Жек Лондон

Мартин Иден

Жек Лондон

Бул махабат болсо керек деп ойлоду Руфь бир ирмемге эсине келе түшкөндө. Эгер бул сүйүү болбосо, анда абдан эле уят иш. Албетте, бул сүйүү гана болушу керек. Ал колдору өзүн кучактап, эриндери эриндерине жабыша түшкөн бул адамды сүйөт. Кыз табигый сезими менен ого бетер бекемирек эркелей кыналды, анан бир маалда анын кучагынан шарт суурулуп чыкты да, өзүн жоготуп коюп, чечкиндүү түр менен Мартин Идендин күнгө күйгөн мойнуна колдорун орой бекем кучактап алды. Каалоосун акыры канааттандырган кубанычы ушунчалык күчтүү жана чексиз болгондуктан, кыз  кыңкыстап жиберип, колдорун коё берди да, акылын жогото Мартиндин ысык кучагында туруп калды.

Көпкө чейин эч кимиси үн каткан жок. Мартин эки жолу эңкейип, аны өпкүлөдү, ал өпкөн сайын кыздын эриндери өзүнөн өзү аны көздөй умтулуп, денеси ыңгайлуу тынч абалды издеп жатты. Кыз Мартинден ажыраганга каалоосу да, алы да келбей турду, жигит болсо аны үнсүз кучагына кыскан юойдон булуңдун аркы жээгиндеги чоң шаардан көзүн албай карай отура берди. Ал жактан боекторду, анан ачык, ушул керемет күндөй жылуу, өзүнүн махабатындай ысык нурларды көрүп жатты. Ал кызга кайра эңкейгенде ал акырын шыбырап сурады:

— Сиз мени качан сүйүп калдыңыз?

— Биринчи эле күнү, сизди бир көргөндө эле. Ошондо сүйүп калгам, андан бери күн өткөн сайын ого бетер катуу сүйө баштадым. Эми андан да катуу сүйөм, кымбатым. Мен таптакыр акылымдан адаштым. Бакыттан башым тегеренип турат.

— Мартин... кымбаттуум. Мен аял болгонума абдан бактылуумун, — деди кыз терең дем алып.

Мартин аны кайрадан катуу сыга кучактап, акырын мындай деп сурады:

А сиз менин сүйөрүмдү качан түшүндүңүз? Азыр элеби?

— О, эчак эле түшүнгөмүн. Адегенде эле  түшүнгөм.

— Демек, мен жарганаттай сокур болгон экемин да? — кыйкырып жиберди Мартин, үнүнөн өкүнүч сезилип турду. — Мен муну азыр гана, сизди өпкөндө түшүндүм.

— Мен аны айтайын деген жокмун.

Ал саал кетенчиктей калып, Мартинге тигилди.

— Сиздин мени сүйө тургандыгыңызды, мен эчак эле түшүнгөм.

— Сизчи? — деп сурады Мартин.

— Мен муну күтүлбөгөн жерден сездим. — Руфь бул сөздү акырын айтып, көздөрү ымыр-чымыр боло түшүп, жүзү кызарып кетти. — Сиз мени кучактаганга чейин буга түшүнгөн эмесмин. Сизге турмушка чыгамын деп эч качан ойлогон эмесмин, Мартин. Мени сиз кантип өзүңүзгө тартып алдыңыз?

— Билбейм, — жылмайып койду ал. — Бир гана сүйүүм менен тартып албасам, башка эмне... Менин сүйүүм аялдын жүрөгүн эмес, ташты да эритип жиберүүгө жарайт.

— Мунун баары мен элестеткендей сүйүүгө окшобойт, —деди ойлуу Руфь.

— Сиз кандайча элестеттиңиз эле?

— Мен сүйүүнү мындай болот экен деп ойлогон эмесмин.

Кыз бир азга Мартинди карап турду да, анан жер карап калды:

— Мен таптакыр эч нерсе түшүнчү.

Мартин Руфту кайрадан өзүнө тартып, кучактап өпкүсү келип турду, бирок аны чочутуп аламбы деп коркту. Руфту кучактаган колу гана эрксизден дирт эте түшкөндөй болду. Мына ушул учурда Руфь өзү ага умтулуп, экөөнүн эриндери кайрадан узакка чейин чапталышып турду.

— Бирок менин ата-энем эмне дейт? — деп сурады Руфь күтүлбөгөн жерден кабатырлана.

— Билбейм. Бирок кааласак билүү муну кыйын эмес дечи.

— Эгерде апам макул болбой койсо эмне кылабыз? Мен ага бул жөнүндө эч качан айта албаймын.

— Эмесе, мен айтайын, — деди Мартин кайраттанып. — Менимче, сиздин апаңыз мени анчалык деле жактырбагандай сезилет, бирок эч нерсе эмес, мен а кишини багындыра алам. Сизди багындырган адам, кимди гана болбосун багындырганга жарайт. Бул непадам ишке ашпай калса...

— Анда эмне болот?

— Биз баары бир ажырашпайбыз. Апаңыздын макул болоруна көзүм жетип турат. Ал сизди абдан жакшы көрөт.

— Мен анын жүрөгүн жаралап аламбы деп корком, — деди ойлуу Руфь.

Мартин эненин жүрөгү оңой-олтоң жаралана коюучу нерсе эмес деп айтайын деп баратып, бирок анын ордуна:

— Сүйүү дүйнөдөгү эң улук нерсе эмеспи!

06.07.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.