Жек Лондон

Мартин Иден

Жек Лондон

— Мен окуганды билбейт, — деди Мария. — Тереза билет, ал мектеп барат.

Тогуз жашар Тереза кызча конвертти ачып, катты эжелеп окуй баштады. Мартин машинкенин эки айлык ижара акысын төлөө жөнүндөгү катуу талапты көңүлкош тыңшап отурду, оюнун баары кантип, каерден бир жумуш тапсам дегенде эле. Ошентип отурганда күтүлбөгөн жерден кулагына мындай сөздөр шак дей түштү:

— «Эгерде биз сунуштаган кыскартуулар менен өзгөртүүлөргө макул болсоңуз, — Тереза муун-муунга бөлүп окуду, — анда сиздин аңгемеңизге кырк доллар сунуштамайбыз...»

— Кайдан бул, кайсы журналдан? — кыйкырып жиберди, Мартин. — Берчи катты.

Ал көзүнүн ооруганын ошол замат унутуп коюп, катты жанталаша окуп кирди. Бул анын эң алгачкы «коркунучтуу» аңгемелеринин бири — «Айлампага» — кырк доллар сунуш кылыбаткан «Ак Чычкан» журналы болуп чыкты. Мартин катты кайра-кайра окуду. Редактор ага аңгеменин идеясын автор терең ачып көрсөтө алган эмес, бирок идеянын өзү оригиналдуулугу менен мыкты, андыктан айрым кемчиликтерине карабай, аңгемени журналга пайдаланууну чечтик деп ачык эле жазыптыр. Эгерде ал аңгемесинин үчтөн бир бөлүгүн кыскартууга уруксат берсе, кырк долларга чек токтоосуз түрдө ага жөнөтүлөрүн билдириптир.

Мартин колуна калем ала калып, редакторго аңгеменин үчтөн бирин гана эмес, төрттөн үч бөлүгүн кыскартууга да макул экенин айтып, бир гана өтүнүчү, чекти мүмкүн болушунча батыраак салып жиберсеңиз деп жазып жиберди.

Тереза катты почтонун кутусуна таштаганга чуркап кетти, Мартин жаздыкка башын коюп, ойлоно түштү. Демек, бул баары бир калп эмес экен да. «Ак Чычкан» кол жазманы кабыл алары менен төлөйт турбайбы. «Айлампа» үч миң сөздөн турган аңгеме эле. Анын үчтөн бир бөлүгүн алып таштаса, эки миң сөзү калат. Ошондо ар бир сөзүнө эки центтен туура келет экен — гезиттер чын айткан турбайбы! Ал «Ак Чычканды» үчүнчү сорттогу журнал деп жүрбөйбү. Анын журналдар жөнүндө таптакыр түшүнүгү жок тура! «Трансконтиненталды» баарынан мыкты эсептеген эле, бирок ал он сөзгө бир гана цент төлөп атпайбы! «Ак Чычканды» бекер эле тоготпой жүргөн экен, көрсө, бул журнал калем акыны башкаларга караганда жыйырма эсе кымбат, алтургай, акчасын чыгарма басыла электе эле төлөп коет турбайбы!

Бир нерсе эми ага айдан ачык болду: сакайгандан кийин жумуш издеп эч кайда барбайт да, убара болбойт. Анын мээсинде «Айлампадай» аңгемелердин жүзү турат, алардын ар бирин кырк доллардан эсептегенде, ар кандай башка кызматта иштегенден көбүрөөк табат. Ошентип ал күрөштү жеңилдим го деп турган чакта жеңип кетти. Көздөгөн максаты ордунан чыкты. Эми анын жолу ачык. “Ак Чычканды” багындыргандан кийин эми калган журналдарды өзүнүн тизмесине акырындык менен киргизе берет. Киреше табам деп майда-баратты жазганын таштап койсо деле болот, анткени алар ага бир доллар да апкелген жок. Эми чыныгы ишке киришет, өзүнүн болгон шыгын, чыгармачылык жалынын арнап иштейт. Ал мына эми чыныгы иштин үстүндө иштейт. Ушул жерден Мартин Руфь азыр жанымда болуп, жакшылыгыма кошо кубанса кандай жакшы болор эле деп каалап кетти. Анан күтүлбөгөн жерден чачылып жаткан каттардын арасынан Руфтан келген бир катты таап алды. Минтип алапайын таппай калганын кайдан билсин, Руфь аны эмнеге көрүнбөйсүң, келбейсиң, дайның чыкпай кетти деп жемелеген болуптур катында. Мартин катты көңүлү толкуп-ташып кайра-кайра окуду. Кусадар жүрөгү анын ар бир сабына, ар бир тамгасына суктана карап, аягында кыздын койгон колун эрдинен өпкөндөй назик өөп жиберди.

Ошо замат кат жазып, дурус деген жалгыз кастүмүн күрөөгө койгондуктан бара албаганын ачык эле айтты. Анан ооруп калганын, бирок эми сакайганын, эки жумадан соң кастүмү колуна тийген күнү (так ошо күнү Нью-Йорктон чек келмек) сөзсүз жетип бараарын кабарлады.

Бирок Руфь эки жума күткүсү келген жок. Сүйгөнү ооруп атса качан айыгат деп отурмак беле. Кыз эртеси эле күнү Артурду ээрчитип, эки дөңгөлөктүү жеңил араба менен Мариянын балдарынын оозун ачырып, кошуналарды таңгалдыра, Мариянын өзүнүн жүрөгүн түшүрүп, Мартиндин турагына жетип келди. Мария өзгөчө конокторду жарданып тегеректеп алган балдарын кулактарынан чойгулап, сөзгө келбеген колдураган тили менен сырткы кебетесинин шалаакылыгына кайра-кайра үзүр сурап атты. Колуна самындын көбүгү жабышып калыптыр, белдемчи кылып алдына тартып алган одуракай суу алжапкычынан эмне иш менен алектенип атканы меймандарга көрүнүп турду.  Келишимдүү кийинишкен жаш жигит менен жаш кыздын Мариядан Мартин Иден деген жигит ушул жерде турабы деп сураганы аны чексиз таңгалдырып, эсин оодаргангандыктан ичкери киргиле деп айтканды унутуп коюптур. Конокторго Мартин жаткан бөлмөгө кириш үчүн кирдин буусунан ченемсиз ысып кеткен ашкана аркылуу өтүүгө туура келди. Абдырап калган Мария байкуш уялганынан эшикти кармалап туруп калды эле, ошол замат сыркоо жаткан бөлмөгө буунун туманы, самын суу менен кир кийимдердин жыты толо түштү.

06.07.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.