Жек Лондон
Мартин Иден
Беш миң сөзгө беш доллар, он сөзгө бир цент! — бул ой анын мээсин оюп жеп бараткандай сезилип, бул ойдон да 3,85 санынан кутула албагандай эле, кутула албады. Акыры бир маалда бул санда кандайдыр бир өзгөрүү боло баштап, Мартиндин кызыгуусун да ойготту, эмне болор экен деген тейде карап турат. Сан акыры 2 ге келип токтоду. Аа, бул наабайчыга карызы эмес беле! Кийинки сан 2,50 болучу. Бул сан болсо тимеле анын өмүрү же өлүмү жөнүндө маселе чечилип аткансып, ого бетер кызыктырып кирди. Кимдир бирөөгө ал эки жарым доллар карыз эле, бирок кимге? Ага бул маселени кандай гана болбосун сөзсүз чечүү керек эле, ошондуктан анын жообун табам деп акыл-эсинин караңгы, узун коридорлорунда ары-бери алдастап жүрдү. Бул анын Марияга болгон карызы экенин ойлонуп тапканга чейин арадан жүздөгөн жылдар зуу өтүп кеткендей болду. Жумбак маселени чечкенине эс ала түшкөн Мартин бир аз эс алууну чечти. Бирок ойлогон ою таш капты, жанагы 2,50 саны жоголо түшүп, анын ордуна эми 8 деген сан жанды. Бул 8 доллар кимге берчү карызы эле? Ал кайрадан мээсин чарчатып ойго чөктү.
Минтип нес боло ойлонуп канча убакыт жатканын өзү да сезген жок, (бул ага чексиз созулгансып көрүндү), күтүлбөгөн жерден эшик тыкылдап, Мариянын ооруп калган жоксуңбу деген сөзүн укканда гана өзүнө келе түштү. Өзүнүкүнө окшобогон күңгүрөгөн чоочун үн менен жок, жөн гана бир аз көзүм илинип кетиптир деп жооп айткан болду. Бөлмө ичиндеги караңгылыкка таң калды. Кат тээ түшкү саат экиде эле келбеди беле, кеч кирип кеткен тура, кыязы, ооруп калган окшойт. Чынында ооруп калган эле.
Көз алдына кайрадан 8 саны пайда болуп, дагы түбү жок ойго чөктү. Мындан куулукка салып кутулбаса болбой калды окшойт. Башаламан эскерүүлөрдүн арасында темселеп эмне кылат. Жинди экен да! Болгону эс-акылдын алп дөңгөлөгүн тобокелге салып туруп, буруп жибериш керек; мына аны бурду, анан дөңгөлөк зуулдаган ылдамдык менен чимирилип, анын күүсү Мартинди өзүнө оп тартып кетти да, чексиз караңгы түпкүрдү көздөй алып жөнөдү.
Мартин өзүн кир жуугучканадагы таптагычтын жанында туруп алып, жеңдеринин учу крахмалданган көйнөктөрдү бирден төшөп, таптап жатканын көрүп эч бир таңгалган жок. Бирок крахмалдуу көйнөктөрдүн жеңинде да кандайдыр бир сандар жазылып жүргөнүн байкап калды. Кыязы, бул кийимдерге салынган жаңы белги көрүнөт деп ойлоду ал, ага үңүлө карады: көйнөктөрдүн жеңинде 3,85 деген сан туруптур. Ал муну азык саткан дүкөнчүнүн эсеби тура деди, муну да кир таптагычтан өткөрүү керек деп ойлоду. Ушул жерден башына мындай бир арамза ой келди. Бардык эсептерди ыргытат да, бирине да төлөбөй коет. Айттыбы — демек, аткарылды! Мына, арыдан бери бүктөлгөн манжеттерди ыплас полго ыргытты. Үймөк дөбөдөй болуп көбөйө берди, ар бир эсеп эки, анан он эселенип отуруп, акырында миңге жетти да, кайра эле быжыраган сандарга чачылды, бирок алардын арасынан бир гана Мариянын эки жарым доллары көбөйгөн жок. Муну акчамды төлө деп Мариянын кысымга албай турганы деп түшүндү, ошондуктан Мартин Мариянын гана карызын төлөйүн деп чечти. Анан ал үймөктүн арасынан Мариянын эсебин издей баштады, ары издеди, бери издеди, акыры тапкычакты эшиктен конок үйүнүн ээси — семиз голландык киши кирип келди. Ал бетинин түгү чыга түшүп, үнүнүн барынча бакырды: «Манжеттердин акысын сенин айлыгыңдан кармап калам». Кир кийимдердин үймөгү өзүнчө бир тоого айланып, Мартин буларды төлөш үчүн кеминде миң жыл иштеш керек экенин түшүндү.
Эми мейманканын ээсин жайлап салып, кир жуугучкананы өрттөп жиберүүдөн башка эч арга калган жок. Бирок семиз голландык аны жакасынан алып туруп, топтой өйдө ыргытып кирди. Ал аны үтүктөр турган үстөлдөн, темир мештен, кир таптагычтан, кир жууган жана кир сыккан машинелерден ары ыргытты. Мартин абада тарбалаңдап учуп, тиштери шакылдап, башы зыңылдап жатты; ошого карабай голландыктын күчүнө таңгала берди.
Анан ал кир таптаган дөңгөлөктүн жанына келип калды, бул жолу жуулган жана тапталган манжеттерди тиги учунан журналдын ээси жылдырып берип атыптыр. Ар бир манжет чекке айланып атты, бирок Мартин аларга канчалык кабатырлана үңүлгөнү менен алардын баары актай экен. Ал кир таптагычтын жанында миллион жылдар бою туруп алып чектерди бирден чубап чыгып, карап жатты, кокустан өзүнүн атына толтурулган бир да чекти өткөрүп жибербеске тырышып, абдан тыкандык менен карап жатты. Акыры самаганындай бир чек чыга келди. Мартиндин колдору калтырай түшүп, жарыкка жетти да чекти окуп кирди. Беш долларлык чек экен бул. Кир таптагычтын артына бекине калган басма кызматкери «ха-ха-халап» күлүп атыптыр. Мартин «Болуптур, мен сени азыр өлтүрөм», — деди да балта издеп коңшу бөлмөгө кирип барса, ал жакта кол жазмаларды крахмалдап Джо жүрөт. Жазгандарын сактап калайын деген Мартин Джону балта менен уруп калды эле, бирок балта баратып эле абада илинип туруп калды. Мартин бөлмөдөн атып чыгып, кайра кир таптагычка жетип келди, караса ал жерде кар тозоңун сапырган бороон бурганактап атыптыр. Жок, бул кар эмес, ар бири миң доллардан кем эмес, жерге батпай жайнаган чектер болчу. Ал аларды чогултуп, жүз даанасын бир таңгактан кылып, аны өзүнчө лента менен аспеттеп таңып жатты.
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.