Жек Лондон
Мартин Иден
— Шейшеп болсо керек. Мария кир жууп атат, — деди ал. — Мен бул жытка эчак көнүп калгам.
— Жо-ок, кандайдыр бир сиңип калган жагымсыз жыт!
Жооп айтаардан мурда Мартин абаны жыттап алды.
— Тамекиден башка жытты мен сезбей турам, — деди ал.
— Ии, так ошонун өзү! Мурдумду жарып кетип атат. Эмнеге мынча көп чегесиз, Мартин?
— Өзүм да билбейм. Кыязы, жалгыз отурганда эриккенден көп тартат болушум керек. Негизи бул эски адат. Мен тээ бала кезден бери эле тартып келатам.
— Бул жаман адат, — деди Руфь. — Бул жерде дем алып болбойт.
— Буга эми тамеки айыптуу. Анүстүнө эң арзанын тартам мен. Мына карап тур, кырк долларга чек алгандан кийин периштелердин жанында отуруп да тартса боло турган тамеки сатып алам. Чынында бул түзүк иш болду! Үч күндө эки кол жазма кабыл алынып жатат! Ушул кырк беш доллар менен болгон карызымдын баарын жаап салат экем.
— Бул эки жылдык иш үчүнбү? — сурады Руфь.
— Жок, бир апталык да ишке жетпейт. Мага үстөлдүн бурчунда жаткан тетиги боз мукабалуу китепчени берип койсоңуз.
Мартин китепчени ачты да бат-баттан барактап кирди.
— Ооба, туптуура. “Коңгуроо үнү” төрт күндө, “Айлампаны” эки күндө жазыптырмын. Бир жумалык иштен кырк беш доллар түшүп атат. Айына болсо жүз сексен доллар! Мындай маянаны мен башка кайдан тапмак элем? Бул башталышы гана болубатпайбы. Сиздин жашооңузду ойдогудай кылып бергенге мага миң доллар да жетмек эмес. Айына беш жүз доллар алганга мен канааттанбайт болчумун. Бирок адегенде башталышы үчүн кырк доллар деле жаман эмес. Мага даңгыр жолго чыгып алганга гана мүмкүнчүлүк бериңиз. Мына ошондо бардык трубалардан түтүн буркуратып жөнөп калабыз.
Баягы элирмеси кайра кармады деп ойлоду Руфтун анын айткандарын угуп отуруп.
— Сиз түтүндү азыр деле көп буркуратып атпайсызбы, — деди ал...— Кеп, тамекинин сапатында эмес. Сиз тамеки тартсаңыз да, тартпасаңыз да, мунун өзү жакшы адат эмес. Сиз тимеле эле басып жүргөн түтүн трубага же түтөп турган жанар тоого окшоп калыпсыз. Бул абдан жаман да, Мартин, сиз муну өзүңүз деле менден жакшы билип турасыз!
Руфь Мартинге эңкейди, Мартин Руфтун туптунук көздөрүнө жана назик жүзүнө сугун арта карап, кайрадан өзүнүн ага татыктуу эместей сезип кетти.
— Мен сизден тамеки чеккенди таптакыр таштап койсоңуз экен деп сурангым келет, — акырын шыбырады кыз, — мен үчүн ушинте аласызбы...
— Жарайт, — деди ошол замат Мартин. — Таштайм! Мен сиз эмне кааласаңыз баарын аткарам, кымбатым менин Руфь!
Руфтун ээлиге түштү. Ал Мартиндин кыңк этпей ийге келгенин көрүп, оюна бул келди: азыр мен андан жазганыңды ташта десем да жок дебестир. Бирок айтайын деп баратканы оозунан чыкпай калды. Айта албады, дааган жок. Сөз айткандын ордуна, ылдый эңкейип анын көкүрөгүнө башын койду да, жай гана шыбырады:
-Мартин, жаным, тамеки тартпа деп өзүм үчүн эмес, сиздин саламаттыгыңызды ойлогондон айтып жатам. Тамеки тарткан сизге зыян, минтип жаман адаттын кулу болгон жакшы эмес.
— Мен сиздин кулуңуз болом, — жылмайды ал.
— Андай болсо, мен сизге буйрук бере баштайын.
Руфь Мартинге кылтыя карап койду, ичинен өзүнүн жанагы каалоосун айта албай калганына өкүнүп калды.
— Сиздин улуу урматыңызга, ар кандай буйругуңузду аткарууга даярмын.
— Болуптур. Эмесе, бул менин сизге биринчи насаатым: күн сайын сакал-мурутуңузду алып жүрүүнү унутпаңыз. Антпесе, караңызчы, мойнумду тытып салдыңыз.
Ошентип ашыктардын кездешүүсү тамаша, эркелетишүү менен аяктады. Руфь аздыр-көптүр бирдемеге жетишкендей болду, биринчи эле жолу мындан көптү талап кылышка болбойт эле. Баарынан да Мартиндин тамекисин койдурганына аял катары чексиз сыймыктанып калды. Эмки жолу болсо, анын жазганын койдурат, эмне айтсаң баарын кың дебей аткарам деп Мартин эмеле убада кылбадыбы.
Руфь өйдө туруп, бөлмө ичин дагы бир жолу шашпай карады. Бөлмөнүн ортосунан керилген кир жайгыч жипке илинген кагаздарды байкады, билгичтик менен илинген велесепеттин илгичин көрдү, анан үстөлдүн астында дөбөдөй болуп үйүлүп жаткан кол жазмаларды көрүп кейий түштү: ушуларга корогон кайран гана убакыт! Кересин мешчеге көзү түшкөндө тимеле сүйүнүп кетти, андан ары карап отуруп, тамак-аш турчу тактайдын таптакыр кагырап бош турганын көрүп чебелене түштү.
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.