Жек Лондон

Мартин Иден

Жек Лондон

Руфь чексиз сүйүнүчкө бата түштү. Айрыкча ага кересин мешче өзгөчө жакты окшойт.

— Мистер Бэтлер да мына ушундан баштаган. — деди ал.

Мартин бул кадырлуу мырзанын ысмын укканда кабагын чытый түшүп, кайра улады:

— Кол жазмаларымдын баарына марка чаптап туруп, дагы редакцияларга жөнөтүп жибердим. Бүгүн башка батирге көчүп өтөм да эртеңден баштап ишке киришем.

— Эмне, кызматка орноштуңузбу! — деп кыйкырып жиберди бул кубанычтуу кабарды уккан Руфь, анан токтоно албай ага кыналыша түшүп жылмайды да колунан бекем кысып калды. — Эмне үчүн мага эч нерсе айткан жоксуз! Кандай кызмат экен?

Бирок Мартин башын чайкады.

— Мен эртеңден баштап, кайрадан жазайын деп атам.

Руфтун өңү бузула түштү, Мартин сөзүн шашкалактап улантты: — Мени туура түшүнүңүз. Эми мен таттуу куру кыялдарга берилбейм. Кадыресе эсеп менен иш кылгым келет. Бул деңизге чыкканга караганда пайдалуураак жана мен окленддик катардагы кызматчыга караганда алда канча көп табарыма ишенип турам. Иштебей жаткан акыркы айларда мен көп нерселерди ойлондум. Чобур аттай иштеген жокмун, дээрлик эч нерсе жазган жокмун, жазсам, басмага эмес, өзүм үчүн гана жаздым. Болгон убактымдын баарын сизди сүйүүгө жана ар кайсы нерселер туурасында ой жүгүртүүгө арнадым. Чыны, бирдемелерди окуган болдум, бирок алар деле менин ой толгоорума жакыныраак нерселер — негизинен журналдарды окуп аттым. Өзүм жөнүндө, дүйнө, андагы ордум, сизге бериш үчүн кантип мартабага жетерим туурасында ойлондум. Андан тышкары Спенсердин «Стилдин философиясын» окуп чыктым, анан тике менин өзүмө, — тагыраак айтканда, менин жазгандарыма жана журналдарда ай сайын басылып чыгып жаткан адабиятка тиешелүү болгон көп кызыктуу нерселерди таптым. Мунун баарынын — ой толгоолордун, окуунун жана сизге болгон махабатымдын натыйжасында мен адабият кесипчиси болоюн деп чечтим. Шедеврлерди убактылуу унута турам да болбогон майда-баратты:  күнүмдүк талапка ылайык фельетондорду, анекдотторду, жанытма юморду, — деги койчу, эмнеге талап болсо ошонун баарын шакылдатып жаза берем. Баса, гезиттердин жекшембилик тиркемелерин материал менен камсыз кылыш үчүн макалаларды, күлкүлүү чыгармаларды берип турган адабий агенттиктер бар эмеспи. Мен так ошолорго жаккандай кылып жазып, жакшы акча таба баштайм, ишенип коюңуз. Айына кеминде төрт жүз, же беш жүз доллардан айдап турган азаматтар бар экен. Мен аларга окшошкум келбейт, бирок жок дегенде, жан бакканга жетерлик акча табам, менде окуганга да, иштегенге да убактым болот, мындай шартты эч кандай кызмат жаратып бералбайт. Акырындык менен күчүмдү чыныгы чыгармаларды жазууга сынап көрө баштайм жана чыныгы ишке окуп даярданам.  Ишенсеңиз, өзүмдүн ушунчалык тез алдыга кеткениме өзүм да таң калам. Адеп жаза баштаганда ар кандай окуяларды жөн эле баяндап жаза берчүмүн, менде эч кандай ой, идея деген жок болчу. Ой жүгүрткөнгө сөздөрүм да жок эле. Баштан өткөргөндөрүмдүн баары көз алдыма эч бир мааниси жок картиналардай тизилип калчу. Окуп баштап, сөз байлыгымды көбөйткөндө мен бул картиналардан мурда байкабаган көп нерселерге көзүм ачыла баштады. Мына ошондон тарта чыныгы нерселерди жаза баштадым; «Укмуштуу окуя». «Кубаныч», «Казан», «Турмуштун шарабы», «Көңүлдүү көчө». «Сүйүү жөнүндө сонеттер» жана «Деңиз ырларын» жаздым. Мындай нерселерди, мындан да сонун нерселерди мен али көп жазам, бирок мен буларды бош убактарда гана жазам. Мындан ары куру кыялга чөкмөй жок. Эң оболу акча табыш үчүн кара жумуш, шедеврлер болсо анан. Кечээ кечинде мен сизге айткандарым чын экенин атайын далилдеш үчүн жума сайын чыгуучу күлкүлүү журналдарга беш-алты майда-барат нерселерди жаздым, жатаарда болсо башыма тамашалуу куплеттерден жазсамбы деген ой кылт этти да, бир сааттын ичинде төртөөн шилтеп салдым. Ар бирине бир доллардан бериши мүмкүн. Уктаганы жатып баратып эле ара-чолодо төрт долларды шак таба коюу түзүк эле иш эмеспи. Албетте, бул иш өзү негизи эч бир баага деле татыбайт дечи. Ал тажатма жана бир беткей, бирок айына алтымыш доллар алам деп мекеме китебин жүргүзгөндөн же быжыраган сандарды кошуп отургандан көрө дурусураак. Ошол эле убакта бул иш кантсе да адабиятка тиешелүү жана мага чыныгы нерселерди жазганга мүмкүнчүлүк берет.

06.07.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.