Жек Лондон

Мартин Иден

Жек Лондон

Бул иште Мартиндин жарым жолдо токтоп туруп калган жок. Ийгиликке жетишкен авторлордун чыгармаларын окуп жатып, алардын бардык стилдик өзгөчөлүктөрүнө, баяндоосуна, окуялардын чагылдырылышына, мүнөздүү сөздөрүнө, салыштырууларына, эпиграммаларына, — айтор, бир сөз менен айтканда, алардын ийгилике жетишиние кол кабыш кылган нерселердин баарын кылдаттык менен белгилеп кетет берет. Мунун баарын кагазга түшүрүп, үйрөнүп жүрдү. Бирок аларды ээрчип, туурап кеткен жок. Ал кандайдыр бир жалпы принциптерди. Ар кайсы жазуучулардан байкалган, адабияттын табияты жөнүндө жалпы корутунду чыгарууга жардам бере турган адабий жасалма ыкмалардын узун тизмегин тизип алып, аларды таяныч кылуу менен өзүнүн жаңы жеке ыкмаларын иштеп чыкты да аларды өз орду жана өлчөмү менен пайдаланууга аракеттенди. Ошону менен бирге ал күнүмдүк турмуштагы сөздөрдүн ичинен оттой күйгүзгөн, кулакка жагымдуу жана назик, же тескерисинче, карапайым келжирек кептердин кунарсыз чөлүнөн жаркырап жанып айырмаланып турган элестүү, таамай айтылган сөздөрдү чогултуп жазып жүрдү. Мартин дайыма ар кандай кубулуштун өзөгүн түзгөн принциптерди издечү. Ал кубулуштун кантип жаралышын түшүнүүгө аракет кылаар эле, мындай кубулушту өзү жаратканга умтулчу. Ал сулуулуктун ашкан көркөмдүгүнө гана канааттанчу эмес, өзүнүн ашкана буюм-тайымдарына толгон, Мариянын балдарынын бапыраган кыйкырык чуусуна жык толгон тар бөлмөчөсүндө лабораториядагы химик өңдөнүп, сулуулукту курамдык бөлүктөргө ажырата анын кандай түзүлгөнүн билгенге ынтызар эле. Бул ага сулуулукту өзү жаратууга мүмкүнчүлүк бергенге тийиш эле.

Мартин мүнөзү боюнча ар кайсыл ишти аң сезим менен гана иштей алчу. Ал караңгыда темселеген сокурча, калеминен эмне чыгаарын билбей туруп, кокус ийгиликке же талантына таянып иштечү эмес. Кокустан келе калган ийгиликке эч качан канаатанчу эмес. Ал «кантип» жана «эмне үчүн» дегенди билгиси келчү. Анын акылы зирек, ой ырааты күчтүү эле, ал ыр же аңгеме жазууга киришип жатып, алардын аягы кандай бүтөрүн так көрө алчу жана чыгарманын бүткүл планын эсинде тутчу. Мунсуз анын бардык аракети текке кетери анык эле. Башка жагынан алганда, ал мээсинде күтүлбөгөн жылт эте калган, анан сыноодон татыктуу өткөн, чыгарманын кооздугуна терс таасир этмек түгүл, бүтүндүгүнө кол кабыш кылчу кокус сөздөргө жана сөз айкалыштарына тан берчү. Мартин мындай табылгаларга суктануу менен башын ийип, алардын адамдын акыл эсинин чегинен тыш жаткан эң жогорку кудуреттүү чыгармачылык күчтөн жаралганын түшүнөөр эле. Ошентип сулуулукту изилдөө менен анын өзөгүн түзгөн негиздерге чейин жетсем деп жүрүп Мартин анда кандайдыр бир улуу сыр бар экенин жана ал жакка канчалык улуу даанышман болбосун, бир да адам баш багып кире албаганы эсинде болчу. Ал жогеле дегенде Спенсердин жыйнактарынан заттын түпкү мазмунуна адамдын акылы жете албай турганын жана сулуулуктун баары кадимки турмуш сырындай эле түшүнүксүз нерсе экенин, алтургай, эч качан түшүнүүгө мүмкүн болбой турганын, сулуулук менен турмуш таң калаарлык түрдө бири-бири менен айкалышып турганын, ал эми пенде болсо күн нурунун айкалышынын, жылдыздардын чаңынын же дагы бир белгисиз нерсенин кымындай гана бүртүкчөсү экенин билчү.

Мына ушундай ойлорго таасирленген Мартин «Жылдыздар чаңы» деген темада макала жазды, бул макаласында сындын принциптерине дегеле тийишпей, ар кайсы сынчылардын ыкмаларына чабуул койду. Бул жазганы ою терең, чебер кылдаттык менен юморго шыкалган мыкты чыгарма эле. Ошондой болсо да мунусу деле кандай ылдам жазылса, ошондой ылдамдык менен журналдар тарабынан четке кагылды. Бирок Мартин өзүн кабатыр кылган ойлордон тез эле арылып, өз жолу менен кете берди. Ал эчак өзүн эң оболу чыгармасынын идеясын жакшылап бышыктап туруп, андан кийин гана машинкеге отурууга көндүргөн. Ушул күнгө чейин аңгемелеринин бир да сабы басылып чыкпаганы аны анчалык деле убайымга салган жок. Жазуу ал үчүн татаал акыл эмгегинин аяккы чынжыры, чачкын ойлордун башын бириктирип,  байланыштырган акыркы түйүнү болчу, топтолгон фактылардын жана жоболордун жыйынтыгы эле. Макаланы жазгандан кийин ал мээсин башка жаңы идеяларга жана көйгөйлөргө бошото турган. Бул эми акырында көпчүлүккө таандык болгон мезгил-мезгили менен «өз жанын сөз менен жеңилдетүү» адаты эле, анткени бул адат кээде адамдарга чыныгы же ойдон чыгарылган кусамат — кайгысын унутууга жардам бере турган.

06.07.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.