Жек Лондон

Мартин Иден

Жек Лондон

— Билесизби, Мартин, мен кээде сизден корком. Мен азыр деле сиздин мурда ким, кандай болгонуңузду ойлосом, коркуп кетем. Сиз мени менен абдан жакшы болууга тийишсиз. Билсеңиз, мен али жаш баламын! Мен эч кимди сүйүп көрө элекмин!

— Мен да. Биз экөөбүз тең балабыз. Биз эң бактылуубуз. Биздин алгачкы сүйүүбүз эки жактан тең болуп атпайбы!

Бирок мындай болушу мүмкүн эмес! — күтүлбөгөн жерден кыйкырып жиберди Руфь анын колунан булкуна бошонуп, — болушу мүмкүн эмес, анткени сиз... Сиз матрос болгонсуз, а матростор болсо, мен билем...

Үнү буулуга түштү.

— Ар бир порттон аял алып көнүп калышкан дейсизби, — деди Мартин анын сөзүн улап, — сиздин ушуну айткыңыз келди беле?

— Ооба, — деди акырын Руфь.

— Бирок ал сүйүү эмес да, — деди ал олуттуу түрдө. — Мен далай эле порттордо болгом, бирок сизге жолукканга чейин мен сүйүүгө окшогон эч нерсени сезе алган жокмун. Билесизби, баягыда мен биринчи жолу сиз менен жолугуп, анан үйгө кайра келатканда мени аз жерден кармап кете жаздады.

Кандайча кармап кете жаздайт?

Ушинтип эле, полицейский мени мас деп ойлоптур. Мен чынында эле мас болчумун... сүйүүдөн мас болучумун!

Кептен четтеп кеттик. Сиз эми эле экөөбүз тең балабыз деп айтпадыңызбы, а мен мындай болушу мүмкүн эмес деп айттым. Сөз ушу туурасында эле, — деди Руфь.

— Бирок мен сизге мурда эч кимди сүйгөн эмесмин деп айтыбатам го, — деп каршы чыкты ал, сиз менин эң алгачкы, менин эң биринчи ууз махабатымсыз, — деди Мартин.

— Бирок баары бир матрос болгонсуз да, — деди айтканынан кайтпаган Руфь.

— Ошондой болсо да мен сизди биринчи жолу сүйүп жатам, — деди Мартин.

Бирок аялдар... башка аялдар болгон да... О! — ушул жерден кыз Мартинди таңгалдырып, күтүлбөгөн жерден көз жашын көлдөтө ыйлап жиберди, аны сооротуш үчүн бир топко чейин өпкүлөгөнгө туура келди.

Эрксизден Мартиндин оюна Киплингдин: «Бирок ак сөөк бийкеч менен Джуди О, Греди калган башка жактарынан тең болучу» — деген сөзү келе түштү.

Анын окуган романдары аны башкача ойлоого үйрөтсө да, азыр муну туура көрүп турду. Романдардан ал: ак сөөк чөйрөдөгү аялга жетүүнүн бирден бир жолу — бул ага үстүртөн гана сунуш кылуу керек деген тыянак чыгарган. Өзү чыккан чөйрөдөгү кыздар менен жигиттерге кучакташуу менен эркелетмейлер кадыресе эле иш боло турган. Бирок жогорку чөйрөнүн кылт эткен кылдат өкүлдөрүнүн арасында сүйүүсүн мындай ыкма менен билдирүү ага мүмкүн эместей туюлчу. Демек романдар калп айтышат экен да. Мунун далилин ал азыр гана көрбөдүбү.  Үнсүз-сөзсүз эркелетүү кедей кыздарга да, жогорку коомдун кыздарына деле бирдей эле таасир этет тура, көрсө. Сыртынан окшошпогону менен алар калган жагынан бирдей эле окшош тура.

Эгерде Герберт Спенсерди эстебесе, буга өзүнүн деле акылы жетмек экен. Руфту эркелете өпкүлөп сооротуп жатып Мартин ак сөөк айым менен кембагал кыз Джуди О’ Греди негизинде бирдей эле экен деген оюна канааттанып турду. Бул ой аны Руфка жакындаштырып, аны жеткиликтүү кылганга жардам берип атты. Кыздын сымбаттуу денеси кадимки эле башка денелердей эле. Экөөнүн никеге тураарына да мүмкүн эместей эч нерсе жок болчу. Экөөнүн ортосундагы айырмачылык болгону тап жагынан гана болгону менен, бирок ал сыртынан гана эле. Муну эске албай деле койсо болот да. Мартин римдик бир кулдун мартабалуу бачайы чапанга чейин жеткенин окубады беле. Кул жеткен нерсеге Мартин кантип жете албайт, Руфка чейин кантип көтөрүлө албайт? Бул кыздын деле аруулугунун, бейкүнөөсүздүгүнүн, маданияттуулугунун жана жан дүйнө сулуулугунун кабыкчасынын астында Лиззи Коноллиникиндей, деги кой, дүйнөдөгү бардык Лиззи Коноллилердики сыяктуу эле кадимки эле аялдын табияты катылып жатат эмеспи. Алардын баарына эмне мүмкүн болсо демек, бул кызга деле мүмкүн да. Руфь деле сүйө алат, кызганат, жек көргөндү билет: ал деле аялчасынан туталанган чыгаар; ал деле кызганаар, эмитен эле анын порттордогу ойнош аялдары жөнүндө ойлонуп, кызганып атпайбы.

06.07.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.