гана билишет, ушинтип жүрүп өзүлөрү да жалпы таанымал болуп алышкан. Эчак эле белгилүү болгон идеялар аларга пийванын бөтөлкөсүнүн этикеткасындай эле чап жабыша калат. Булардын башкы милдети университетте окуган жаштардын ар кандай өз алдынча ой жүгүртүү өзгөчөлүгүн жокко чыгарып, аларды эскирген калып менен ой жүгүртүүгө мажбурлоо болуп саналат.
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.