Жек Лондон
Мартин Иден
XXIII ГЛАВА
Өзүнүн жазуучулук шыгына Руфтун минтип ишенбегени Мартиндин ага болгон сүйүүсү менен урматтоосун түк кемиткен жок. “Каникулдап” жүргөндө ал өзү туурасында көп ойлоп, сезимдерин дыкат изилдеп чыккан эле. Сулуулук ага атак-даңктан артык экенине жана Руфь үчүн гана даңктуу болгусу келгенине биротоло көзү жетти. Атакка жетсем деп жанталашкан аракети кыз үчүн гана эле. Өзү сүйгөн аял аны менен сыймыктанып, татыктуу деп эсептеши үчүн дүйнөнүн көзүнчө атагын көкөлөтүүнү кыялданчу.
Мартин сулуулукту ушунчалык сүйгөндүктөн, ага кызмат кылуунун өзү эле ана чексиз канаатандырган бакыт эле. Бирок Руфту андан да артык сүйчү. Махабат ага дүйнөдөгү эң кымбат нерсе болчу. Анткени анын жан дүйнөсүн аңтар-теңтер түшүрүп, ошол замат маңыроо матростон ойчулга жана сүрөткерге айландырган Руфь эмес беле? Андыктан ага махабаттын илим менен искусстводон артык турганына таң калыштын деле кереги жок эле. Ой жүгүртүү жагынан эми Мартин Руфтан жана анын атасынан, инилеринен алда канча күчтүү болуп кеткенин сезе баштаган. Университеттик билиминин болгон артыкчылыгына, чебер искусствонун бакалавры деген наамына карабай Мартиндин бир жыл ичинде өзү окуп үйрөнгөндөн кийин жеткен дүйнө, искусство жана турмуш жөнүндөгү түшүнүгүнө жетиш Руфтун кыялына да кирбеген иш эле.
Мунун баарын билсе да бирок бул анын Руфка болгон сүйүүсүнө жана кыздын аны сүйгөнүнө түк таасир эткен жок. Сүйүү жанга артыкча сонун жана чексиз асыл сезим болгондуктан, Мартин чыныгы ашыктык отуна күйгөн адам катары бул ыйык нерсени сындап, кордогусу келбеди. Руфтун искусствого, француз революциясына карата көз карашы же жалпы элдик добуш берүү менен махабаттын эмне иши бар? Мунун баары акылдын иши, сүйүү болсо андан жогору. Сүйүүнүн кулу болгон Мартин аны эч кемсинте алмак эмес. Махабат ага улуу тоолордун көз жеткис бийик чокуларында, акыл — эстин өрөөнүнөн алда канча жогору жашагандай эле. Сүйүү жашоонун маңызы, өмүрдүн эң жогорку чыңалган чеги болуп, ал ар кимдин эле шыбагасына туш келе берчү нерсе эмес. Өзү жанындай көргөн философтордун окуусунан улам Мартин сүйүүнүн биологиялык маанисин билчү, бирок алардын негизги жоболорун өнүктүрүүнү улантуу менен адам пендесинин организми сүйүүдө гана өзүнүн милдетин толугу менен актайт деген бүтүмгө келди, андыктан сүйүү эч кандай ашыкча сөзү жок эле жашоонун жогорку, жок, эң жогорку жыргалы катары кабыл алынууга тийиш. Ашык болгон адам Мартинге тагдырына жыргал ыроолонгон кандайдыр бир жогорку жандай сезилчү, ошондуктан ага өмүрдүн бардык жыргалынын — байлыктын, билимдин, ийгиликтин, керек болсо, жашоонун өзүнүн баасы жок “сүйүүдөн делбетап болгон жигитченин” образы жагымдуу болчу, анткени ал “ашыгын бир өөп туруп, анан жан бергенге” кайыл эле.
Бул сыяктуу ойлор Мартиндин башына мурда да келген, бирок ал бул ойлордун көпчүлүгүн азыр гана жеткире түшүнүп отурат. Ал барга жокко карабаган спартандык жашоо образын тутунуп, Руфь менен жолугуш үчүн гана анча-мынчада алаксый калбаса, калган бүт убактысын тынымсыз иштегенге арнап жатты. Мария Сильва аттуу португал аялдыкынан ижарага алган бөлмөгө ал айына эки жарым доллардан акы төлөп турду. Бул жайнаган балдары бар ашепке наалыма жесир аял байкуш күндөн –түндөп тытынып, балдарын эптеп баккан менен убара эле. Көчүгү жер жыттабаган иштен көзү чекчейип баспай калганда, арманын аргасыз кошунадан он беш центке сатып келчү ачкыл винодон чыгарып турчу. Адегенде Мартин аны жаман көрүп жүрдү, анын итиркейин келтиргени аялдын колдур тили эле, бирок бара-бара балдарын багыш үчүн жан үрөгөн кайратына тан берип, сыйлап да калды. Үйдүн төрт кичинекей бөлмөсү болуп, анын бирин Мартин ээлеген. Экинчи бөлмө коноктор үчүн белгиленген, полго төшөлгөн чаар-ала таар үйгө куунак түр берип тургансыганы менен бирок дубалга илинген чарчап калган наристенин табытта жаткан сүрөтү көңүлдү чөгөрүп жиберчү. Конок бөлмөсү жалаң гана коноктор үчүн дайындалып, эшиги дайыма бек болор эле, жайнаган жылаң бут мадыраларга бул жакка киргенге өзгөчө салтанаттуу учурларда гана уруксат берилчү. Аялдын жашоосу негизинен ашканада гана өтчү, ошол жерден тамак жасап, ошол жерден балдарын тойгузуп, кир жууган, үтүктөгөн жер да ошол боло турган. Кара жанын карч урган бул жашоо күн сайын уланып, жекшембиге жеткенде гана аял өх деп бир эс алып кала түшчү. Аялдын негизги тапкан кирешеси — кошуналардын да кирин жууп берип турчу. Уктаган канасы Мартин турган бөлмөдөй эле тар, бирок ал жакка аял жети баласы менен батып кетчү. Мартин алардын тар жерге кантип батканына таң кала берчү, түндөсү жука дубал артынан алардын чымчыктыкындай чуру-чууларын кадимкидей угуп жата берчү. Мариянын башка киреше булагы болуп эки ую эсептелчү, аларды күндө эки жолу — эртең менен анан кечкисин саап турчу. Уйларды ээн жерге чыгарып же жол жээгинде өскөн чөптөн уурдап келип багышчу. Уйларды кожейкенин кийимдери тытылып бүткөн эки баласы бакчу, тагыраак айтканда, аларды полицейскийдин көзүнө чалдыгып калбасын карап бакмалап турушчу.
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.