Жек Лондон
Мартин Иден
— Сиздин фермаңыз болот — деди ошол замат Мартин.
Мария башын ийкеди, азыр эле айткан нерселердин бирин да эч качан ала албасына көзү жетип турса да квартирантынын айкөлдүгүнө ыраазы боло түшүп, анын ден соолугу үчүн ичип жиберди. Анын жакшы ниет менен айткандары чын эле колуна тие тургансып, убада бергенин эле баалады.
— Ооба, туура айтасыз, Мария, — деди Мартин. — Ник менен Джо уй бакпашы керек. Балдарыңыздын баары бекем, бышык бут кийим кийип, жыл бою мектепке барат. Сиздин эң сонун фермаңыз болот, өзүңүздүн үйүңүз, атканаңыз, чөп жыйнаган бастырмаңыз, уй байлачу жериңиз болот. Өзүңүздүн тоогуңуз, чочколоруңуз, чарбагыңыз, жемиш багыңыз, бир сөз менен айтканда, эмне керек болсо, ошонун баарысы болот; алтургай бир эмес, эки кызматчыны жалдаганга да каражатыңыз жетишет. Өзүңүз болсо колуңузду муздак сууга урбайсыз. Балдарыңызды гана тарбиялайсыз. Кокус түзүк бирөө туш келип калса, турмушка да чыгып аларсыз, ал чарба тирлигин жүргүзөт, сиз болсоңуз эс алып гана жата бересиз.
Мартин ошентип, өзүнүн кыялындагы келечек байлыгынан кең пейилдүүлүк менен бул аялга бөлүштүрдү да, ордунан туруп, сыйга кийген жалгыз кастүмүн күрөөгө коюуга кетти. Мындай чечимге келиш ага оор болду, анткени кастүмү жок Руфь менен кантип жолугушат. Анын башка бир да дурус кастүмү жок эле, кырк жеринен жамаачыланган матростук курткасы менен наабайчыныкына, касапчыга же эжесиникине барса боло берет, бирок мындай кебетеси менен Морздордукуна барганды ойлоп да болбос эле.
Үмүтү таптакыр үзүлүп баратканына ичинен зилдеп турса да Мартин иштегенин уланта берди. Экинчи жолку салгылашууну да уттурдум деген ой барган сайын мээсин көзөп жеп, чынында эле кара жумушка кайра барбаска аргасы калбагандай эле. Минте турган болсо, анда ага баары: дүкөнчүлөр, эжеси, Руфь, алтургай, өзү батирге бир айлык карыз болгон Мария да ыраазы болушмак. Эки айдан бери ижарага алган машинкенин акысын бере элек, ал жактагылар же төлө, же машинкени кайтар деп кысмактап атышат. Ошентип күрөшүн кийинки ыңгайлуу учурга ары сүрүп, багынууга даяр болгон Мартин темир жолдогу почточулук кызматка сынактан өтмөккө жөнөп калды. Сынактан биринчи болуп өтүп кеткенине өзү да таң калганы менен эми орундун бошошун күтүш керек экен, анысы да качан болорун ким билсин. Аргасы таптакыр түгөнүп, көңүл чөгөт болуп турган дал ушул учурда басманын машинасы күтүлбөгөн жерден өзүнүн демейдеги жүрүшүн өзгөрттү. Кайсы бир бурамасы ыргып кеттиби, же бул жолу начар майланып калдыбы ал машина, айтор, бир күнү эле эртең менен почточу кичинекей конвертти апкелип Мартинге сунуп калса болобу. Карай салып, конверттин бурчунан айына чыгуучу «Трансконтинентал» журналынын штампын көрдү. Жүрөгү кабынан ыргып кетчүдөй туйлап барып, кайра токтоп калгансыды, денеси алсырап, тизелери өзүнөн өзү калтырап чыкты. Катты ачпай туруп акырын керебетине келип отурду да, ошол ирмемеде чексиз кубанычтуу кабар адамды өлтүрүп коюшу да мүмкүн экенин анык түшүндү.
Бул чынында эле көптөн күткөн сүйүнүчтүү кабар болсо керек. Себеби кенедей конвертке кол жазма батмак эмес. Мартин беш миң сөздөн турган «Коңгуроонун үнү» деген өтө курч окуялуу аңгемесин ушул «Трансконтиненталга» жибергенин эстеди. Мыкты журналдар кол жазма жактырылар замат акчасын төлөйт дешкенин уккан эле, ошондуктан конверттин ичинде албетте чек болуш керек, андай болгондо ар бир сөзгө эки центтен төлөсө, миң сөзгө жыйырма доллар болушу керек, демек, каттын ичинде жүз долларлык чек болушу керек! Жүз доллар! Конвертти ачып-ачпай туруп эле Мартин өзүнүн бардык карыздарын эсептеп кирди. Азык— түлүк саткан дүкөнгө — 3 доллар 85 цент, касапчыга 4 доллар, наабайчыга 2, жашылчага 5 доллар болуп, карыз жалпысынан 14 доллар 85 центтке чыкты. Ал эми бөлмөгө — 2,50, бир айын алдын ала бергенде дагы — 2,50; машинкенин ижарасы — 8, ага да бир айлыгын алдыга төлөсө — 4, баары биригип 31,85 болот экен. Андан тышкары саатын тапшырган дүкөнгө — 5,50, пальтосуна — 5,50, велесепетине — 7,75, кастүмүнө — 5,50 (60 пайызы кетет экен — баары бир эмеспи?). Баарын кошуп келгенде — 56,10 болуп чыкты. Так мына ушул сан эми ага абада күйүп турган тамгалар менен жазылып тургансыды! Калган 43 доллар 90 цент батир менен машинкеге бир ай алдыга төлөөрүн эске алганда, ага зор байлыктай болуп турду.
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.