Жек Лондон
Мартин Иден
— Андан тышкары мен сизден улуумун, — деди Руфь күтүлбөгөн жерден ага тигиле карап, — болгондо да төрт жашка улуумун.
— Ошондой болсо да сиз али бала бойдонсуз. А мен турмуштук тажрыйбам жагынан сизден жыйырма төрт жаш улуумун, — деди Мартин.
Чынында экөө тең махабат жагына келгенде али жаш баладай болушчу: бирөөсүнүн университеттик диплому менен илимий даражасына, экинчисини философиялык билими менен турмуштук катаал тажрийбасына карабай, экөө тең өзүлөрүнүн ашыктык сезимдерин бирине-бири балача, баёо жана эпсиз билдирип жатышты.
Алар батып бараткан күндүн шооласында кадимки ашыктарча сүйлөшүп отурушту, экөөн табыштырган махабат менен тагдырдын эбегейсиз кереметине тан берип, бирин бири буга чейин эч ким сүйбөгөндөй сүйө тургандыктарына бекем ишенип турушту.
Батыштагы булуттар батып бара жаткан күндү жутуп алган болуп, асман кызгылтым тарта түштү, тегеректин баары эми кызгылтым нурга чайынып турду. Руфь: «Кош бол, бактылуу күн» деп ырдап жиберди. Башын Мартиндин ийнине жөлөп алып, ырдап жатты, колдору болсо Мартиндин колунда эле, ушул ирмемде ашыктар биринин жүрөгүн бири кармап турду.
XXII ГЛАВА
Жадагалса, миссис Морздун энелик сезими болбогон учурда да, ал Руфту бир эле карап туруп баарын сезип коймок. Кызынын кызара түшкөн бети, сүйүнүч менен жеңиштин салтанатынан жанып турган көздөрү ансыз да баарын айтып турду.
— Эмне болду? — сурады миссис Морз, Руфь керебетине жаткандан кийин.
— Сен эч нерсе сезген жоксуңбу? — сурады өз кезегинде Руфь, дирилдеген үнү менен.
Жооп кайтаруунун ордуна апасы мойнунан кучактап, чачынан сылап койду.
— Ал мага эч нерсе айткан жок! — Руфь кыйкырып жиберди. — Мен мындай окуя болушун эч качан каалаган эмесмин, ага бул туурасында эч качан ооз ачууга уруксат бербейт элем, — бирок ал эч нерсе айткан жок.
— Демек ал эч нерсе айтпаса, анда эч кандай окуя деле болгон эмес экен да.
— Бирок баары бир болду.
— Айланып кетейин, кызым, эмне деп жөөлүп атасың! — деди миссис Морз. — Эмне болду! Эмне болуп кетти?
Руфь апасына айран-таң кала карады.
— Мен сени эчак эле билген экен деп ойлогом, — деди ал. — Мартин экөөбүз колукту –күйөө болуп калдык.
Миссис Морз кекээр каткырып жиберди, үнүнөн ишенбегендик менен өкүнүч сезилип турду.
— Бирок ал мага эч нерсе айткан жок, — кайталады Руфь. — Ал мени жөн эле сүйөт, болгону ошол. Бул сен үчүн кандай күтүлбөгөн окуя болсо, мен үчүн да дал ошондой күтүлбөгөн жерден болду. Ал лам деп ооз ачып, сөз айткан жок. Мени жөн гана кучактап алды, мен болсо... мен таптакыр акылымды жоготуп койдум. Ал мени, мен аны өптүм... Башкача боло алмак эмесмин. Мен аны өбүшүм керек болчу. Мына ошондо аны сүйөөрүмдү түшүндүм.
Руфь унчукпай калды, апасы сооротуп өбөт ко дегендей күттү, бирок миссис Морз заарын ичине ката унчуккан жок.
— Албетте, бул өтө жаман, түшүнөм, — деди Руфь ындыны өчө, —сен мени кечиресиңби, жокпу, билбейм. Бирок мен башкача кыла алган жокмун. Мен ошол мүнөткө чейин аны сүйө турганымды билген эмесмин. Бирок муну атама өзүң айтчы.
— Мүмкүн атаңа эч нерсе дебей эле коюш керектир? Мен Мартин Иден менен өзүм сүйлөшүп, ага баарын түшүндүрөм. Ал түшүнөт да, сенин башыңды айландырбайт.
— Жок, жок! — ошол замат кыйкырып жиберди Руфь. — Мен анын менден баш тартуусун каалабайм. Аны сүйөм, сүйүү деген кандай жакшы. Албетте, силер каршы болбосоңор, мен ага күйөөгө чыгам.
— Бирок кагылайын, Руфь, атаң экөөбүздүн пландарыбыз башкачараак... жок, жок, бирөөнү сага таңуулап атат деп ойлобо. Бирок биз сенин өзүбүздүн чөйрөнүн жигитине, өзүң тандаган, баары урматтаган чыныгы жентельменге турмушка чыгышыңды каалайбыз.
— Бирок мен Мартинди эчактан бери сүйөм да, — деди жалооруган Руфь.
—Сенин каалооңо, албетте, каршылыгыбыз жок, бирок, сен кызыбызсың, ошондуктан сенин ушундай адамга күйөөгө чыгышыңа жол бере албайбыз. Сенин назиктигиң менен сылыктыгыңа ал оройлук жана тарбиясыздыктан башка эч нерсе менен жооп бере албайт. Кайсы жагынан алсаң да ал сенин теңиң эмес. Башкасын айтпай эле кой, жадагалса, ал сени бага да албайт. Биз байлыктын артынан куубайбыз, бирок күйөөсү аялына жашоо үчүн ыңгайлуу шарт менен жетишерлик оокатты камсыз кылып берүүгө милдеттүү, ошондуктан биздин кызыбыз итке минген авантюристке, матроско, ковбойго, дагы ким экенин кудай билет, чыкпастан, келечеги кең адам менен турмуш курууга тийиш. Анүстүнө аныңда эч бир жоопкерчилик сезим деген жок.
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.