Жек Лондон
Мартин Иден
XXIV ГЛАВА
Арадан жумалар өтө берди. Мартиндин акыркы акчасы түгөнүп, ал эми басмаканадан болсо, чек келчүдөй түрү көрүнбөйт. Көлөмдүү аңгемелери кайтып келип, «кирешелүү» чыгармаларынын да багы ачылган жок. Эми баягыдай түркүн тамактарды бышырып жей да албай калды, болгону беш күндүк гана жей турган жарым мүшөктөй күрүчү менен кургатылган өрүгү калган. Бул түгөнгөндөн кийин ал карызга жашоого аргасыз эле. Ошентип Мартиндин карызы үч доллар сексен беш центке жетери менен дүкөнчү— португал мурдагыдай азык-түлүк бергенин дароо токтотту.
— Себеби, — деди дүкөнчү, — сеники кызмат жок, кантип төлөйт?
Мартин эч нерсе дей алган жок. Дүкөнчүнүн айтканы туура да. Жалкоолугунан иш издегиси келбей жүргөн алдуу-күчтүү жумушчу жигитке карыз берүү мүмкүн беле?
— Тыйын тапсаң тамак болот, — деди дүкөнчү, — тыйын болбойт, тамак болбойт. Иш ушундай...
Айтты да анан ичинде эч кандай кастыгы жок экенин көрсөткүсү келди окшойт, португал минтип койду:
— Кана, ичип кой. Бир ыстыкан. Мен сыйлайт. Мен дос, сен дос.
Мартин достуктун белгиси катары стаканды көнтөрүп жиберди да, ошол бойдон кечки тамакты ичпей жатып алды.
Жашылчаны башка дүкөндөн сатып алып турууга туура келди, дүкөндүн ээси өзүнүн соода иштери жагынан мүнөзү бир кыйла жумшагыраак америкалык киши болчу, Мартиндин насыясын беш долларга чейин жеткирди да, андан кийин анысын да токтотуп койду. Акырында Мартин токоч саткычтан эки доллар, касапчыдан төрт доллар карыз алды. Бардык карыздарын эсептесе, баш аягы болуп он төрт доллар, сексен беш пенске жетиптир. Кычагансып басма машинкеге да акы төлөө мөөнөтү келип калды, бирок Мартин үстүнө сегиз доллар карыз болуп, машинкени дагы эки ай пайдаланууну чечти. Эсеби боюнча ушул мөөнөттө алган карыз акчалары да түгөнөт. Дүкөндөн алган эң акыркы азык-түлүгү бир кап картөшкө болуп, бир жума бою жалаң гана ушуну менен жанын бакты. Ал кээде Морздордукуна келгенде тамак ичип, өзүнүн күч-кубатын сактап жүрдү, бирок тартынганынан үстөл үстүндөгү жайнаган түркүн тамактан кысынып атып, жыргатып деле бирдеме жей алчу эмес. Кээде уят-сыйытты жыйыштырып коюп, эжесиникине барып тамактанат, аерде ал Морздукуна караганда кенен-кесир ичип жеп, курсагын кампайтып алчу. Ошентип Мартин кудайдын куттуу күнү көгөрө отуруп алып жазганын токтотподу, почточу болсо кол жазмаларын кайра ташыганын койбоду. Эми анын марка чаптаганга да акчасы да түгөндү, андыктан кайтып келген кол жазмалар жөнөтүлбөй, дөбөдөй болуп үйүлүп, үстөлдүн астына батпай да кетти. Кээде эки-үч күн катары менен наар татпай, ачка калган күндөрү болду. Руфтун үйүнө да мурдагыдай барып тамак иче албай калды, анткени ал эки жумага Сан-Рафаэльге конокко кеткен эле, ал эми эжесиникине болсо, улам бара бергенден тартынды. Эки буту бир кончко тыгылып, аргасы кетип турганда бир күнү какаганга муштаган болуп, почточу бир эмес, беш кол жазмасын апкелип таштады. Мына ошондо Мартин пальтосун алды да Оклендди көздөй кетти, бир нече убакыт өткөндөн кийин пальтосу жок, бирок чөнтөгүндө беш доллар менен үйгө кайтты. Келери менен дүкөнчүнүн баарына бир доллардан төлөп берди, ошентип кайрадан анын ашканасында кофе кайнап, пияз менен куурулган эттин быжылдаганы жана чоң карапа толтура кургак өрүк пайда болду. Шам-шум этип алып, кайрадан отуруп жазууга киришти, түн оой «Сүткорчулуктун күчү» деген жаңы чоң макала жазып бүтүрдү. Бүттү да үстөлдүн астына ыргытты — жанагы беш доллардан марка алганга бир тыйын да калган эмес эле.
Мартин адегенде саатын, анан бир нече күндөн кийин велесепетин күрөөгө койду. Азык-түлүк алгандан калган акчасына марка сатып алып, кол жазмаларын кайра бардык редакцияларга салып жиберди. Бирок «кирешелүү» чыгармалары Мартиндин үмүттөрүн таш каптырып, аларды эч ким сатып алган жок. Аларды күнүмдүк жана жума сайын чыгуучу гезит-журналдарга басылып жаткандарга салыштырып көрүп, баягыдай эле өзүнүн жазгандары алардан алда-канча өйдө деп таап атты. Ошентсе да жазгандарынын бир сабын да сата алган жок. Ал эми «хрониканы» жазсамбы деп киришип, бир нече макала жазды да, гезиттерди күнүмдүк материалдар менен камсыз кылып турчу ассоциацияларга жөнөттү, бирок бат эле жазгандары кайра кайтты, кошо келген жооп катта «бирикме макалаларды өз кызматкерлеринин гана күчү менен уюштурат» деп жазылган экен..
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.