Жек Лондон
Мартин Иден
Мартиндин уктап, окуп, жазып, ой жүгүртүп, чарбалык иштерин жүргүзгөн жер ушул тар бөлмөсү эле. Үйдүн кире бериштеги секичесинин тушундагы жалгыз терезенин астында турган ашкана үстөлү анын жаза турган үстөлү, китепканасы да, машинкесин кое турган да жайы болду. Арткы дубалга такай коюлган керебет бөлмөнүн үчтөн эки бөлүгүн ээлеп турат. Үстөлдүн жанында эле кичинекей кийим салчу шкаф турат, кыязы, аны кардардын ыңгайы үчүн эмес, киреше көбүрөөк болсун деп жасап коюшса керек, аны каптаган фанеранын жука катмары тыйрайып да калганына караганда. Бул шкафча бир бурчта турат, башка бурчта болсо ашкана турат — бул болгону үстүнө кересин мешче турчу, ичинде болсо ашкана куралдары сакталган самындын жашиги болчу. Дубалда болсо азык койчу тактайча илинип турат, анын жанында эле суусу бар чака туру, суу түтүк бул жерде жок болгондуктан Мартин сууну ушинтип ашканадан ташып ичет. Керебетинин үстүнө болсо велесепетин илип алган. Адегенде аны ылдый жакка эле калтырайын деген, бирок безери балакайлар дөңгөлөгүн дароо тешип ийишиптир. Кой деп анан бөлмөсүнө алып келди да илип койчу болду.
Кичинекей кийим салгыч шкафтын ичинде кийимдери илинип турат, жайнап эч жерге батпаган китептери үстөлдүн бетинде жатат. Окуп атканда кай бир жерлерин көчүрүп жазып койчу адаты бар эле Мартиндин, анан ошолор абдан көбөйүп кеткен экен, Мартин бөлмөнүн ичине узун жип тартып, кыйма-чийме жазылган дептерлерди төшөнчү кургатып аткансып, жипке илип койчу болду. Мындан улам бөлмөдө ары бери баскан бир топ кыйындады. Ал эшикти ачыш үчүн адегенде шкафтын эшигин жабышы керек эле, тескерисинче, алганда да ошондой кылышы керек эле. Анткени бөлмө ичинде түз басып өтө турган жер жок болсо кантет. Эшиктен керебетке жетиш үчүн ийри-буйру татаал жолду басып өтүш керек эле, андыктан караңгыда Мартин сөзсүз бирдемеге урунмайынча өтө алчу эмес. Эшиктен кирип, анан шкафтын эшигин айланып өткөн соң ошол замат жашикке чалынбайын деп оңго бурулуп, анан керебетти айланып солго кетиш керек, антпесе үстөлгө келип такалып калышы турган кеп. Бул жолду баскандан кийин акыры бир чети керебет, экинчи жагы үстөл турган нукка түшүп алат. Бирок жалгыз отургуч өз ордунда, үстөлдүн жанында турган учурда бул нук менен өтүүгө мүмкүн болбой калчу. Кереги жок учурда отургуч дайыма керебеттин үстүндө турчу, бирок Мартин көпчүлүк учурларда тамагын олтуруп алып жасачу да, суу кайнап кеткенче же эт куурулганча китептин эки-үч бетин окуп да үлгүрчү. Ашкана ээлеген бурч абдан тар болгондуктан Мартин ордунан турбай эле керектү нерселерди кол сунуп эле алып алчу. Отуруп тамак жасаган агы ыңгайлуураак эле, анткени туруп турганда далысы менен электр жарыгын жаап калчу.
Мартин жейимдүү жана арзан тамактардын түрүн билчү, ошол эле маалда анын мыкты ашказаны темирди да сиңирип жибергенге жарай турган. Анын негизги тамагы мексикалыктардын ыкмасы менен даярдалган буурчак сорпо, картөшкө, анан төө буурчактан жасалган ботко боло турган. Бир да америкалык кожейке айым даярдай албаган сууга бышкан күрүч ботко Мартиндин үстөлүндө жумасына жогеле дегенде бир жолу пайда болор эле. Май жокто ал нан менен жаңысына караганда эки эсе арзан, кургатылган жемишти жеп алчу. Кээде ал тамагын бир кесим эт же сөөк сорпо менен алмаштырып турчу. Күнүнө эки жолу каймагы, сүтү жок кофе, кечкисин болсо куру эле чай ичет, бирок булардын экөөн тең демдегенди Мартин мыкты билчү.
Арга жоктуктан барган сайын үнөмкор болуп баратты. Анын ишсиз жүргөн күндөрү баягыда кир жууган жерден тапкан бүт акчасын мойсоп таштады, ал эми өзүнүн «нан таба турган чыгармаларын» болсо жообу бир нече жумадан кийин гана келе турган алыс жактарга салып жиберген. Ал кээде гана эжесиникине же Руфка жолугуш үчүн сыртка чыкпаса, камалып жашап, үч кишинин жумушун аткарып жатты. Мурдагыдай эле күнүнө беш гана сааттан уктайт, күнүнө он тогуз сааттык оор жумушту аткарууга анын темирдей бекем ден соолугу гана түтөт. Мартин бир мүнөтүн да текке кетиргиси жок. Ал кээ бир сөздөрдүн чечмеленишинин жана айтылыш эрежеси жазылган кичинекей баракчаны күзгүнүн бетине жабыштырып коет да, улам күзгүгө каранганда же сакал-мурутун кырынганда дайыма бул сөздөрдү кайталап турат. Мындай баракчалар кересин мешченин үстүндө да илинип турат, бул сөздөрдү тамак бышырып, же идиш-аяк жууп жатканда да жаттай берет. Жатталып бүткөн баракчалар улам жаңы баракчалар менен алмашылып турат. Китеп окуп жатканда кездешкен түшүнүксүз сөздөрдү тез эле сөздүктөн издеп таап, жанагы баракчага көчүрүп жазат да дубалга же күзгүнүн бетине кайра жабыштырып коёт. Бул кичинекей баракчаларды жадагалса, ал чөнтөгүнө да салып алып, көчөдөн кетип баратып же дүкөндө кезек күтүп турган кезинде да кайталай берет.
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.