Жек Лондон
Мартин Иден
Бирок Руфь демейдегидей эле Мартиндин көз караштарын сырткы белгилерден жана өзү баш ийген жалпыга маалым эрежелерден гана туруп баа берчү. Чындап келсе өзүмдүкү гана туура деп, калган маданияттуу дүйнөнү теңине албагыдай деги ал ким болуп кетиптир? Анын сөзү да, ою да Руфка эч бир таасир эте алган жок. Руфь жалпы кабыл алынган нерселерге абдан көнгөндүктөн мындай козголоңчул ойлорго жан тарткан жок; анүстүнө ал музыка менен бала кезинен алектенип, операны өз чөйрөсүндөгүлөр сыяктуу эле бала кезинен сүйчү. Анан рэктайм (америкалык популярдуу музыканын түрү — Б.Ш.) менен көчө ырчыларынын дүйнөсүнөн жаңы эле чыга калган Мартин Идендин бүткүл дүйнө суктанган музыкага баа бергенге кандай укугу бар деги? Мартиндин жанында баратып, намысына келе түшкөн Руфь бүдөмүк таарынычты сезип турду. Мартиндин көз карашы менен ойлорун кежирлиги же болбогон тамашасы деп койсо болмок. Бирок Мартин аны эшигинин жанына чейин узатып барып, кучактап туруп назик өпкөндө сүйүүдөн делебеси козголгон Руфь баарын заматта унутуп калды. Кирпик ирмебей төшөктө жаткан бойдон Руфь бул кызыктай адамга кандайча ашык болуп калганын, сүйгөндө да ата-энесинин каршы болгонуна карабай сүйүп калганын ойлонуп жатты.
Эртеси күнү Мартин Иден кечеки операнын жана Руфь менен болгон кептин таасири менен «Куру кыялдардын философиясы» деген көлөмдүү макала жазды. Ошентип марка менен кооздолуп, кол жазма салынган конверт кайрадан саякаттап жөнөдү, бирок байкуш «Философияны» алдыда али дагы далай марка алмаштырып, дагы узакка созулган далай жол басып саякаттоо күтүп турду.
XXV ГЛАВА
Мария Сильва кедей болгондуктан, мунун эмне экенин жакшы билчү. «Кедейлик» деген сөз Руфка жашоонун айла жок шартын билдире турган. Кедейлик туурасындагы болгон түшүнүгү ушул. Ал Мартиндин кембагал экенин билчү жана оюнда анын жашоосун жаш Авраам Линкольндун же мистер Бэтлердин, дегеле итке минген жакыр турмуштан баштап, акыры ийгиликке жетишкен бардык адамдардын жашоосу менен салыштыраар эле. Жакырчылык бардык жагынан жаман экенин билген Руфь ошол эле учурда жакырдыктан өз чөйрөсүндөгү көп адамдардай эле, албетте, эгер жакыр адам жок дегенде бир нерсеге шыктуу болсо, карьера жасоо же жумуш үчүн мыкты түрткүнү көрчү. Ошондуктан Руфь Мартиндин пальтосу менен саатын күрөөгө койгонго аргасыз болгонун билди, бирок ага сар-санаа болгон жок. Тескерисинче, ал Мартин батыраак акылына келип, өзүнүн адабий демилгесин токтотор деп мындай жагдайга ыраазы да болду.
Мартиндин шылына түшкөн жаагы, чүңүрөйө арыктаган жүзүнөн анын ачка жүргөнү Руфтун оюна да келген жок. Кыз Мартиндин сырткы кебетеси өзгөрүп, арыктап, мурдакы өзүн бир туруп оолактаткан, бир туруп азгырган жаныбардыкындай москоол тарткан өңү назиктенип, жанданып калганына кубанып да алды. Руфь кээде Мартиндин көздөрүнүн таң каларлыктай жылтыраганын, бул аны акынга же окумуштууга окшотоорун карап туруп суктанар эле. Аны кыз так ушундай адам катары көргүсү келчү да. Кимге кимге, бирок батирдин кожейкеси Мария Сильвага бул көз караш таптакыр башка нерсени айтып тураар эле, ал бир карап туруп эле Мартиндин абалынын кай тарапка өзгөрүлүп баратканын билип койчу. Мария жаан куюп, күн сууктап турганына карабай Мартин үйдөн пальтосун кийип чыгып, кайра пальтосу жок келгенин көргөн. Ошондон кийин Мартиндин бети бир нече убакытка чейин толо түшүп, көздөрүндөгү ачкачылыктын оту өчкөн эле. Мария анын сааты менен велесепетинин жоголуп кеткенин да байкаган, бул да анын бир топ убакытка чейин тирлигин жандандырып, боюна күч-кубат кошту окшойт.
Мындан тышкары Мария анын кандай иштеп, бир түндө чыракка канча кересин жакканына чейин так билчү.
Иштеп атпайбы! Мария Мартиндин иши таптакыр башкалардыкына окшобосо да иштеп атканын жакшы билчү. Аны Мартиндин канчалык аз жесе, ошончолук көп иштегени таң калтырат. Кээде ал Мартин ачкадан баспай калган күндөрү, балдарынын биринен жаңы бышырган нанын берип жиберер эле, уялтпайын дейт окшойт, муну Мария калп эле сен мындай нан бышыра албайсың деген шылтоо менен жасаар эле. Кээде ал балдарынан эптеп-септеп арттырып, Мартинге бир табак ысык кесме берип жиберчү да анан ичинен өзүнүн чиедей болгон балдарынан тамакты тартып алганга акым барбы деп бушайманданып да кетер эле. Мартин буга чын жүрөгүнөн ыраазы болуп, өз тажрыйбасы көрсөткөндөй, эгерде дүйнөдө чыныгы кайрымдуулук бар болсо, анда ал ушул жерде, кедейлердин гана арасында болорун түшүнгөн.
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.